Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Sat08242019

жаңыланды11:27:04 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel

Кабылан-Көл 7/1-9/4

User Rating: / 0
PoorBest 

Кабылан-Көл айылдык  Кеңешинин IV чакырылышынын 7-заседаниесинин

Т О К Т О М У № 7/1

Кабылан – Көл  айылы                                                                                                                   17.02.  2016-жыл

Кабылан-Көл  айыл  өкмотүнүн  2014-жылда социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын 2015-жылга аткарылышы. 2016-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча планынын бекитүү жана 2017-2018- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоорун бекитүү жөнүндө.

Кабылан-Көл  айыл  өкмотүнүн  2014-жылда  социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын  2015-жылга  аткарылышы.   2016-жылга  карата  социалдык экономикалык  өнүгүүсү боюнча  планынын бекитүү   жана 2017-2018- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүү      боюнча планынын  долбоору боюнча талкуулап     Кабылан-Көл  айылдык   Кеңеши

Т О К Т О М       К Ы Л А Т  :

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн  2015-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын  аткарылышы  эске алынсын.

2. Кабылан-Көл  айыл өкмөтүнүн  2016-жылга  карата  социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча   планынын долбоору  жактырылсын  жана  бекитилсин.

3. Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн   2016-жылга  карата  социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча иш пландарынын аткарылышы боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айыл өкмөтүнүн  аппарат кызматкерлерине мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.

4. Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн   2017-2018 - жылдарга  карата социалдык  экономикалык жактан өнүгүүсүнүн  болжолдуу  пландары бекитилсин.

5. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө   жагы  айылдык  Кеңештин  төрагасына жана айылдык  кенештин туруктуу   комиссияларына  жүктөлсүн.

Кабылан – Көл айылдык Кенешинин төрагасы: У.Кадыркулов



 

Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн  2016-2018- жылга  карата социалдык –экономикалык  өнүгүү  боюнча  инвестициялык    долбоорлорунун  аткарылышынын  божомол  планы

Долбоордун  аталышы

Долбоордун  жалпы сметалык  баасы  мин  сом

Анын  ичинен  өздүк салымы мин  сом

Айырмасы суралуучу акча  мин  сом

Кимдер  тарабынан  аткарылат

Аткаруу мөөнөтү

Күтүлүүчү жыйынтык

1

Кабылан- Көл айылындагы балдар бакчасына көмүркана  куруу

71,00

-

-

Айыл өкмөт демөөрчүлөр, жентекчилик

2016

Балдарга  жагымдуу  шарт  түзүү

2

“Кабылан-Көл –Катта- Талдык” жолуна  шагыл  төгүү

500,0

500,0

-

Айыл өкмот демөөрчүлөр,

2016

Элге  жагымдуу  шарт  түзүү

3

Таза  суу  менен элди  үзгүлтүксүз  камсыз  кылуу, рзервуар  куруу

5000,0

900,0

2500,0

Кабылан –Көл  а/ө

2016-2018ж.ж

Элди  таза  суу  менен  камсыздоо

4

Кабылан- Көл айылындагы  китепкананын курулушу

2500,0

250,0

2250,0

Кабылан –Көл  а/ө

Стим.грант

2016-2018-жж

Калкты  заманбап  китепкана камсыз  кылуу

5

Айыл  ичиндеги жолдорго  шагыл төшөө

500,0

-

-

2016-ж

Элге  шарт түзүү

6

Уз  аялдарды  колдоо  боюнча кичи цех  уюштурууга  жетишүү

240.0

24,0

-

Кабылан-Көл а/ө донор издөө

2016-2018-жж

Аялдарды  колдоо

7

Кара- Жыгач айылынан Курулуш айылына машина өтүүчү көпүрө  куруу

160,0

16,0

-

ӨКМ, Кабылан –Көл  а/ө, Жамааттар

2016-ж

Элге жагымдуу шарт түзүү

8

Э. Мурзаев  орто мектебинин  жанына жаны  мектеп  куруу.

5000,0

Республ.бюджет

2016-2017-жж

Окуучуларды  заманбап  окуу корпусу  менен   камсыздоо

9

Күңгөй  айылына  ФАП  куруу

1722,77

Кабылан –Көл  а/ө

Стим.грант

2016-ж

Элди саламаттыгын  сактоо

10

Кабылан-Көл  айылдык  маданият  үйүн  куруу

2500,0

250,0

2250,0

Кабылан –Көл  а/ө

Стим.грант

2016-2018-жж

Элге  жагымдуу  шарт  түзулөт

Кабылан-Көл  айыл өкмөтүнүн башчысы: Т .Камилов

Экономист-статист:                                                                              Абдылда  уулу З.



 

Кабылан-Көл айылдык  Кеңешинин IV чакырылышынын 7-заседаниесинин

Т О К Т О М У № 7/2

Кабылан – Көл  айылы                                                                                                                    17.02. 2016-жыл

Кабылан – Көл айыл  өкмөтүнүн   2015 –жылдын бюджетинин  аткарылышы,  2016-жылдын бюджетин бекитүү жана  2017 – 2018– жылдардын бюджетинин божомол  долбоорун  бекитүү  жөнүндө.

Кабылан – Көл айыл  өкмөтүнүн   2015 –жылдын  бюджетинин  аткарылышы, 2016-жылдын бюджетин   бекитүү жана  2017 – 2018– жылдардын бюджетинин   божомол  долбоорун  бекитүү  жөнүндө  айыл өкмөтүнүн    билдирүүсүн  угуп Кабылан – Көл  айылдык  Кеңешинин  заседаниеси

Т О К Т О М         К Ы Л А Т:

  1. Кабылан – Көл  айылдык  Кеңешинин  2015 – жылга  бюджетинин  киреше  бөлүгү       4681,9  миң  сомго,  чыгаша  бөлүгү  4562,3  миң  сомго  башкача  айтканда  119,6 миң  сомго  ашыкча  аткарылгандыгы  белгиленсин.
  2. 2016 – жылдын  бюджетинин  киреше   жана  чыгашалары 4761,4 миң  сомго  белгиленсин. Анын  ичинен толуктоочу грант 4043,3 миң сом,     өздүк   кирешелер 718,1 миң сомго белгиленсин.
  3. 2017– жылдын  бюджетинин  долбоору  4487,7 миң сомго, анын ичинен:  толуктоочу грант 3735,6миң сом ,  өздүк киреше  752,1 миң сомго ,

2018 – жылдын  долбоору  4599,8  миң сомго анын ичинен:  толуктоочу грант 3786,7 миң сом , өздүк киреше  813,1 миң сомго  белгиленсин.

4. 2016-жылдын бюджетинин кирешелери жана чыгашалары тиркемелердеги  эсептерге ылайык аныкталсын.

5. Айыл  өкмөтүнүн   ичинде,  акча  каражаты жетишпеген  кээ  бир  статьяларга,  башка  статьялардан  которуп  жумшоо  жана  пландан  ашыкча  аткарылган  акча  каражатын  муктаж  болгон  статьяларга  бөлүп  берүү  айылдык  Кеңештин  бюджеттик  экономикалык  туруктуу  комиссиясынын  макулдугу  менен  айылдык  Кеңештин  чечиминин  негизинде  уруксат  берилсин.

6. Айылдык  Кеңештин  2016– жылдагы  бюджетинин  сметасынын  кирешелер  жана  чыгашалар  бөлүгүнүн  ар  бир  статьясынын  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы  айылдык  Кеңештин  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

Кабылан – Көл айылдык Кенешинин төрагасы: У.Кадыркулов

 




Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин IV чакырылышынын
7-заседаниесинин

Т О К Т О М У № 7/3

Кабылан – Көл  айылы                                                                                                                                         17.02. 2016-жыл

Айыл  өкмөтүнүн  балансына  кириштелбеген негизги  каражаттардын  баланска кириштелиши, авариялык  абалдагы  соц. объектилердин каражаттарын  мыйзамдуу  түрдө  баланстан чыгарылышы жөнүндө.

Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн  балансына  кириштелбеген  негизги  каражаттардын  баланска  кириштелиши,  документи  жок социалдык  объектилердин  документтерин  тактоо , айрым  эски  авариялык  абалдагы  соц. объектилердин каражаттарын  мыйзамдуу   түрдө  баланстан  чыгарылышы  жөнүндө  талкуулап  Кабылан – Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

1. Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн  балансына  кириштелбеген  негизги  каражаттар  баланска  кириштелсин. Айыл өкмөтүнө  келген каражаттарды    өз  максатында  пайдаланып, өз  убагында  айыл өкмөткө кириштеп тиешелүү   иштерди  жүргүзүү  жагы   айыл  өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы  Н.Сагынбаевге   тапшырылсын.

2. Документи  жок социалдык  объектилердин  Э.Мурзаев  атындагы  орто  мектебинин жана  Күнгөй  баштооч мектебинин документтерин  тактоо  мектеп  директорлоруна жүктолсүн. Тиешелүү  документтерин  тактап  берүү  жагы  райондук жерге жайгаштыруу жана  кыймылсыз  мүлккө укукту каттоо  башкармасына  сунуш кылынсын.

3.  Айыл өкмөтүндө  эскилиги  жетип,  авариялык  абалдагы   социалдык  объектилердин  каражаттары  мыйзамдуу   түрдө  баланстан  чыгарылсын.

4. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө   жагы  айыл  өкмөтүнүн башчысына, айылдык  Кеңештин  төрагасына жана айылдык  кенештин туруктуу   комиссияларына  жүктөлсүн.

Кабылан - Көл  айылдык  Кеңешинин    төрагасы:                                                                  У. Кадыркулов

Кабылан-Көл айылдык  Кеңешинин IV чакырылышынын 7-заседаниесинин

Т О К Т О М У № 7/4

Кабылан – Көл  айылы                                                                                 17.02. 2016-жыл

Кабылан – Көл айылдык кеңешинин 2016– жылга   перспективалык  иш планын бекитүү  жөнүндө Кабылан – Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

1.   Кабылан-Көл   айылдык  кеңешинин   2016 – жылга перспективалык иш планы бекитилсин.

2.   Кабылан-Көл   айылдык  кеңешинин   перспективалык иш планында көрсөтүлгөн   иш-пландардын аткарылышына  жетишүү кеңештин туруктуу комиссияларына, депутаттарына  кеңештин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн  жооптуу кызматкерлерине   милдеттендирилсин.

Кабылан – Көл айылдык Кеңешинин    төрагасы:                                                                            У.  Кадыркулов

 

“БЕКИТЕМИН”

Кабылан-Көл  айылдык  Кенешинин

төрагасы____________ У.Кадыркулов

“______”____________2016-жыл

Кабылан-Көл  айылдык Кеңешинин  2016-жылга  перспективалык

ИШ  ПЛАНЫ

I   квартал

7-Кеңешме.

1. Кабылан-Көл  айыл  өкмотүнүн  2014-жылда  социалдык экономикалык өнүгүү  пландарынын  2015-жылга  аткарылышы.  2016-жылга  карата  социалдык экономикалык  өнүгүүсү боюнча  планынын бекитүү  жана 2017-2018- жылдарга  социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча     болжолдуу планынын долбоорун бекитүү  жөнүндө.                                                       
Даярдайт: Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы   Т.Камилов

2. Кабылан – Көл айыл  өкмөтүнүн   2014 –жылдын бюджетинин  аткарылышы жана  2015 – жылга  маалымат.  Айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  2016-жылга  бекитүү жана  2017 – 2018– жылдардын бюджетинин  божомол  долбоорун  бекитүү  жөнүндө.

Даярдайт: Кабылан-Көл айыл  өкмөтүнүн  Финансы Экономика

бөлүмүнүн    башчысы   Н.Сагынбаев.

3 Айыл  өкмөтүнүн  балансына  кириштелбеген  негизги  каражаттардын  баланска   кириштелиши,  документи  жок социалдык  объектилердин  документтерин  тактоо, айрым  эски  авариялык  абалдагы  соц. объектилердин каражаттарын  мыйзамдуу   түрдө  баланстан  чыгарылышы жөнүндө.

Даярдайт:  Кабылан- Көл  айыл өкмөтүнүн  башчысы:   Т.Камилов

4. Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2016-жылга перспективалык  иш планын бекитүү   жөнүндө     
Даярдайт: Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:   У .Кадыркулов

5.   Кыргыз  Республикасынын кодексине  өзгөртүү киргизүү  жөнундө  кабыл  алынган  Кыргыз  Республикасынын  салык  кодексинин  337-статьясынын  6-пунктуна  өзгөртүү   киргизилип,  жергиликтүү кенештер  айыл  чарбасына  арналган  жерлердин   кыртышын  эсепке  алуу  менен

базалык  ставкасын  3 эсеге  чейин  көбөйтүү  жөнүндө

6. Ар түрдүү  маселелер

II Квартал.

8- Кеңешме.

1. Э. Мурзаев  атындагы орто мектебинин, Күнгөй  баштооч мектептериндеги 1-4-класстарга  берилүүчү  шашке чайдын абалы жана Кабылан-Көл  бала  бакчасынын  тамак  ашынын  сапатын кароо  жөнүндө.
Даярдайт: Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар

менен иштөө боюнча  туруктуу  комиссиясы.

2. Кабылан-Көл  айыл өкмөтүндө  жогорку органдардан келген документтердин,  аттуулдардан  түшкөн арыз даттануулардын аткарылышы жөнүндө

Даярдайт: Мыйзамдуулук, этика  маселелери   боюнча  туруктуу     комиссиясы

3.   Айыл  аймагындагы  жарандарга  жер  чектеп  берүү  жана КБФнын жерлерин  арендага берүүнүн  абалы  жөнүндө.

Даярдайт: Жер  жана   айыл  чарбасы,  экология  боюнча  туруктуу  комиссиясы

4. Элди  жайлоого  көчүрүүдөгү  айыл  башчыларынын    аткарган    иштери  .
Даярдайт: Жер  жана   айыл  чарбасы,  экология  боюнча  туруктуу комиссиясы

5.   Ар түрдүү  маселелер.

III Квартал.
9 -Кеңешме.

1.  Кабылан-Көл  айыл өкмөтундөгү  аз  камсыз  үй бүлөлөргө  жөлөк пулдарды  чектөөдө   атайын  түзүлгөн комиссиялардын  жана  жер  титирөөдөн  жапа  чеккендерге  жардам  берүүдө  айыл  аймагынын  тиешелүү  кызматкерлердин   аткарган иштери  жөнүндө

Даярдайт: Мыйзамдуулук, этика  маселелери   боюнча  туруктуу  комиссиясы

2.  Калкка  ветеринардык  кызмат  көрсөтүүнун  абалы  жана  малдын  жугуштуу  ооруларынын  алдын алуу жөнүндө.

Даярдайт: Жер  жана   айыл  чарбасы,  экология  боюнча  туруктуу комиссиясы

3. Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй  баштооч мектебинин жана  Кабылан-Көл  бала  бакчасынын жаңы окуу жылына   даярдыгы ремонт  иштеринин  абалы    жөнүндө.
Даярдайт: Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар

менен  иштөө   боюнча   туруктуу  комиссиясы

4. Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүндөгү  жарандардын  паспорт  алуудагы  жана  жашы  жеткен  өспүрүмдөрдүн  аскерге  чакырылуусунун жана  альтернативдик кызматтагы  жоокерлер  боюнча жүргүзүлуп  жаткан  иштери.
Даярдайт: Бюджет , салык жана финансы  боюнча  туруктуу  комиссиясы

5.  Ар түрдүү  маселелер.

IV Квартал.

10-Кеңешме.


1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык  түрдөгү  салыктардын,  арендалардын  жана   жайыт  комитетинин пландарынын аткарылышынын  абалы  жөнүндө.

Даярдайт: Бюджет , салык жана финансы  боюнча  туруктуу  комиссиясы

2.   Кабылан-Көл айыл өкмөтундөгү Аксакалдар  соту, Аялдар  кенеши, Жаштар комитетинин  ыксыз  ыгым-чыгымдар  боюнча   иштөөнүн  абалы   жөнүндө .
Даярдайт: Мыйзамдуулук, этика  маселелери   боюнча  туруктуу  комиссиясы

3.  Кабылан-Көл айыл өкмотундөгү  калкты  таза  суу  менен  камсыз  кылууда “Курбу- Булак”  ишканасынын жүргузгөн иштери  жөнундө.

Даярдайт: Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар

менен  иштөө  боюнча  туруктуу  комиссиясы

4. Калкты  пенсия ,пособия, газета , журналдар  менен  тейлөөдө  почта  кызматкерлеринин  аткарган   иштери  жөнүндө

Даярдайт: Мыйзамдуулук, этика  маселелери   боюнча  туруктуу     комиссиясы

5.  Ар түрдүү  маселелер.

Кабылан-Көл  айылдык

Кенешинин  төрагасы:                                                        У.Кадыркулов

 



 

Кабылан-Көл айылдык  Кеңешинин IV чакырылышынын 7-заседаниесинин

ТОКТОМУ № 7/5

Кабылан-Көл  айылы                                                                                         17. 02. 2016-жыл

Алай  районунун  Кабылан-Көл  айыл аймагынын  айыл  чарбасына  арналган жерлердин  кыртышын  эсепке  алуу менен  базалык  ставкасын  көтөрүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын  № 182 31-декабрь 2014-жылдагы  мыйзамынын  негизинде Кыргыз  Республикасынын  Салык  кодексине   өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жөнүндө   кабыл  алынган  салык  кодексинин  337 – статьясынын  6-пунктуна  өзгөртүү  киргизилип, айыл  чарбасына  арналган  жерлердин  кыртышын  эсепке  алуу  менен    базалык  ставкасын 3 эсеге  чейин көбөйтүүгө  башкача  айтканда  чөп  чабынды жердин  азыркы базалык  ставкасы  1 га жерге  13.85 сом төлөнсө  аны 3 эсеге  көбөйтүү  боюнча элдин  пикирин, сунуштарын  эске  алып, талкуулоонун  негизинде  Кабылан-Көл  айылдык  кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кабылан-Көл  айыл  аймагынын айыл  чарбасына  арналган  жерлердин  кыртышын эсепке  алуу  менен  базалык  ставкасы   3  эсеге  көбөйтүлсүн.
  2. Кабылан-Көл  айыл  аймагынын айыл  чарбасына  арналган  жерлердин  кыртышын эсепке  алуу  менен  базалык  ставкасы   3   эсеге көбөйгөндүгү тууралуу  жергиликтүү жамааттарга  жана  элге  толук  жеткирүү  жагы  айыл  башчыларга  тапшырылсын.
  3. Кабылан-Көл  айыл  аймагынын  айыл  чарбасына  арналган  жерлердин  кыртышын  эсепке  алуу  менен  базалык  ставкасы көтөрүлгөн  баада  салык  жыйымдарын  топтоо  салык  кызматкери   К.Абжалиевге   милдеттендирилсин.
  4. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Т.Камиловго  тапшырылсын.

 

Кабылан-Көл  айылдык кеңешинин  төрагасы:                                                                У.Кадыркулов



 

Кабылан-Көл айылдык  Кеңешинин IV чакырылышынын 7-заседаниесинин

ТОКТОМУ № 7/6

Кабылан-Көл  айылы                                                                                            17. 02. 2016-жыл

Алай  районунун  Кабылан-Көл  айыл өкмөтүндөгү  Коомдук  алдын  алуу борборунун  уставын  бекитүү жөнүндө

Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн  алдындагы  Коомдук  алдын  алуу  борборунун  уставын Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн  27. 10. 2015-жылындагы  №  747  токтомуна  ылайык  түзүлгөн  уставын  бекитүү  максатында Кабылан-Көл айылдык  Кеңешинин  IV чакырылышынын   7-заседаниеси

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.      Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн  алдындагы  Коомдук  алдын  алуу  борборунун  уставы Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн  27. 10. 2015-жылындагы  №  747  токтомуна  ылайык  түзүлгөн  уставы  бекитилсин.

2.      Коомдук  алдын  алуу  борборунун  аксакалдар  сотунун  ишин  ушул  уставдын  негизинде  алып  баруу аксакалдар  сотунун  төрагасы  Д.Касымбековго   жүктөлсүн.

3.      Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  айылдык  кенештин  төрагасына,  туруктуу  комиссияларына жана Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Т.Камиловго  тапшырылсын.

Кабылан-Көл  айылдык кеңешинин  төрагасы:                                                               У.Кадыркулов



 

 

Тиркеме КР өкмөтγнγн

2015-жылдын 27-октябры № 747

токтому менен бекитилген

 

Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы

1. Жалпы жоболор

1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КААБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын  тиешелүү аймактарында  укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.

2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: “Кабылан-Көл  айыл  өкмөтү” Коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмеси;

- расмий тилде: “Общественное объединение “Общественно-профилактический центр” “Кабылан-Кол айыл  окмоту”.

Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:

-         мамлекеттик тилде: “КААБ” КБ”.

- расмий тилде: “ОО “ОПЦ”.

3. КААБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.

4. КААБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.

5. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат,  мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.

6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги:  Кабылан-Көл  айыл  өкмөтү.

7. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органынын - Кеңешинин юридикалык дареги:  Кабылан-Көл  айыл  өкмөтү

2. КААБдын максаттары  жана милдеттери

8. КААБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин  мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.

9. КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда  мыйзам бузууларга жол бербөө);

- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);

- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы  мамилесинин фактыларына жол бербөө);

- эрте алдын алуу  (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).

10. КААБдын милдеттери  өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды  жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;

- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;

- мыйзам бузуулардын  алдын алууга багытталган алдын алуучу    чараларды көрүү;

- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;

- укуктук билимдерди пропагандалоо;

- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;

- тиешелүү шаардын, айылдык аймактын жана тиешелүү шаардын, айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;

- мыйзам  бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого,  тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;

- мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча   сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;

-                өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу  (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.

11. КААБдын  иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам  бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан  алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.

 

3. КААБдын  укуктары жана милдеттери

 

12. КААБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- өзүнүн иши жөнүндө  маалыматтарды эркин жайылтууга;

- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КААБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;

- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө;

- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;

- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;

- зарыл болгон учурда  өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КААБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;

- тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;

- мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;

- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте  Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка  трансферттерди, анын ичинде  чет өлкөлүк уюмдардан жана  мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу  маселелери боюнча программалардын  ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.

13. КААБ төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана  ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;

- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө  отчет берүүгө;

- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары - ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;

- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча  КААБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;

- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;

- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;

- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КААБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;

- КААБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.

4. КААБдын мүчөлөрүнүн укуктары  жана милдеттери

14. КААБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.

15. Ошол шаарда, айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген, 
18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери,  аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин,  кондоминиумдардын төрагалары  жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КААБдын мүчөлөрү боло алышат.

16. КААБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.

17. КААБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди  аткарышат.

18. КААБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

-     жалпы чогулуштарга катышууга;

-     КААБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;

-     КААБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча    сунуштарды киргизүүгө;

-     КААБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;

-     КААБ тарабынан  өткөрүлүүчү  иш-чараларга катышууга.

19. КААБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- КААБдын Уставын сактоого;

- КААБдын ишине катышууга;

- КААБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;

-    КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.

20. КААБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:

- жеке арызынын негизинде;

- КААБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын  мүчөлүгүнөн чыгаруу;

- КААБдын мүчөсү каза болгондо;

- КААБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;

- КААБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

21. КААБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

- ушул Уставдын талаптарын бузганда;

- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;

-  КААБдын  ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.

5. КААБдын  жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер

22. КААБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.

23. Жалпы чогулуш  эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дөн ашуун мүчөсү болгон учурда  - 25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.

24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:

- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

- КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;

- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);

- башкаруу органдарын түзүү тартиби;

- иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;

- башка юридикалык жактардын ишине  катышуу;

- кайра уюштуруу жана жоюу;

- башка маселелер.

25. КААБ жалпы чогулуштун жыйындарын  өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.

26. КААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден  кем эмес жолу чогулат.

27. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КААБдын Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) саналат, ал КААБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.

28. Кеңештин курамы ЖӨБдүн аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.

29. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КААБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.

30. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

31. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр  кирет:

- төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;

- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;

- Кеңештин пландарын  жана иш-чараларын бекитүү;

- ЖӨБОнун жана КААБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;

- КАБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КААБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;

- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин  жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.

32. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.

33. КААБдын Кеңешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:

- КААБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;

- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КААБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;

- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;

- банктарда эсептерди ачуу жана КААБдын каражаттарын тескөө;

- КААБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.

34. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.

35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.

36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.

37. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда  Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.

38. Кеңештин жыйыны эгерде,  ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу  деп саналат.

39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы же болбосо  жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт .

40. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.

6.  КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү тартиби

41. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  КААБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.

42. КААБды кайра уюштуруу жана  жоюу, ошондой эле анын Уставына   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КААБдын мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.

43. КААБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.

44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып  КААБ өз ишин токтотту деп саналат.

7. Мыйзамдарды бузгандыгы  үчүн жоопкерчилик

45. Мыйзамдарды бузган учурда КААБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

8. Ревизиялык-контролдоочу органы

46. КААБдын финансылык жана чарбалык ишин КААБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.

47. КААБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.

48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.

49. КААБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

9. КААБдын финансылык, чарбалык иши  жана мүлкү

50. КААБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат:

- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;

- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;

- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;

- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.

51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же  булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КААБга өткөрүп  берүүгө укуктуу.

52. Мыйзам  бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.

53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин  жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КААБды материалдык  жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.

54. КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КААБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

 

 



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV- чакырылышынын кезексиз  VIII-заседаниесинин

Т О К Т О М У № 8/1

Кабылан – Көл  айылы                                                                                              11.04. 2016-жыл

Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүндөгү  Көкүев  Садыбакастын арызын  жана  айыл  өкмөт башчысынын 2016-жылдын 5-апрелиндеги  №51  сунушунун негизинде  Күңгөй  айылынын  негизги көчөсүнө ат ыйгаруу  жөнүндө

Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнө  караштуу Күңгөй  айылынын  негизги көчөсүнө ат ыйгаруу  жөнүндө    Көкүев  Садыбакастын  арызын  жана  айыл  өкмөт  башчысынын  2016-жылдын 5-апрелиндеги  №51  сунушун  карап  чыгып,  талкуулап “ Кыргыз  Республикасынын  географиялык  аталыштар  жөнүндөгү”  18-июль  2014-жылдагы  №  144  мыйзымынын  1-7-беренелерине  ылайык      Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV- чакырылышынын  кезексиз  VIII-заседаниеси

Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1. “ Кыргыз  Республикасынын  географиялык  аталыштар  жөнүндөгү”  18-июль  2014-жылдагы  №  144  мыйзымынын  1-7-беренелерине  ылайык   Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнө  караштуу Күңгөй  айылынын  негизги көчөсүнө ат ыйгаруу  жөнүндө    Көкүев  Садыбакастын  арызын  жана  айыл  өкмөт  башчысынын  2016-жылдын 5-апрелиндеги  №51  сунушу  жактырылсын.

2. Күңгөй  айылынын  негизги көчөсүнө  “Аттокур  Козонов” деген  ат ыйгарылсын.

3.  Ушул  токтомду  областтык  Юстиция  болүмүнөн  каттоодон  өткөрүүгө , иш кагаздарын  даярдоо  Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн  жооптуу  катчысы  Г.Сарыбаевага  жана  Алай  райондук  жерге  жайгаштыруу  жана  кыймылсыз  мүлккө  укуктарды  каттоо  бөлүмунөн  каттоодон  өткөрүү жагы  айыл  өкмөтүнүн  жер  адиси  С..Сактановго  тапшырылсын.

4.  Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө   жагы айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Камиловго  жана  жер жана  айыл  чарбасы,  экология боюнча  туруктуу  комиссиясына     тапшырылсын

Кабылан - Көл айылдык кеңешинин  төрагасы:                                                                           У. Кадыркулов



 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV- чакырылышынын кезексиз  VIII-заседаниесинин

Т О К Т О М У № 8/2

Кабылан – Көл  айылы                                                                                11.04. 2016-жыл

Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн  жайыт  жерлерин сарамжалдуу  пайдалануу  жөнүндө

“ Кыргыз  Республикасынын  ченемдик  укуктук актылары  жөнүндө ”  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын 8- беренесинин негизинде, ошондой  эле           “ Жайыт жөнүндө”   Кыргыз  Республикасынын мыйзамынын 4- беренесине ылайык  жана   элдик  чогулуштардын  протоколунун  негизинде    Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV- чакырылышынын  кезексиз  VIII-заседаниеси  жайыт  жерлерин натыйжалуу  жана  сарамжалдуу  башкарууну жана  пайдаланууну камсыз  кылуу максатында

Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1. Кабылан-Көл   айыл өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар   бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу  жана  пайдалануу   боюнча ыйгарым  укуктар  өткөрүп  берилсин.

2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары  бекитилсин:
2016- жылга  жайыт  пайдалануу үчүн акы  төлөөнүн  өлчөмдөрү :
Ири мүйүздүү  малдар                   - бир баш  үчүн         50 сом;
кой  - эчкилер                                 - бир баш  үчүн         10 сом;
жылкылар                                        - бир баш  үчүн         50сом;
сырттан келген  ири мүйүздүү 
малдарга     - бир баш  үчүн         200 сом ;
сырттан келген  кой - эчкилерге   - бир баш  үчүн         50 сом ;

  1. 2016-жылга аткарылуучу план 100 000 (жүз мин) мин сом
  2. Кабылан-Көл  айыл өкмөтүнүн  жайыт комитетине   пайдаланулуучу  жайыт участоктору  үчүн жер  салыгын  жыйноо жана келип  түшкөн каражаттарды  жергиликтүү  бюджетке  багыттоо  милдети  жүктөлсүн.
  3. Бул  токтом  жарыяланган учурдан  тартып он беш күндөн  кийин  күчүнө  кирет.
  4. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө   жагы айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Камиловго  жана  жер жана  айыл  чарбасы,  экология боюнча  туруктуу  комиссиясына     тапшырылсын.

Кабылан - Көл айылдык кеңешинин    төрагасы:                                                                                     У. Кадыркулов

 



 

Кабылан-Көл  айылдык    Кеңешинин    IV-  чакырылышынын IX заседаниесинин

Т О К Т О М У 9/1

Кабылан-Көл  айылы                                                                                          23. 05.  2016 -ж.

Айыл  өкмөтүндөгү мектептердин, бала  бакчанын шашке  чайынын  жана тамак ашынын сапатын кароо   жөнүндө

Кабылан-Көл айыл  өкмөтүндөгү    №25 Э. Мурзаев атындагы орто  мектебинин, Күңгөй башталгыч  мектептеринин 1-4-класстарга берилүүчү шашке  чайынын жана  “Кабылан-Көл” бала  бакчасынын   тамак ашынын сапатын  карап  жана  талкуулап    Кабылан-Көл   айылдык  Кеңешинин  заседаниеси

Т О К Т О М        К Ы Л А Т  :

1. Кабылан-Көл айыл  өкмөтүндөгү    №25 Э. Мурзаев атындагы орто  мектебинин, Күңгөй башталгыч  мектептеринин 1-4-класстарга берилүүчү шашке  чайынын жана  “Кабылан-Көл” бала  бакчасынын   тамак ашынын сапатын кароодо  айрым  кемчиликтерди эске  алынсын.

2. Аталган  мектептердин берилүүчү шашке  чайынын жана  “Кабылан-Көл” бала  бакчасынын   тамак ашынын сапаттуулугуна көңүл буруу жана  камкордуктарды  көрүү жагы мектеп  директорлору З. Абдыкадыровага жана  А. Раимбековго, бала бакча  башчысы К. Жумалиевага  милдеттендирилсин.

3.  Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  айыл  өкмөтүнүн  башчысы Т.Камиловго  Кабылан-Көл  айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика  маселелери боюнча   туруктуу  комиссиясына   тапшырылсын.

Кабылан-Көл  айылдык   Кеңешинин төрагасы : У. Кадыркулов



 

Кабылан-Көл  айылдык    Кеңешинин    IV-  чакырылышынын IX заседаниесинин

Т О К Т О М У 9/2

Кабылан-Көл  айылы                                                                                                     23. 05.  2016 -ж.

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө  жогорку органдардан   келген документтердин, атуулдардан  түшкөн арыз даттануулардын аткарылышы  жөнүндө

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын  Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасынын  министрликтеринин,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Ош областындагы ыйгарым  укуктуу  өкулүнүн Алай  райондук мамлекеттик  администрациясынын  токтом, буйруктарынын, каттарынын  жана  атуулдардан  түшкөн арыз   даттануулардын аткарылыш   абалын    карап  чыгып,   Кабылан-Көл   айылдык  Кеңешинин  заседаниеси

Т О К Т О М        К Ы Л А Т  :

1.      Айыл  өкмөтүнө  жогорку   органдардан   келген каттар  менен  иштөөнүн жана  айыл  тургундарынан  түшкөн арыз   даттануулар менен  жүргүзгөн иштеринин  абалы  канааттандырарлык  деп  табылсын.

2.  Жогорку   органдардан   келген каттар,  айыл  тургундарынын  арыз даттануулары менен  иштөөнү  өркүндөтүү  айыл өкмөтүнүн  жооптуу  катчысы  Г. Сарыбаевага милдеттендирилсин.

3        Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Айыл  өкмөтүнүн башчысы  Т.Камиловго  тапшырылсын.

Кабылан-Көл  айылдык Кеңешинин   төрагасы :                                                          У.Кадыркулов



 

Кабылан-Көл  айылдык    Кеңешинин    IV-  чакырылышынын IX заседаниесинин

Т О К Т О М У. №  9/3

Кабылан-Көл  айылы                                                                23. 05.  2016 -ж.

Турак  жай  салуу  үчүн   жер  сурап кайрылган  атуулдардын арыздарын  канааттандыруу  жөнүндө

Айыл  өкмөтүнө  жер  чектеп  берүү  боюнча жарандардан  келип  түшкөн  арыздардын  негизинде жер  берүү  үчүн  түзүлгөн  комиссиянын сунушун  карап  чыгып,                                                   Кабылан – Көл айылдык Кеңеши Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу  жөнүндө” Мыйзамынын  31-беренесин  жана  Кыргыз  Республикасынын  “Жер  кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Турак  жай  салуу  үчүн   жер  сурап  кайрылган төмөндөгү атуулдардын  арыздары  боюнча  турак  жай  салуу    үчүн  жер   бөлүнүп  берилсин

1.      Кадыркулов  Жоодар                                       9   Эркебаев  Жамалбек

2.      Кадыркулов  Максат                                       10   Каримбаев

3.      Кадыров  Дастан                                            11.  Кадыркулов  Жолборс

4.      Жунус  уулу  Эакшылык                                  12. Садиров  Стал

5.      Абылаев  Дамир                                             13.  Ас анов  Мирбек

6.      Капаров  Асилбек                                           14.  Качыбек уулу  А

7.      Кадыров                                                        15.  Тажибаев Азамат

8.      Абылаев  Алтынбек                                         16. Дүйшөбаев  Уларбек

2        КБФнын  жерлери мөөнөтү  бүткөндүгүнө  байланыштуу жарандарга арендага берилген жерлерге   келишим  түзүү   жер  адиси  С.Сактановго жүктөлсүн.

3        Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Т.Камиловго  жана  жер жана  айыл  чарбасы,   экология боюнча  туруктуу  комиссиясына   тапшырылсын

Кабылан – Көл айылдык  Кеңешинин    төрагасы:                                                                    У.Кадыркулов

Кабылан-Көл  айылдык    Кеңешинин    IV-  чакырылышынын IX заседаниесинин

Т О К Т О М У. №  9/4

Кабылан-Көл  айылы                                                                                         23. 05.  2016 -ж.

Айыл  башчыларынын элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен  жүргүзгөн  иштери  жөнүндө.

Кабылан-Көл айыл  өкмөтүнүн  айыл    башчылары   Акылбеков  Абдибаит  жана  Ташполотов  Канаттын     “Элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк  менен  жүргүзгөн  иштери”  боюнча    талкуулап    Кабылан-Көл   айылдык  Кеңешинин  заседаниеси

Т О К Т О М        К Ы Л А Т  :

1. Кабылан-Көл  айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач, Күңгөй  айылдарынын  айыл    башчысы   Акылбеков  Абдибаиттин элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери  жакшы  деп  табылсын   жана Кабылан-Көл,  Курулуш  айылдарынын  айыл  башчысы Ташполотов  Канаттын   элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк  менен  жүргүзгөн  иштеринде   кемчиликтери   белгиленсин.

2. Айыл   башчыларга  калган  элди  жайлоого  көчүрүүгө  бир  жума  мөөнөт  берилсин. Айылдык  депутаттардын  катышуусу  менен  белгиленген  мөөнөттө  жайлоого  көчүрүлсүн.

3        Айыл  башчылардын  ишин  көзөмөлдөө  айыл өкмөт   башчысы  Т.Камиловго  жана   жер жана  айыл  чарбасы,   экология боюнча  туруктуу  комиссиясына   тапшырылсын.

Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин   төрагасы :                                                                                    У.Кадыркулов



 

Тиркеме КР өкмөтγнγн

2015-жылдын 27-октябры № 747

токтому менен бекитилген

Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы

1. Жалпы жоболор

 

1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КААБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын  тиешелүү аймактарында  укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.

2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: “Кабылан-Көл  айыл  өкмөтү” Коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмеси;

- расмий тилде: “Общественное объединение “Общественно-профилактический центр” “Кабылан-Кол айыл  окмоту”.

Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: “КААБ” КБ”.

- расмий тилде: “ОО “ОПЦ”.

3. КААБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.

4. КААБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.

5. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат,  мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.

6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги:  Кабылан-Көл  айылы



 

Алай  районунун   Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн  2017 -2018-жылдарга  карата  экономикалык өнүгүүсүнүн  божомолу

Мин сом

Аталышы

2014

2015

2016

Анын  ичинен

2017

2018

факт

факт

божомол

Янв-март

Янв-июнь

Янв- сент

божомол

божомол

Жалпы  айыл чарба дүң продукциясы  азыркы  баа  менен

Мин сом

112600,0

10594,0

109768,0

111558,0

113769,0

Реалдуу өсүү  темпи  %

95,5

95,5

102,0

102,0

103,0

Анын  ичинен талаачылык дүң продукциясы  азыркы  баа  менен

Мин сом

46300,0

41291,0

42111,0

19000,0

23117,0

42538,0

43389,0

Реалдуу өсүү  темпи  %

89,2

98,0

102,0

82,0

121,7

102,0

102,0

Мал чарба дүң продукциясы азыркы  баа  менен

Мин сом

66300,0

66303,0

66511,0

10000,0

23000,0

25884,0

69000,0

70380,0

Реалдуу өсүү  темпи  %

100,0

100,0

102,0

230,0

112,5

102,0

102,5

Өнөр жай  продукциясын  өндүрүү  көлөмү ( электр энергиясын  кошпогондо)

Мин сом

Реалдуу өсүү  темпи  %

Өнөр жай  продукциясын  өндүрүү  көлөмү ( электр энергиясын  кошкондо)

Мин сом

Реалдуу өсүү  темпи  %

Көрсөтүлгөн базарлык  тейлөөнүн  көлөмү

Мин сом

2500,0

3000,0

4000,0

4500,0

5000,0

Реалдуу өсүү  темпи  %

120,0

133,3

133,4

111,1

111,1

Кызмат көрсөтүүнүн  дүң  жыйымы

Мин сом

200,0

250,0

300,0

400,0

450,0

Реалдуу өсүү  темпи  %

125,0

120,0

120,0

112,5

11,1

Негизги  капиталга  тартылган  инвестициялардын  көлөму

Мин сом

2000,0

2500,0

3000,0

4000,0

4500,0

Реалдуу өсүү  темпи  %

120,0

125,0

120,0

112,0

111,1

Социалдык  көрсөткучтөр:

Орточо  эмгек  акы

Сом  менен

6824,4

8684,1

11289,3

14676

1908,9

Минималдык  керектелүүчү  бюджет

Сом  менен  бир  айга

6500,0

8255,0

10735,0

13950,9

18136,2

Орточо  айлык  пенсиянын  колөмү

Сом  менен  бир  айга

3593

3989

4587

5367

6333

Жакырчылыктын  деңгээли

Пайыз  менен

63,3

62,8

62,0

61,0

60,0

Официалдуу  каттоодон  өткөн жумушсуздардын  саны

адам

61

32

90

15

35

70

90

80

75

Калктын  саны

адам

2847

2869

3026

3075

3125

Эт

382

391

397

406

413

Сүт

926

949

982

995

1007

Жумуртка

110,0

113,0

120,0

123,0

125,0

Жүн

17,6

18,7

19,0

19,5

20,0

Дан

160,0

166,4

167,5

168,0

168,5

Картошка

290,0

293,8

297,0

298,0

299,0

Жашылча

387,0

392.2

393,0

393,5

394,0

Мөмө-жемиш

41,8

42,0

43,0

44,0

45,0

Ири мүйүздүү  малдар

1173

1245

1391

1398

1400

Кой –эчки

6217

7112

8402

8458

8650

жылкылар

857

756

773

785

796

тооктор

2503

1150

1175

1200

1300

 

Айыл өкмөт  башчысы:                                                              Т.Камилов

ФЭБ башчысы:                                                                         Н. Сагынбаев

Экономист-статист:                                                                  Абдылда уулу  З.