Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Fri11162018

жаңыланды10:35:41 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel
Back Жарыя Бош орунга сынак жарыяланат

Бош орунга сынак жарыяланат

Алай райондук мамлектеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат орунуна

Ачык сынак жарыялайт:

1. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын экономика, финансы, өнөр жай, курулуш, коммуникация жана ишкерликти колдоо боюнча башкы адистик бош мамлекеттик кызмат орунуна сынак жарыялайт.

Жогоруда аталган мамлекеттик кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

-жогорку билимдүү,экономика, финансы, айыл чарба адистиктери боюнча

артыкчылык берилет;

-мамлекеттик жана официалдуу тилди билүүсү;

-персоналдык компьютерде иштей билүүсү (Word, Excel)

-кенже кызматтардагы кеминде бир жылдык мамлекеттик кызмат стажы же

адистиги боюнча кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы;

Функционалдык милдеттери:

-Айыл өкмөттөрдөгү калктуу конуштарда, эмгек коллективтеринде эл менен жолугушуу жыйындардын өткөрүлүшүн уюштурат, протоколдорун чогултат, айтылган сын-сунуштар боюнча иш-чара түзүп, акимдин буйругу менен бекиттирип, аткарылышын уюштурат;

-Айылдык кеңештердеги, айыл өкмөттөрдөгү  жүргүзүлгөн уюштуруу-массалык иштерин тейлеген кураторлор аркылуу көзөмөлдөп, жалпылайт, сессиялардын, айыл өкмөттөрүнүн заседанияларынын конституциялык мөөнөттөрдө өткөрүлүшүн көзөмөлдөйт, ай сайын жыйынтыктайт;

-Раймамадминистрациянын аппарат жетекчисинин жетекчилигинде раймамадминистрациянын аппаратынын кызматкерлери аркылуу уюштуруу иштерин камсыз кылат;

-раймамадминистрация башчысынын буйруктарынын, токтомдорунун тейлеген мекеме-ишканаларда, айыл өкмөттөрдө аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

-раймамадминистрация башчысынын токтомдорунун, буйруктарынын ж.б. иш кагаздарынын долбоорун даярдайт;

-тейлеген мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрүнүн иштерин анализдейт жана талдайт;

 

2. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын экономика, финансы, өнөр жай, курулуш, коммуникация жана ишкерликти колдоо боюнча  адиси бош мамлекеттик кызмат орунуна сынак жарыялайт.

Жогоруда аталган мамлекеттик кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

-жогорку билимдүү, ,экономика, финансы, айыл чарба адистиктери боюнча

артыкчылык берилет;

-мамлекеттик жана официалдуу тилди билүүсү;

-персоналдык компьютерде иштей билүүсү (Word, Excel)

Функционалдык милдеттери:

-Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарлары жана аппарат жетекчисинин түздөн-түз жетекчилигинин астында иштейт жана төмөндөгү милдеттерди аткарат:

-Аткаруу бийлик органдарынын, мекеме-ишканалардан раймамадминистрациясынын кароосуна коюла турган маселелерди даярдоого, ар тараптуу анализдөө үчүн жана раймамадминистрация кабыл алган чечимдердин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу үчүн зарыл болгон билдирүүлөрдү талап кылып алууга ;

-Раймамадминистрациянын иш-пландарында каралган маселелерди тейлеген тармактарга карата иш алып барат;

-Өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып барат, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт;

- Технадзор менен бирдикте транспорттук каражаттардын техникалык кароодон өткөрүлүшүн көзөмөлдөйт;

- Райондогу орто жана чакан бизнестин уюштурулушуна, ишкерликти колдоо иштерине жооп берет, райондо туризмдин өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына арыз;

2. Паспорт;

3. Кадрлардын каттоосу боюнча өздүк баракча;

4. Өмүр баян (өз колу менен);

5. 4х6 өлчөмөндөгү 2 даана, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

6. Резюме;

7. Дипломдун көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган);

8. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган);

9. Сунуш-пикир 3 көз карандысыз адамдан.

10. Соттолбогону тууралуу маалымат.

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге сынактын мөөнөтү жана орду боюнча кошумча маалымат берилет.

Сурап билүү телефону 5-11-65, 5-14-10

Документтерди  кабыл алуу  гезит бетине чыккандан кийин 10 күндөн кийин конкурс өткөрүлөт.