Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Sat05302020

жаңыланды11:05:11 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel

Коңур - Дөбө 2017 11/1-15/3

User Rating: / 0
PoorBest 

Конур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  5 чакырылышынын  кезексиз 11 отурумунун

ТОКТОМУ 11/1

Боз-Караган айылы 16- июнь 2017-жыл.

Алай  райондук  прокуратурасынын  №340-17.08.06.  2017-жылдагы  каршылык  билдирүүсүндө  Коңур-Дөбө  айылдык Кеңешинин  2012-жылдын  11-апрелиндеги  № 12\6  сандуу  токтому мыйзамсыз болгондуктан  жокко  чыгаруу  жөнүндө

Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнө  караштуу Гүлчө  дарыясындагы  көпүрөнүн батыш тарабындагы айыл чарбасына жараксыз жерден көрктөндүрүү үчүн Кайназаров Темирге 0,40 га жер аянты берилген, 2012-жылдын 11-апрелиндеги Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин №12\6 сандуу токтому мыйзамсыз болгондуктан жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер боюнча кодекстин 4- беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М     К Ы Л А Т.

1. Алай  райондук  прокуратурасынын  №340-17.08.06.  2017жылдагы  каршылык

билдирүүсүндө  Коңур-Дөбө  айылдык кеңешинин  2012-жылдын  11-апрелиндег

№ 12\6  сандуу  токтому  мыйзамсыз болгондуктан  жокко  чыгарылсын.

2.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы жер боюнча айылдык Кеңештин

туруктуу комиссиясына  жана айыл  өкмөтүнүн  жер  боюнча  адиси

Кыдыркуловго  тапшырылсын.


Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы:-                  С.Жээналиев.

 



 

 

Коңур-Дөбө  айылдык   кенешинин   5- чакырылышынын  11-кезексиз  отурумунун

ТОКТОМУ 11/2

Боз-Караган  айылы                                                                                        16-июнь           2017-жыл.

Коңур-Дөбө  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү       бюджетинин   киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 2018-2019-2020-жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын 11- кезексиз отуруму , айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы   К.Асановдун   билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жергиликтүүөз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31 беренесинин 2 пункутуна ылайык

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 8278,8 миң сомго,  чыгаша бөлүгү 8278,7 миң сомго болжолдуу бекитилсин. Анын ичинен теңдөөчү грант 6442,7 миң сомго, өздүк киреше 1843,3 миң сомго, атайын каражат 480,0  миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

2. 2019-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 8385,2 миң сомго,  чыгаша бөлүгү 8385,2 миң сомго болжолдуу бекитилсин.Анын ичинен теңдөөчү грант 6463,1 миң сомго, өздүк киреше 1922,1 миң сомго, атайын каражат 480,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

3. 2020-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 8909,6 миң сомго,  чыгаша бөлүгү 8909,6 миң сомго болжолдуу бекитилсин.Анын ичинен теңдөөчү грант 6987,5 миң сомго, өздүк киреше 1922,1 миң сомго, атайын каражат 480,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айылдык  кеңештин

бюджет   боюнча  туруктуу  комиссиясына  жана айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Асановго  милдеттендирилсин.


КоңурДөбө  айылдык кеңешинин төрагасы:- С. Жээналиев.



 

Коңур-Дөбө айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын  11   кезексиз  отурумунун

Т О К Т О М У 11\3

Боз-Караган айылы 16-июнь 2017-жыл.

Кыргыз  Республикасынын  шайлоо  жана  референдум  өткөрүү  боюнча  шайлоо  комиссияларынын  участкалык  шайлоо  комиссиясынын резервинин  курамын  сунуштоо  жөнүңдө

Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын  19-беренесинин  7-пунктуна  ылайык  Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  аймагындагы  участкалык  шайлоо  комиссияларынын  курамына  көрсөтүлгөн  резервдерди  аймактык  шайлоо  комиссиясына  сунуштоо боюнча

Коңур – Дөбө  айылдык   Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1.Кыргыз  Республикасынын  шайлоо  жана  референдум  өткөрүү  боюнча

шайлоо  комиссиялары  жөнүңдө  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын  19-

беренесинин  7-пунктуна  ылайык , №141 Боз-Караган, №142  Арпа-Тектир  участкалык

шайлоо  комиссиясына  көрсөтүлгөн  тиешелүү  участкалык  шайлоо  комиссиясынын

резервине   сунушталсын .(тиркелет).

2.Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  аймагындагы  участкалык  шайлоо

комиссиясынын резервинин   курамын  бекитип  берүү  Алай  райондук  аймактык

шайлоо  комиссиясынан  суралсын.


Коңур – Дөбө   айылдык Кеңештин  төрагасы :                                                    С.Жээналиев.



 

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  5-чакырылышынын  11\3 кезексиз отурумунун   16.06  2017-жылдагы  токтомуна  тиркеме

№141  Боз-Караган  шайлоо  участкасынан  участкалык  шайлоо  комиссиясынын

резервине  көрсөтүлгөн  өкүлдөр:

1.Сарыбашов Сейитбек-Боз-Караган  айылынын жаштар уюмунун шайлоочуларынан.

2. Ниязов Тоймамат-      Боз-Караган а/калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

3. Кочкоров Мунарбек  Боз-Караган а/калк жашаган жеринин шайлоочуларынан.

4.Осмонова Нуржамал--М.Ташиев ат.орто мектебинин эмгек жамаатынан.

5.Жусуев Мелис   №18 м.ч.б.б. мекемесинин эмгек жамаатынын  шайлоочуларынан.

6. Нурдинов Нурпаиз Кара-Шоро айылынын жаштар уюмунун шайлоочуларынан.

7.Абакирова Бегай Кара-Шоро айылынын калк  жашаган жеринин шайлоочуларынан.

8.Токторалиев Чолпонбай-Кара-Шоро айыл.калк жаша. жеринин шайлоочуларынан

9.Ниязова Бегайым-Кара-Шоро айылынын аялдар Кеңешинин  шайлоочуларынан

10.Тентимишова Гулмира- Жар-Кыштак калк жашаган жеринин шайлоочуларынан.

11..Касыев Жыргалбек-  Жар-Кыштак калк жашаган жеринин шайлоочуларынан .

12. Ормонов Жаныбек-  Боз-Караган а/калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

 


Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  төрагасы:-                                 С.Жээналиев.

 



 

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  5-чакырылышынын  11 отурумунун  11\3  16-июнь 2017-жылдагы  токтомуна  тиркеме

№142  Арпа-Тектир  шайлоо  участкасынан  участкалык  шайлоо  комиссиясынын  резервине   көрсөтүлгөн  өкүлдөр:

1.Салиев Аятбек- Арпа-Тектир калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

2.Талай уулу Канатбек-.Арпа-Тектир калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

3.Аматалиев Сабыт -Арпа-Тектир калк жашаган жеринин шайлоочуларынан.

4.Турдубай уулу Эрнис-Арпа-Тектир .калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

5.Нуркулов Арпбай-Арпа-Тектир.калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

6.Маматмуса уулу Жеңишбек-Арпа-Тектир айылынын жаштар  уюмунун шайлоочуларынан.

7.Алишов Жантөр- Арпа-Тектир  а/калк жашаган  жеринин шайлоочуларынан.

8.Жумабай уулу Ишенбек- Арпа-Тектир  а\калк жашаган жеринин   шайлоочуларынан.

9.Зикиров Тагайбек- Арпа-Тектир а\калк жашаган жеринин  шайлоочуларынан

10.Кожоева Аселя- Арпа-Тектир а\аялдар Кеңешинин  шайлоочуларынан


Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  төрагасы:-                                 С.Жээналиев.



 

Конур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  5 чакырылышынын  кезексиз 11 отурумунун

ТОКТОМУ №11/4

Боз-Караган айылы                                                                                                           16- июнь          2017-жыл.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылындагы Күнгөй каналдын жогору жагындагы кайракы айдоо жерди бир категориядан экинчи категорияга которууга(трансфармациялоого) сунуштоо жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө  Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын  31 беренесинин 2 пункутуна ылайык

Коңур-Дөбө  айылдык  Кеңеши

Т О  К Т О М       К Ы Л А Т.

1. Жар-Кыштак айылындагы Күнгөй каналынын үстү жагындагы кайракы айдоо

жерди бир категориядан экинчи категорияга(транфармациялоого) сунуш берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө алуу жагы жер боюнча туруктуу комиссияга

тапшырылсын.

 

.          Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы:-                  С.Жээналиев.



 

 

Конур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  5 чакырылышынын  кезексиз 11 отурумунун

ТОКТОМУ №11/5

Боз-Караган айылы                                                                                                                      16- июнь          2017-жыл.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  жайыт  комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө.

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши  жайыт комитетинин төрагасы  Б.Бегматовдун билдирүүсүн  угуп жана талкуулап талкуулап Жергиликтүүөз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31 беренесинин 2 пункутуна ылайык

Коңур-Дөбө  айылдык  Кеңеши

Т О  К Т О М       К Ы Л А Т.

1. Коңурөбө айыл өкмөтүнүн жайыт  комитетинин 2017-жылга бюджети 167 850

сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдө айыл өкмөтүнүн  башчысы

А.Азимжановга  тапшырылсын.


.          Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы:-                  С.Жээналиев.



 

“БЕКИТЕМИН"

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  ___5___чакырылышынын  11отурумунун  кезексиз 2017-жылдагы 16 -июнь    №_11\5____ токтому  менен  бекитилди.

Конур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучуларынын  жайыт  комитетинин  2017-жылга  карата

БЮДЖЕТИ

Эскертүү: кыйыр  салыкты  эске  алынбай  түзүлгөн  бюджет

Малдын  түрү

Саны

Которуу  коэфциенти

ШБМ

Жайыт  билет  акысы

Кой,эчки

6861

0,2

1372

68610

Жылкы

1369

1,0

1369

68450

Уй,топоз

2335

1,0

2335

116750

Айыл өкмөт  боюнча

5076

253800

Эскертүү:Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтү  боюнча  жайыт  пайдалануу  1  баш  жылкы жана  уй,топоз  үчүн 50 сом, торпок,кулун  үчүн  30  сом, кой , эчки  учүн  10  сом  же  болбосо  бир  шарттуу  мал башына  50  сом

Башка  айыл  өкмөттөрдөн  келген  малдарга  150 сом, кой,эчкиге  30  сом.Айыл  өкмөт  боюнча  38,5%  малы  бюджетке  кошулган  жок, себеби  токой  чарбасына  жана  башка  айыл  өкмөттөрүнүн  жайытын  пайдалангандыгы  үчүн

Айылдар  боюнча  малдын  саны  жана  жайыт  суммасы.

Айыл  өкмөтүнүн  аталышы

Кара  мал  башы

Жылкы башы

Кой,эчки

Жалпы  сумма

1

Жар-Кыштак

120

106

100

12300

2

Боз-Караган

475

399

580

49500

3

Кара-Шоро

479

206

860

42850

4

Арпа-Тектир

457

488

855

55800

5

Кызыл-Ой

63

54

154

7400

1594

1253

2549

167850


Шарттуу  малдын  башы

Малдын  түрү

Малдын түрү  ШБМ

Жайыт  пайдалануу  үчүн  1 малдын  башына  төлөнүүчү  сумма

Жайыт  үчүн  чогултулуучу  сумма

Йри  мүйүздүү  мал

1594

50

79700

Майда  жандык

510

50

25500

Жылкы

1253

50

62650

Жалпы

3247

167850

Жайыттардын  жалпы  аянты

1 га  үчүн  жер  салыгы

Төлөмдөрдүн жалпы  суммасы

2355

2,65

6490,38

Чыгашалар  сметасы

Чыгыштар  бөлүгү

Суммасы,сом

Жалпы  сумма

1.

Жайыт  жакшыртуу  боюнча  иш  чаралар

Жайыт  инфраструктурасын  жакшыртуу (жолдор, көпүрөлөр ж.б.)

76000

76000

Жайыт  абалын  жакшыртуу (үрөөн  себүү)

Жайыт  мониторинг  жүргүзүү

Жайыт  башкаруу  планын  иштеп  чыгуу

Жайыт  башкаруу  планын  ишке  ашырууга  мониторинг  жүргүзүү

5 000

5 000

2.

Администрациялык  чыгымдар

Жайыт  комитетинин  төрагасынын  эмгек акысы

3 000

36 000

Жайыт  комитетинин  бухгалтеринин  эмгек акысы

Социалдык  чегерүүлөр 17,25 %

9315

9315

Транспорттук  жана  командировалык беннзинге  арналган  чыгымдар

10000

10000

3.

Бухгалтердин эмгек  акысы

1500

18000

Ж.б.чыгымдар

629

629

4.

Жайыт  пайдалануу  үчүн  жер  салыгы

12905.87

12905.87

5.

Резервный  фонд ЖК

6.

Жалпы жайыт акысы шарттуу мал башы

167850

Бардыгы

167850

Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  жайыттын  башка  максатта  пайдалануу  үчүн

Мисалы: 1. Чөп  орууга  1 га 1000 сом.

2. Көрктөндүрүү  үчүн  1 га  3000  сом

3. Дары  чөп  терүү  үчүн 1га 1500 сом

4. Сырттан  мал  алып  келип  убактылуу  пайдалангандыгы  үчүн ШМБга  50  сом  бир  сезонго  150  сом

5. Жайлоого  чыкпаган  малдар  жана  ШМБга  1000  сом  жазана  салынат

6. Жайытты  деградатицияга  учураткандар  үчүн  бир ШМБга  50  сомдон  500  сомго  чейин  акча  айып  пул  төлөөгө  Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар  милдеттүү.

 


Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  жайыт

комитетинин  төрагасы:-                                            Б.Бегматов.




 

 

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин

төрагасы___________С.Жээналиев.

Конур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучуларынын  бирикмесининин  2017-жылга  карата  жүргүзүлүүчү  иштер  боюнча  түзулгөн

ИШ ПЛАНЫ.

Аткарылуучу  иштин  мазмуну

Жайыттын  аты

Иштердин  аткарылуучу айы

Иштерге  сарпталуучу  акча

Ким  тарабынан  аткарылат

1

Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнө  караштуу  жайыттарга  мониторинг  жүргүзүү

Бардык  жайыттар  боюнча

Март апрель

5000

Жайыт  комитетинин  мүчөлөрү

2

Жайыттарга  баруучу  жолдорду  ондоо

Ийри-Суу 5 км

Коңур-Дөбө-6км

Үч –Сала-км

Май

Июнь

Июль

15000

20000

15 000

Жайыт  комитетинин  мүчөлөрү,  айыл башчылар

3

Элдерди жайлоого  көчүрүү

Ийри-Суу,

Чыйырчык,

Коңур-Дөбө

Апрель

Май

Жайыт  комитетинин  мүчөлөрү,  айыл башчылар

4

Күздүк  жайытка  мониторинг  жүргүзүү

Уч-Сала

Сентябрь

Октябр

Жайыт  комитетинин  мүчөлөрү,  айыл башчылар

5

Коңур-Дөбө  айыл өкмөтү  боюнча  малдардын  башын  каттоо

Айыл өкмөтү боюнча

Ноябрь

Декабрь

Январь

Жайыт  комитетинин  мүчөлөрү,  айыл башчылар

6

Жайытка  каптаж  куруу

Жийде-Чукур-Журт, Арпа-Тектир

Август

Октябрь

25 000

Жайыт  комитетинин  мүчөлөрү,  айыл башчылар

 

Иш  планды  даярдаган  жайыт

комитетинин  төрагасы:-                                  Б.Бегматов.

 



 

Коңур-Дөбө айылдык  Кенешинин  5- чакырылышынын  11-кезексиз  отурумунун

Т О К Т О М У № 11/6

Боз-Караган айылы 16-июнь 2017-жыл

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  №19/9  28-июнь  2013-жылдагы  токтомун  чакыруу  жана  Өйүз  участкасынан  айыл  чарбасына  жараксыз  жерден  бейиттин  жогору  жагынан   20  сотых  жер  таштандыга  берүү  жөнүндө

Райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттообашкармалыгы  жана КРӨ караштууэкологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик   инспекциясынын Алай,Чоң-Алай райондору боюнча регионалдык башкармалыгы,  айыл  чарбасына  жараксыз  жерден  таштанды  таштоого  мүмкүн  эмес  жана  трансформация  болбогондуктан,  уруксат  берилбегендигине  байланыштуу, Жергиликтүүөз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31 беренесинин 2 пункутуна ылайык

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Коңур-Дөбө  айылдык Кеңештин 3-чакырылышынын  19-заседаниесинин  №19/9  28-июнь  2013-жылдагы  токтому  кайтарылып  алынсын.

2. Өйүз  участкасынан  айыл  чарбасына  жараксыз  жерден  бейиттин  жогору  жагынан  20  сотых  жер  аянты  бөлүнүп  берилсин.

3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөо  айылдык  Кенештин  жер  боюнча  туруктуу  комиссиясына  жана  айыл  өкмөтүнүн  жер  адиси  Т.Кыдыркуловго  тапшырылсын.

 


Коңур-Дөбө айылдык Кенештин төрагасы:                                   С. Жээналиев




 

Коңур-Дөбө   айылдык Кенешинин   5 - чакырылышынын  кезексиз 12 - отрумунун

Т О К Т О М У12/1

Боз-Караган айылы 6-июль 2017-жыл.

.

Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017- жылдын бекитилген сматасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Коңур-Дөбө   айылдык Кенешинин 5 -чакырылышынын кезексиз 12 - отуруму

ТОКТОМ      КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик   кодексинин  115-беренесине  ылайык Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн жергиликтуу  бюджетинин  киреше жана чыгашабөлүгүнүн  2017 жылдын  бекитилген сметасындагы  төмөндөгү  салыктын түрүнүн  планына  өзгөртүү   киргизүү жагы каралсын.

К/н

Берененин аталышы

Берене

Бардыгы

2-квартал

Көбөйтүү

Азайтуу

1

Салык агенти  төлөөчү киреше салыгы

11111100

20,0

2

Калктуу  конуштардын  жерлерине  жана  айыл  чарба багытында  болбогон  жерлерди  пайдалануу  учун  жер  салыгы

11321300

8,0

3

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн

14151200

67,5

Баардыгы:

95,5

2.Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин киреше болугунун 2017-жылдын  бекитилген сметасынын төмөндөгү такаталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

К/н

Бөлүмдүн аталышы

Бөлүм

Берене

Көбөйтүү

Азайтуу

2-квартал

1

Бала  бакча

709

22221200

20,0

20,0

2

Мектеп

709

22311200

75,5

75,5

Баардыгы:

95,5

95,5

3 Жогорудагы акча каражатын 2017-жылдын  бекитилген сметасынын киреше

бөлүгүнө   өзгөртүүкиргизип берүү жагы Алай райондук  финансы бөлүмүнөн суралсын.

4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу ,максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысы  К.Асановго милдеттендирилсин .

5. .Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагыКоңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн

башчысы  А.Азимжановгомилдеттендирилсин.

 

Коңур-Дөбө  айылдык Кенешинин  торагасы                                                       С.Жээналиев.




 

Коңур-Дөбө айылдык   Кеңешинин   5- чакырылышынын   кезексиз 12- отурумунун

Т О К Т О М У № 12/2

Боз-Караган айылы                                                                                                          6- июль  2017-жыл.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  киреше  жана  чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 9- айынын  сметасындагы  акча каражатынын кээ  бир  беренелерине  өзгөртүү киргизүү  жөнүндө.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн    башчысы  А.Азимжановдун   билдирүүсүн  угуп,  бюджеттик

комиссияда  талкуулап  Коңур-Дөбө   айылдык    Кеңешинин     5-  чакырылышынын     12- отуруму

Т О К Т О М        К Ы Л А Т:

1. Кыргыз  Республикасынын  Бюджеттик  кодексинин 115-беренесине  ылайык  Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  чыгаша  бөлүгүнүн  төмөндөгү  2017-жылдын  9-айына  бекитилген  сметасынын  акча  каражатын  кээ  бир  зарыл  болгон  беренелерине  жылдыруу  жагы  каралсын.

Бөлүм

Бөлүмүнүн атлышы

Берененин  аталышы

Берене

Баардыга

3-квартал

Көбөйтүү

Азайтуу

70111

Аппарат

Дагы  башкакызмат көрсөтүүнү  алуу

22154900

300,0

300,0

70111

Аппарат

Имараттар жана  курулуштар

3111

300,0

300,0

Баардыгы:

300,0

300,0

300,0


2.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  чыгаша  бөлүгүнүн  2017-жылдын  9-айына  бекитилген  сметасынын  төмөнкү  беренесинин  бекитилген  планга  өзгөртүү  киргизүү  жагы  каралсын.


3. Жогорудагы  акча  каражаттары  2017-жылдын   9-айына  бекитилген  сметасынын  чыгаша  бөлүгүнө  өзгөртүү  киргизип  берүү  жагы Кыргыз  Республикасынын  Финансы  министирлигинин   Алай башкармалыгынан  суралсын.

4. Өзгөртүү киргизилген акча  каражатын мыйзамдуу, максатуу  жумшоо  жана  ушул  токтомдун аткарылышын айыл өкмөт  башчысы А.Азимжанов жана финансы-экономика  бөлүмүнүн  башчысы К.Асановго   милдетендирилсин.

5. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  бюджет  камиссиясына  милдеттендирилсин.

 


Коңур-Дөбө айылдык  Кеңешинин    төрагасы:                                   С.Жээналиев.




Коңур-Дөбө айылдык  Кенешинин  5- чакырылышынын  12-кезексиз  отурумунун

Т О К Т О М У № 12/3

Боз-Караган айылы 06-июль 2017-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө  дарыясындагы көпүрөнүн батыш тарабындагы  0,40 га айыл чарбасына жараксыз жерден көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга берүү жөнүндө

Жергиликтүүөз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31 беренесинин 2 пункутуна ылайык

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө  дарыясындагы көпүрөнүн батыш тарабындагы 0,40 га айыл чарбасына жараксыз жерден көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга берүүгө   макулдук берилсин.

2. Кара-Шоро айылындагы  Гүлчө  дарыясындагы көпүрөнүн  батыш  тарабындагы 0,40га  айыл чарбасына жараксыз жерден көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга берүү үчүн айыл өкмөтү менен биргеликте келишим түзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси  Т.Кыдыркуловго тапшырылсын.

 

 

Коңур-Дөбө  айылдык  Кеңештин төрагасы:-                 С.Жээналиев.




 

Коңур-Дөбө айылдык   Кеңешинин  5 - чакырылышынын  13- отурумунун

Т О К Т О М У № 13/1

Боз-Караган айылы                                                                                                           21-сентябрь  2017-жыл.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  киреше  жана  чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 9- айынын  сметасындагы  акча каражатынын кээ  бир  беренелерине  өзгөртүү киргизүү  жөнүндө.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн    башчысы  А.Азимжановдун   билдирүүсүн  угуп,  бюджеттик  комиссияда  талкуулап  Коңур-Дөбө   айылдык    Кеңешинин   5-  чакырылышынын    13- отуруму

Т О К Т О М        К Ы Л А Т:

1. Кыргыз  Республикасынын  Бюджеттик  кодексинин 115-беренесине  ылайык  Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  чыгаша  бөлүгүнүн  төмөндөгү  2017-жылдын  9-айына  бекитилген  сметасынын  акча  каражатын  кээ  бир  зарыл  болгон  беренелерине  жылдыруу  жагы  каралсын.

Бөлүм

Бөлүмүнүн атлышы

Берененин  аталышы

Берене

Баардыгы

3-квартал

Көбөйтүү

Азайтуу

70111

Аппарат

Башка  байланыш  кызматын  корсотуу

22122900

25,0

25,0

70111

Аппарат

Учурдагы чарбалык  максатка буюмдарды   жанабашка материалдарды  алуу

22221200

25,0

25,0

70921

Мектеп

Башка  байланыш  кызматын  корсотуу

22122900

40,0

40,0

70921

Мектеп

Учурдагы чарбалык  максатка буюмдарды   жанабашка материалдарды  алуу

22221200

40,0

40,0

70911

Бала бакча

Мулкту  учурдагы ондоогого  кеткен   чыгымдар

22211300

20,0

20,0

70921

Мектеп

Суу  акы

22311100

10,0

10,0

70911

Бала бакча

Суу  акы

22311100

10,0

10,0

70921

Мектеп

Имараттар жана  курулуштар

3111

240,0

240,0

70921

Мектеп

Машиналар  жана  жабдуулар

3112

220,0

220,0

70111

Аппарат

Имараттар жана  курулуштар

3111

20,0

20,0

Баардыгы:

325,0

325,0

2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  чыгаша  бөлүгүнүн  2017-жылдын  9-айына  бекитилген  сметасынын  төмөнкү  беренесинин  бекитилген  планга  өзгөртүү  киргизүү  жагы  каралсын.

3. Жогорудагы  акча  каражаттары  2017-жылдын   9-айына  бекитилген  сметасынын  чыгаша  бөлүгүнө  өзгөртүү  киргизип  берүү  жагы Кыргыз  Республикасынын  Финансы  министирлигинин   Алай башкармалыгынан  суралсын.

4. Өзгөртүү киргизилген акча  каражатын мыйзамдуу, максатуу  жумшоо  жана  ушул  токтомдун аткарылышын айыл өкмөт  башчысы А.Азимжанов жана финансы-экономика  бөлүмүнүн  башчысы К.Асановго   милдетендирилсин.

5. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  бюджет  камиссиясына  милдеттендирилсин.


Коңур-Дөбө айылдык  Кеңешинин    төрагасы:                                   С.Жээналиев.




 

Конур-Добо  айылдык  Кенешинин   5-чакырылышынын    13- отурумунун

Т О К Т О М У    13\2

Боз-Караган  айылы                                                                                                   21-сентябрь     2017-жыл

Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнө  караштуу  Кулдама  участкасынан  “Байлык кен ЛТД”  жоокерчилиги  чектелген  коомуна  берилген  №5003  МР  лицензиясында  көрсөтүлгөн  координаттарынын  негизинде  151,2 га  жерди  геологиялык  чалгындоо  иштерин  жүргузүү  үчүн  айыл  өкмөтүнөн  макулдугун берүү    жөнүңдө

Жергиликтүүөз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2 пункутуна ылайык

Коңур- Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т.

1. Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнө  караштуу  Кулдама  участкасынан  “Байлык кен ЛТД”  жоокерчилиги  чектелген  коомуна  берилген  №5003  МР  лицензиясында  көрсөтүлгөн  координаттарынын  негизинде  151,2га  жерди  геологиялык  чалгындоо  иштерин  жүргузүү  үчүн  айыл  өкмөтүнөн макулдугу   берилсин.

2. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  айылдык  Кенештин  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 


Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин төрагасы:- С.Жээналиев




 

Конур-Добо  айылдык  Кенешинин   5-чакырылышынын  кезексиз 14- отурумунун

Т О К Т О М У     14\1

Боз-Караган  айылы                                                                                                             28-сентябрь  2017-жыл

Айыл өкмөтүнүн  кызматкерлери,  ФЭБ башчынын жана эконом-статистинин аткарган иштери жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 3 пункутуна ылайык

Коңур- Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т.

1. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери,ФЭБ  башчынын  жана  эконом-статистинин  аткарган  иштери  өз  деңгээлинде  жүргүзулүп  жаткандыгы  көрсөтүлсүн.

 

 

 


Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин төрагасы;-       С.Жээналиев.




 

Конур-Дөбө айылдык  Кенешинин   5-чакырылышынын   кезексиз 14- отурумунун

Т О К Т О М У 14\2

Боз-Караган  айылы                                                                                                                             28-сентябрь  2017-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  жайыт  комитетинин бюджетине  өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши  жайыт комитетинин төрагасы Б.Бегматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4 пункутуна ылайык

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т

1.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бир  жылдык бюджетине каралган

167850 сомдун 1\3 бөлүгү, 55950 сомду айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө калтырылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу

Комиссияга  тапшырылсын.

 


Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин  төрагасы:-              С.Жээналиев.




 

Коңур-Дөбө айылдык   Кеңешинин  5 - чакырылышынын   кезексиз  14- отурумунун

Т О К Т О М У № 14/3

Боз-Караган айылы                                                                                     28-сентябрь 2017-жыл.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетини  чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 9- айынын  сметасындагы  акча каражатынын кээ  бир  беренелерине  өзгөртүү киргизүү  жөнүндө.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн    башчысы  А.Азимжановдун   билдирүүсүн  угуп,  бюджеттик  комиссияда  талкуулап  Коңур-Дөбө   айылдык    Кеңешинин   5-  чакырылышынын   кезексиз 14- отуруму

Т О К Т О М        К Ы Л А Т:

1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү 2017-жылдын 9-айына бекитилген сметасынын акча каражатын кээ бир зарыл болгон беренелерине жылдыруу жагы каралсын.

Бөлүм

Бөлүмүнүн атлышы

Берененин  аталышы

Берене

Баардыгы

3-квартал

Көбөйтүү

Азайтуу

70111

Аппарат

Имараттар жана  курулуштар

3111

506,0

506,0

70491

Экономикалык маселелер

Имараттар жана  курулуштар

3111

506,0

506,0

Баардыгы:

506,0

506,0

2.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  чыгаша  бөлүгүнүн  2017-жылдын  9-айына  бекитилген  сметасынын  төмөнкү  беренесинин  бекитилген  планга  өзгөртүү  киргизүү  жагы  каралсын.

3.Жогорудагы  акча  каражаттары  2017-жылдын   9-айына  бекитилген  сметасынын  чыгаша  бөлүгүнө  өзгөртүү  киргизип  берүү  жагы Кыргыз  Республикасынын  Финансы  министирлигинин   Алай башкармалыгынан  суралсын.

4.Өзгөртүү киргизилген акча  каражатын мыйзамдуу, максатуу  жумшоо  жана  ушул  токтомдун аткарылышын айыл өкмөт  башчысы А.Азимжанов жана финансы-экономика  бөлүмүнүн  башчысы К.Асановго   милдетендирилсин.

5.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  бюджет  камиссиясына  милдеттендирилсин.

 


Коңур-Дөбө айылдык  Кеңешинин    төрагасы:                                   С.Жээналиев.




 

Коңур-Дөбө   айылдык Кенешинин   5 - чакырылышынын  кезексиз14 -    отрумунун

Т О К Т О М У 14/4

Боз-Караган айылы 28-сентябрь 2017-жыл.

Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин киреше жана  чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылга  бекитилген  сматасынын такталган   планынаөзгөртүү  киргизүү  жөнүндө

Коңур-Дөбө   айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын кезексиз 14- отуруму

ТОКТОМ      КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  кодексининн”  115-беренесине ылайык Коңур-Дөбө    айыл  өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин  киреше бөлүгүнүн  2017 жылга  бекитилген  сметасындагы  төмөндөгү  салыктын түрүнүн  планына  өзгөртүү   киргизүү жагы каралсын.

К/н

Берененин аталышы

Берене

Бардыгы

3-квартал

Көбөйтүү

Азайтуу

1

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн

14151200

185,2

185,2

2

Жайыттарды пайдалануу үчүн акы

14152200

84,0

84,0

Баардыгы:

269,2

269,2


1.
Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин чыгаша болугунун 2017-жылдын      бекитилген сметасынын төмөндөгү такаталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

К/н

Бөлүмдүн аталышы

Бөлүм

Берене

Көбөйтүү

Азайтуу

3-квартал

1

Мектеп

709

3111

180,2

180,2

2

Экономикалык  маселелер

704

3111

5,0

5,0

3

Экономикалык  маселелер

704

22154900

84,0

84,0

Баардыгы:

269,2

269,2

2. Жогорудагы акча каражатын 2017-жылдын  бекитилген сметасынын киреше жана  чышаша бөлүгүнө   өзгөртүү  киргизип    берүү  жагы  Кыргыз Республикасынын Финансы  министирлигинин    Алай     башкармалыгынан суралсын.

3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу ,максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысы  К.Асановго милдеттендирилсин .

4. Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагыКоңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн

башчысы  А.Азимжановгомилдеттендирилсин.

 


Коңур-Дөбө айылдык Кенешинин торагасы                                                       С.Жээналиев.




 

Конур-Дөбө айылдык  Кенешинин   5-чакырылышынын   кезексиз 14- отурумунун

Т О К Т О М У 14\5

Боз-Караган  айылы                                                                                                   28-сентябрь     2017-жыл

Күн тартибине коюулган биринчи маселени кийинки отурумга жылдыруу жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1 пункутуна ылайык

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТО К Т О М    К Ы Л А Т.

1.Күн тартибине коюулган биринчи маселе боюнча тийешелүү   кызматкерлер жүйөөлүү

себептер менен отурумга катышбай  калгандыгына байланыштуу, кийинки кезексиз

отурумга  жылдырылсын.

 


Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы:-            С.Жээналиев.




 

Конур-Дөбө айылдык  Кенешинин   5-чакырылышынын   кезексиз 15- отурумунун

Т О К Т О М У №15\1

Боз-Караган  айылы                                                                                                          31-октябрь       2017-жыл

Коңур-Дөбө айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялык материалдарын бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жерге жайгаштыруу “Кыргызмамжердолбоор” институтунун жер фондусунун инвентаризациялоо (тактоо) боюнча материалдарынын негизинде Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2 пункутуна ылайык

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т

  1. “Кыргызмамжердолбоор” институту иштеп чыккан Коңур-Дөбө айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо (тактоо) материалдары бекитилсин.
  1. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын

Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин  төрагасы:-              С.Жээналиев.




 

Конур-Дөбө айылдык  Кенешинин   5-чакырылышынын   кезексиз 15- отурумунун

Т О К Т О М У №15\2

Боз-Караган  айылы                                                                                31-октябрь       2017-жыл

Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Алай районунун  Коңур-Дөбө айылдык Кенеши Коңур-Дөбө жайыт жерлерин натыйжалоо жана сарамжалдуу башкарууну ижана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т

  1. Коңур-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин
  2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана аны аны аткаруу органы жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамаатын көп жылдык жана 1 жылдык пландарынын негизинде ган жүргүзүлүүсү милдеттендирилсин
  3. Ушул токтомдун 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоео кемчилидиктерге жол берилсе анын ичинен жайыт комитетинин карамагынындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп  берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча органына кайтарылып жайыт пайдалануучула бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт комитетине эскертилсин
  4. Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин мүчөлөрүнө жайыт пайланычууларгажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлдөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикумесинин уставына жана беитилген пландарга ылайык өз убагында толук менен тийиштүү отчетторду маалыматтарды берип туруусуна милдеттүүү.
  5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө аткарууда ар тараптан жарандар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
  6. Жайыт жерлерди башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар КР “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын
  7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Азимжановго жүктөтүлсүн

Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин  төрагасы:-              С.Жээналиев.




 

Конур-Дөбө айылдык  Кенешинин   5-чакырылышынын   кезексиз 15- отурумунун

Т О К Т О М У №15\3

Боз-Караган  айылы                                                                                                           31-октябрь   2017-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү  2017-жылдын  01-январына  муниципалдык  менчик  обьектеринин  реестрин  бекитүү жөнүндө.

Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5 пункутуна ылайык

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т


1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү  2017-жылдын  01-январына  муниципалдык  менчик  обьектеринин  түзулгөн  реестри  бекитилсин. (тиркеме  тиркелет)

 

 

 

Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин  төрагасы:-              С.Жээналиев.




 

Конур-Дөбө  айыл  өкмөтүндө 2017-жылдын 1-январында 010,012,015

Негизни каражаттар жана  автомашиналар боюнча

МААЛЫМАТ

Мекеменин  аттары

Ишке берилген жылы

1-январь 2017-жылдагы балансалык баасы

Эскертме

Счет  010

1

Кантора 2 этаждуу

1988

923673

 

2

Эски кантора

1970

159870

 

3

Баня 6 орундуу Боз-караган

2011

711303

 

4

ФАП Кара-Шоро

2012

980000

 

5

Клуб 200  оорундуу Арпа-Тектир

1974

1699399

 

6

№18 Бала бакча 2 этаждуу Кара-Шор

1988

3642694

 

7

М.Ташиев ат.орто мектеби

1970

3625288

 

8

Арпа-Тектир ат.ортго мектеби

1980

1141365

 

 

Жыйынтыгы: 010

 

12883592

 

 

Счет 012

 

 

 

1

Асфалтный площадка

1988

102410

 

2

Водопровод

1976

337020

 

3

Чарбалык ички жол

1975

77959

 

4

Столба

2015

24000

 

 

Жыйынтыгы:  012

 

541389

 

 

Баардыгы :  010,   012

 

13424981

 

 

Счет 015

 

 

 

1

НИВА ВАЗ 2121

1986

27625

 

2

Жигули 2107

2011

210623

 

 

Жыйынтыгы: 015

 

238248

 

Конур-Добо айыл окмотунун башчысы:

А.Азимжанов

ФЭБ  башчысы:

К.Асанов