Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Sun05092021

жаңыланды12:00:00 PM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel
Back токтомдор Кабылан-Көл айыл өкмөтү Кабылан-Көл айыл өкмөтү 2020 Кабылан-Көл айыл өкмөтү 2020 8-9-10-11-12 отурум

Кабылан-Көл айыл өкмөтү 2020 8-9-10-11-12 отурум

User Rating: / 0
PoorBest 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 8-отурумунун

Т О К Т О М У

24. 12. 2019-жыл № 8/1 Кабылан – Көл айылы

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга башында бекитилген социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы.

-социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2020-жылга бекитүү жана 2021-2022- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоорун бекитүү жөнүндө.

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга башында бекитилген социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы.

-социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2020-жылга бекитүү жана 2021-2022- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоору боюнча айыл өкмөттүн билдирүүлөрүн угуп жана кызуу талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча билдирүү эске алынсын.

2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин.

3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча иш пландарынын аткарылышы боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.

4. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2021-2022 - жылдарга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу пландары бекитилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

 

Кабылан – Көл айылдык Кенешинин төрагасы:              Ш.Акаев

 



 

Кабылан-Көл айыл өкмөтунүн 2021-2022- жылдарга карата инвестициялык

долбоорлорун аткаруу боюнча божомолу жана анын иш чарасы

 

Долбоордун аталышы

Долбоордун жалпы сметалык баасы мин сом

Анын ичинен өздүк салымы мин сом

Айырмасы суралуучу акча мин сом

Кимдер тарабынан аткарылат

Аткаруу мөөнөтү

Күтүлүүчү жыйынтык

1

“Кабылан-Көл –Катта- Талдык” жолун кайра курууну улантуу

-

Респуб.бюджет.

Айыл өкмот

2020-ж

Элге жагымдуу шарт түзүү

2

Таза суу менен элди үзгүлтүксүз камсыз кылуу, таза суунун курулушун аяктоо, турак үйлөргө суу киргизүү

5000,0

900,0

2500,0

Кабылан –Көл а/ө

“Курбу-Булак” ИСКААКБсы

2020-2021-ж.ж

Элди таза суу менен камсыздоо

3

Кабылан- Көл айылындагы Курулуш айылынын жаны конушуна мамычаларды орнотуп, электр зымдарын тартуу

2500,0

250,0

2250,0

Кабылан –Көл а/ө

Стим.грант

2020-2021-жж

Калкты заманбап китепкана камсыз кылуу

4

Айыл ичиндеги жолдорго шагыл төшөө

500,0

-

-

А/ө башчы, демөөрчүлөр

2020-2021-жж

Элге шарт түзүү

5

Кабылан-Көл айылдык маданият үйүн куруу

2500,0

250,0

Кабылан –Көл а/ө

Стим.грант

2020-2021-жж

Элге жагымдуу шарт түзулөт

6

Спорт аянтчасын куруу

2,5млн

2,50мин

Кабылан –Көл а/ө

Стим.грант

2020-2021-жж

Элге жагымдуу шарт түзулөт

7

АРИС тарабынан чөп орунду жерлерди тосуу, экинчи долбоорду ишке ашыруу

400 миң

400 мин

АРИС

2020-2021-жж

Тоют мол топтолот

9

Кабылан-Көл бала бакчасына балдар ойноочу аянтча, ажаткана, беседка куруу

1,5млн

56,1

1,44

Кабылан –Көл а/ө

Стим.грант

2020-2021-жж

Элге, балдарга жагымдуу шарт түзүлөт

10

Көчөлөрдү иретке келтирүү жана жарыктандыруу, экинчи долбоорун ишке ашыруу

90,0

90,0

-

Кабылан –Көл а/ө

2020-2021-жж

Элге жагымдуу шарт түзулөт

11

Жаныдан курулган айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын айланасын жашылдандыруу

50 мин

30мин

-

Кабылан –Көл а/ө

2020-ж

Элге , кызматкерлергежагымдуу шарт түзулөт

12

Жайыт жолдорун оңдоо

200 миң

200 миң

200 миң

Кабылан –Көл а/ө

2020-2021-жж

Элге жагымдуу шарт түзулөт

13

Күңгөй баштооч мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү

2,5 млн

2325000

175000

Кабылан –Көл а/ө

Стим.грант

2020-2021-жж

Элге, балдарга жагымдуу шарт түзүлөт

14

Э.Мурзаев ат.орто мектебинин айланасын жашылдандыруу

100 мин

Кабылан –Көл а/ө

2020-2021-жж

Элге, балдарга жагымдуу шарт түзүлөт

 

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы: Г.Мадаев

 

Экономист-статист: Абдылда уулу З

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 8-отурумунун

Т О К Т О М У   №8/2

24. 12. 2019-жыл                                                                                                                Кабылан – Көл айылы

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2018-жылга аткарылышы, 2019-жылга маалыматы, 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2018-жылга аткарылышы, 2019-жылга маалыматы, 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Сагынбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 8 – отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2018-жылга киреше бөлүгү 8735,7 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 759,8 миң сом, теңдөөчү грант 4309,0 миң сом, атайын каражаттар 140,0 миң сомго республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средства передаваемый) 1270,7 миң сомго, откөн жылдан калган калдык 999,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү 6257,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 5389,4 миң сомго, анын ичинен теңдөөчү грант 3851,6 миң сомго, өздүк кирешеси 1537,8 миң сомго (анын ичинен атайын каражаттар 140,0 миң сом) бекитилсин.

3. 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 5431,1 миң сомго, анынг ичинен: теңдөөчү грант 3662,3миң сом, өздүк киреше 1768,8 миң сомго (анын ичинен атайын каражаттар 140,0 миң сом), 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 5481,0 миң сомго, анын ичинен: теңдөөчү грант 3640,2 миң сом, өздүк киреше 1840,8 миң сомго (анын ичинен атайын каражаттар 140,0 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.

4. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.

5. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Мадаевге милдеттендирилсин.

 

 

Кабылан – Көл айылдык Кенешинин төрагасы: Ш.Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 8-отурумунун

Т О К Т О М У

24. 12. 2019-жыл № 8/3 Кабылан – Көл айылы

 

Кабылан – Көл айылдык кеңешинин 2020– жылга перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө

Кабылан-Көл айылдык кенешинин 5-чакырылышынын регламентинин негизинде айылдык кенештин төрагасы Ш.Акаевдин 2020-жылга түзгөн перспективалык иш планын талкуулап

Кабылан – Көл айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2020 – жылга перспективалык иш планы кошумчаларды киргизүү менен бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)

2. Кабылан-Көл айылдык кеңешинин перспективалык иш планында көрсөтүлгөн иш-пландардын аткарылышына жетишүү кеңештин туруктуу комиссияларына, депутаттарына кеңештин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.

 

 

 

Кабылан – Көл айылдык Кеңешинин төрагасы: Ш. Акаев

 



 

“БЕКИТЕМИН”

Кабылан-Көл айылдык Кенешинин

төрагасы____________ Ш. Акаев

“______”____________2020-жыл

 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 2020-жылга перспективалык

ИШ ПЛАНЫ

 

Каралуучу маселе

Даярдоочу туруктуу комиссия

Өткөрүү мөөнөтү

Маалымат берүүчү

I квартал

1

Ашыкча ысырапкерчилик, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча айыл окмөттүн жургүзгөн иштери

Социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы

I квартал

Айыл башчылар Кадыркулов У.

Темирмамт уулу А.

2

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык китепкананын элди тейлөөдөгү жүргүзгөн иштери жөнүндө

Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы

I квартал

Айылдык китепкананын башчысы

3

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын, арендалардын жана жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө.

Бюджет, салык жана финансы б-ча туруктуу комиссиясы.

I квартал

Салык боюнча башкы адис К.Абжалиев

Жайыт комитетинин төрагасы С.Сактанов

4

Кабылан-Көл айыл- өкмөтундөгү Аксакалдар соту,ардагерлер кенеши Жаштар комитети менен ИИМ кызматкери менен байланышта иш алып баруусу жөнүндө.

Мыйзамдуулук этика маселелери боюнча туруктуу комисиясы.

I квартал

КААБдын торайымы К.Топчуева

II Квартал

1

Калктын саламаттыгын сактоодо жана айыл ичиндеги санэпидемиологиялык тазалыктардын сакталышы боюнча үй бүлөөлүк дарыгерлердин иштеринин аткарылышы жөнүндө

Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы.

II квартал

ФАПтын жетекчиси Г.Алибаева

2

Кабылан-Көл айылындагы балдар бакчасынын жүргүзгөн иштеринин абалы

Билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы

II квартал

Бала бакчанын башчысы

3

Калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнун абалы, малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу жонундо.

Жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясы.

II квартал

Вет.инспектор Д.Ташполотов

4

Айыл аймагындагы үй салууга жарактуу жерлерди документтештирүү жана жарандарга жер чектеп берүүнүн абалы жөнүндө

Жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясы

II квартал

Жер адиси С.Сактанов

III Квартал

1

Аялдар арасында гендердик саясат жана түрдүүиштерди жүргүзүүбоюнча иштерди жүргүзүү

Маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы.

III квартал

Аялдар кенеши З.Абдыкадырова

2

Кабылан -Көл айыл окмотундогу калкты таза суу менен камсыз кылууда Курбу –Булак ишканасынын аткарган иштери жөнүндө.

Бюджет, салык жана финансы б-ча туруктуу комиссиясы.

III квартал

“Курбу -Булак “ СООПВсынын жетекчиси

3

Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектебинин жана Кабылан-Көл бала бакчасынын жаны окуу жылына, соц. объектилердин ремонт иштеринин абалы жөнүндө

Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы.

III квартал

Мектеп директорлору, бала бакча жетекчиси

4

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн элдин маданиятын көтөрүүдө аткарган иштери жөнүндө

Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы

III квартал

Маданият үйүнүн директору С.Эргешов

IV Квартал

1

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө жогорку органдардан келген документтердин, аттуулдардан түшкөн арыз даттануулардын аткарылышы жөнүндө

Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

IV квартал

Жооптуу катчы Г.Сарыбаева

2

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге чакырылууснун жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө

Бюджет, салык жана финансы б-ча туруктуу комиссиясы.

IV квартал

ВУС инпектору С.Сыдыков

3

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык соц. объектилердин , мекемелердин кышка карата даярдыгы жөнундө.

Жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясы

IV квартал

Мекеме жетекчилери

4

Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектебинин 1-4-класстарга берилүүчү шашке чайдын абалы жана Кабылан-Көл бала бакчасынын тамак ашынын сапатын кароо жөнүндө

Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы.

IV квартал

мектеп директорлору,

бала бакча жетекчиси

5

Камкорчулар кенешинин жүргүзгөн иштери боюнча отчету

Бюджет, салык жана финансы б-ча туруктуу комиссиясы.

IV квартал

Түзүлгөн комиссия, ата-энелер комитети

6

Зарылчылыкка,учур талабына жараша пайда болгон маселелрди кароо

Бардык туруктуу комиссиялар

өз учурунда

 

 

Кабылан-Көл айылдык Кенешинин төрагасы:      Ш.Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 8- отурумунун

 

Т О К Т О М У

24. 12. 2019-жыл № 8/4 Кабылан – Көл айылы

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт акысынын баасын бекитүү жана жерлерин сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8- беренесинин негизинде, ошондой эле “ Жайыт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4- беренесине ылайык жана элдик чогулуштардын протоколунун негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV- чакырылышынын 37- отуруму жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.

 

2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин: 2020- жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү : Ири мүйүздүү малдар - бир баш үчүн 50 сом; кой - эчкилер - бир баш үчүн 10 сом; жылкылар - бир баш үчүн 50сом; сырттан келген ири мүйүздүү малдарга

жайкы сезон үчүн - бир баш малга 200 сом ; сырттан келген кой - эчкилерге - бир баш үчүн 50 сом ;

3. 2020-жылга аткарылуучу план 120 000 (жүз жыйырма миң) сомго бекитилсин.

4. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланулуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга багыттоо милдети жүктөлсүн.

 

5. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге көзөмөлдөө жагы жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы:      Ш.Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 8- кезектеги отурумунун

 

ТОКТОМУ

 

Кабылан- Көл айылы № 8/5 24 . 12. 2019-жыл

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнү ишке ашыруу максатында Департаменттин кол коюлган келишимди бекитүү жөнүндө

 

“Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келишимдин шарттары жана өткөрүп берилүүчү ыйгарым укуктардын тизмеги менен таанышып, угуп талкулап Кабылан- Көл айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2019-жылдын 20-декабрындагы № 231/8343 сандуу каты жетекчилике алынып, аткарылышы камсыз кылынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына

берүүнү ишке ашыруу максатында Департаменттин кол коюлган “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтү менен түзгөн келишими бекитилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышы Кабылан- Көл айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

 

 

 

 

Кабылан- Көл айылдык кенешинин төрагасы:    Ш. Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 8- отурумунун

 

Т О К Т О М У

 

24. 12. 2019-жыл № 8/6 Кабылан – Көл айылы

 

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Баткен согушунун катышуучуларын салыктан бошотуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы салык кодексинин негизинде Республикалык Баткен согушунун Ардагерлер Кеңеши коомдук бирикмесинин Алай районундагы филиалынын 2019-жылдын 23-октябрындагы № 48/48 сандуу катында берилген Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Баткен согушунун ардагерлеринин тизмесин карап чыгып, Кабылан-Көл айылдык Кеңеши

 

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

 

1. Республикалык Баткен согушунун Ардагерлер Кеңеши коомдук бирикмесинин Алай районундагы филиалынын 2019-жылдын 23-октябрындагы № 48/48 сандуу каты жетекчилике алынып, аткарылышы камсыз кылынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы салык кодексинин негизинде Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Баткен согушунун ардагерлеринин тизмеси такталып, жергиликтүү салыктардан 50 пайызга мыйзамдын чегинде бошотулушсун.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышы Кабылан- Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге жана айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

 

 

 

 

 

 

Кабылан- Көл айылдык кенешинин төрагасы:      Ш. Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 9-кезектеги отурумунун

 

Т О К Т О М У

 

Кабылан-Көл айылы № 9/1 04. 02. 2020 -ж

 

 

Ашыкча ысырапкерчилик, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча айыл өкмөттүн жүргүзгөн иштери жөнүндө

 

 

Ашыкча ысырапкерчилик, каада салт, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча айылдык кенештин депутаты Маматумаров Жоомарттын маалыматын угуп талкуулап, Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 9-отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каада салт, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен айыл өкмөтүнүн калкынын жашоо турмушундагы экономикалык пайдубалын бекемдөө жана коомдук тартипти сактоо бүгүнкү отурумдун негизги максаты болуп эсептелсин.

2. Ашыкча каада салт, ырым-жырымдарды ыксыз чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууда айыл өкмөтүндөгү ардагерлер, аялдар, жаштар кеңештеринен, айыл аксакалдарынан, айыл имамдарынан кошулуп, атайын комиссия түзүлсүн, жамааттарда ашыкча каада тутунууга жол бербөө, ага кетүүчү ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен натыйжалуу иш алып барылсын.

3. Айыл өкмөтүндөгү аппарат кызматкерлерине, мекеме-ишкана жетекчилерине жана кызматкерлерине, дин өкүлдөрүнө, жергиликтүү кенештин депутаттарына комиссиянын курамы менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана активдүү катышуу жоопкерчилиги жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кабылан - Көл айылдык Кеңешинин төрагасы:       Ш. .Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 9-кезектеги отурумунун

 

Т О К Т О М У

 

Кабылан-Көл айылы № 9/2 04. 02. 2020 -ж

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык китепкананын элди тейлөөдөгү жүргүзгөн иштери жөнүндө

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык китепкананын элди тейлөөдөгү жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө депутат Кулчакова Венеранын маалыматын угуп, талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык китепкананын элди тейлөөдөгү жүргүзгөн иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен иштин жүрүп жаткандыгы белгиленсин.

 

2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калкты тейлөөдө алгылыктуу кызмат көрсөтүү, өз убагында китептерди тактап, карточкаларды түзүү айылдык китепкананын башчысы Асел Омуралиевага милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы

Г.Мадаевге , көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына

тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы : Ш.Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 9-кезектеги отурумунун

 

Т О К Т О М У

 

Кабылан-Көл айылы № 9/3 04. 02. 2020 -ж

 

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын, арендалардын жана жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын , арендалардын жана жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө депутат Н.Масабировдун билдирүүсун угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

 

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын , арендалардын жана жайыт комитетинин пландары толук аткарылгандыгы белгиленсин.

 

2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн ижарага берилген жерлердин аренда акысы үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо жайыт комитетинин төрагасы С.Сактановго жүктөлсүн.

 

3.. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктарды өз убагында жыйноо планды мезгилинде аткаруу салык боюнча башкы адис К.Абжалиевге милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Мадаевге жүктөлсүн жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

 

Кабылан - Көл айылдык Кеңешинин төрагасы: Ш. .Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 9-кезектеги отурумунун

 

Т О К Т О М У

 

Кабылан-Көл айылы № 9/4 04. 02. 2020 -ж

 

 

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, ардагерлер кенеши , Жаштар комитети менен ИИМ кызматкери менен байланышта иш алып баруусу жөнүндө

 

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, ардагерлер кенеши , Жаштар комитети менен ИИМ кызматкери менен байланышта иш алып баруусу жөнүндө депутат Таирбек уулу Бегалынын маалыматын угуп, талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, ардагерлер кеңеши, Жаштар комитети менен ИИМ кызматкери менен байланышта иш алып баруусу айылдагы тарбиялык иштер боюнча аткарган иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен бир топ иштер алып барылгандыгы белгиленсин.

 

2. Айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, ардагерлер кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча мындан ары алгылыктуу иш аракеттерди алып баруу Аксакалдар сотунун төрагасы К.Абдымомуновго, Ардагерлер кенешинин төрагасы Д.Ташполотовго жана жаштар комитетинин төрагасы Б.Акылбековго милдеттендирилсин.

 

3 Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Кабылан - Көл айылдык Кеңешинин төрагасы:   Ш. .Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын кезексиз 10- отурумунун

 

Т О К Т О М У

 

Кабылан-Көл айылы № 10/1 25. 03. 2020-ж.

 

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү элди жайлоого көчүрүү жана чөп орунду жерлерди коруй турган кароолдорду шайлоо жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8- беренесинин негизинде, ошондой эле “ Жайыт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4- беренесине ылайык жана элдик чогулуштардын протоколунун негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү элди жайлоого көчүрүүдө түшүндүрүү иштерин алып барылсын. Убагында жайлоого көчүрүүнү колго алуу Кара-Жыгач, Курулуш айылдарынын айыл башчысы Кадыркулов Убайдиллага жана Кабылан-Көл, Күңгөй айылдарынын айыл башчысы Темирмамат уулу Аматбекке жүктөлсүн.

Айыл аймагындагы чөп орунду жерлерди коруй турган кароолдор төмөдөгү айылдарда шайлансын:

Кара-Жыгач айылына: Акылбеков Абдибаит,

 

Кабылан-Көл айылына: Камчыев Кумар

Ормошов Эргеш

Курулуш айылына Пусуров Жээнали

 

Күңгөй айылына: Кадыркулов Шумкар

Эшаров Эрназар

 

2. Чөп орунду жерлерге малдарды чыгарбоо, чыккан малдарды айдап түшүп, кароолканаларга камоо, элдин малына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу кароолдорго жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге көзөмөлдөө жагы жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 11-отурумунун

Т О К Т О М У

Кабылан-Көл айылы № 11/1 10-апрель 2020-жыл.

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылдын 2-кварталына бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын кезексиз 11- отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылынын 2-кварталына бекитилген сметасындагы үнөмдөлгөн беренелерден зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдыруу жагы каралсын

Бөлүм

Бөлүмдөрдүн аталышы

Берене

Өзгөртүлгөң сумма

Кварталдар ичинде

2

3

4

70111

Аппарат

2212

12,0

12,0

12,0

-6,0

-6,0

70111

Аппарат

2231

14,5

14,5

70111

Аппарат

2823

14,5

-14,5

70221

Коргонуу

2215

35,0

35,0

70491

Эконом-к маселелер

2215

12,0

12,0

-12,0

6,0

6,0

70862

Мад. массал. иш чарага

2215

35,0

-35,0

73,5

73,5

0,0

0,0

0,0

 

3. Жогорудагы акча каражатын 2020-жылдын 2-кварталына бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Г. Мадаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Сагынбаевге милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Н. Масабировго милдеттендирилсин.

 

 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы: Ш.Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 12-отурумунун

 

Т О К Т О М У

 

Кабылан – Көл айылы № 1 2/ 1 05.06. 2020 -жыл.

 

Калктын саламаттыгын сактоодо жана “Коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу, адамдардын арасында байланыштарды азайтуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, сырттан келген жарандарды каттоо жана түшүндүрүү иштеринин аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги “Коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу, адамдардын арасында байланыштарды азайтуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №71 Жарлыгын турмушка ашыруу жөнүндө Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калктын саламаттыгын сактоодо жана “Коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу, адамдардын арасында байланыштарды азайтуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, сырттан келген жарандарды каттоо жана түшүндүрүү иштеринин аткарылышы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

 

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калктын саламаттыгын сактоодо жана “Коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу, адамдардын арасында байланыштарды азайтуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, сырттан келген жарандарды каттоо жана түшүндүрүү иштерин алып баруу айыл башчыларга жана айылдык эмкананын медицина кызматкерлерине милдеттендирилсин.

 

2. Коронавирус илдетине каршы иш-чараларды алдын-ала жүргүзүү, айыл аймагындагы медицина кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруу, коронавирус илдетине шектүү болгон жана башка жактан келген жарандардын тизмесин ар тараптуу медицина кызматкерлери тарабынан такталуусуна, аткаруусуна көзөмөлдүк кылуу, айылдарга залалсыздандыруу иштерин жүргүзүү жана башка илдетке каршы бардык алдын алуу иш-аракеттерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана демилгелүү топторго жүктөлсүн.

 

3. Кабылан-Көл айыл аймагында коронавирусдук инфекциясын (COVID-19) коркунучунун алдын алуу, жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча иш-чараларынын жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн тургундарынын ден соолугуна кам көрүү үчүн айыл өкмөтүнө келген гуманитардык жардамдарды муктаж болгон жарандарга даректүү жеткирүү атайын буйрук менен бекитилген комиссиясынын чечими менен гана көзөмөлгө алынып таркатылсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы : Ш.Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 12- отурумунун

 

 

Т О К Т О М У

 

Кабылан-Көл айылы № 12/2 05. 06. 2020 -ж.

 

 

Айыл өкмөтүндөгү Кабылан-Көл бала бакчасынын аткарган иштеринин абалы жөнүндө

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү “Кабылан-Көл” бала бакчасынын жүргүзгөн иштеринин абалын жеринде көрүп талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

 

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү “Кабылан-Көл” бала бакчасынын аткарган иштери жана тамак ашынын сапатын айрым кемчиликтерди эске алуу менен окуу жылына даяр деп белгиленсин.

2. Аталган бала бакчанын жаңы окуу жылына карата даярдыктары жана тамак ашынын сапатын кароо боюнча камкордуктарды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Мадаевге жана бала бакчанын жетекчиси К.Жумалиевага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык маданий иштер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы : Ш. Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 12-отурумунун

 

Т О К Т О М У

 

Кабылан-Көл айылы № 12/3 05. 06. 2020 -ж.

 

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жөнүндө.

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча ветеринардын аткарган иштеринин абалы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

 

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча ветеринардын ишинин аткарылып жаткандыгы белгиленсин.

2. Калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча убагында эмдөөлөрдү жүргүзүү, эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу ветеринар Д. Ташполотовго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Мадаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы : Ш.Акаев

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 12-отурумунун

 

Т О К Т О М У

 

Кабылан-Көл айылы №12/4 05. 06.2020-ж

 

 

Кабылан-Көл айыл аймагындагы үй салууга жарактуу жерлерди документтештирүү жана жарандарга жер чектеп берүүнүн абалы жөнүндө

 

Кабылан-Көл айыл аймагындагы үй салууга жарактуу жерлерди документтештирүү жана жарандарга жер чектеп берүүнүн абалы жөнүндө талкуулап, Кабылан – Көл айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Турак жай салуу үчүн жер сурап кайрылган жарандардын арыздарын карап, Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү трансформация боло турган төмөндөгү жерлер: Кара-Жыгач айылынын Көп-Кыштоо участкасынан 10га, Кабылан-Көл айылынын Ак-Талаа участкасынан 4 га, Курулуш айылынын Курулуш участкасынан 3 га, Курулуш айылынын Сай участкасынан 10 га, Күңгөй айылынын Саз участкасынан 2 га жер аянттары трансформация кылынсын.

 

2. Трансформация кылуу үчүн тиешелүү мекемелерден: райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан , райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, райондук экотехинспекциясынан иш кагаздары бүткөндүгү белгиленсин жана ГПИ Кыргыз гипрозем институтунун Ош филиалына билдирүүлөр берилип, жооптору алынсын. Жогорудагы жерлер трансформация болгондон кийин турак жай салууга жер сурап кайрылган жарандардын арыздары канааттандырылып жер бөлүнүп берилсин.

 

3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү трансформация боло турган жерлерди документештирүү боюнча иш аракеттерди өз убагында аткаруу жер адиси С.Сактановго жүктөлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы : Ш.Акаев