Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Tue09222020

жаңыланды10:10:33 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel

Коңур - Дөбө айыл өкмөтү 18-19 отурум

User Rating: / 0
PoorBest 

Конур-Добо  айылдык  Кенешинин   5-чакырылышынын  кезексиз    18- отурумунун

Т О К Т О М У 18\1

Боз-Караган  айылы 22-май     2018-жыл

2018-жылдын  жазгы  талаачылык  жумуштарын  өз  мөөнөтүндө  сапаттуу  өткөрүүдө, жазгы айдоо , себүү  минералдык  жер семирткичтер менен  камсыз кылууда   айыл өкмөтүнүн  жер  боюнча  адисинин а\башчылардын  жүргүзүп  жаткан  иштери  жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  жөнүндө Кыргыз  Республикасыны Мыйзамынын

31 беренесинин  1 бөлүгүнө  ылайык

Коңур- Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т.

1. 2018-жылдын  жазгы  талаачылык  жумуштарын  өз  мөөнөтүндө  сапаттуу  өткөрүүдө, жазгы айдоо , себүү  минералдык  жер семирткичтер менен  камсыз кылууда   айыл өкмөтүнүн  жер  боюнча  адисинин а\башчылардын  жүргүзүп  жаткан  иштери   талапка  ылайык    жүргүзүлгөндүгү  белгиленсин.

2. Жазгы талаа жумуштарын өз мөөнөтүндө аткарууда айрым кетирилип жаткан  кемчилдиктерди  тез аранын  ичинде  жөнгө салуу  айыл башчыларга жана жер боюнча адиске  милдеттендирилсин.

3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  айылдык  кенештин  жер  боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 


Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин төрагасы:                С.Жээналиев.



 

Коңур-Дөбө   айылдык Кенешинин   5 - чакырылышынын    18 -   кезексиз  отрумунун

Т О К Т О М У 18/2

Боз-Караган айылы 22-май 2018-жыл.

.

Комчулукту өнүктүрүү жана инвесициялоо Агенствосу АРИС тарабынан алынып келине турган фронтальный погрузчик RONGWEI ZL 939 E маркасындагы ковшанын көлөмү 1,8 м/куб техикасын сатып алууда үч тараптуу алкактык келишимдин шарттарына ылайык акчалай каражатын бөлүп берүү жөнүндө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз  Республикасынын мыйзамынын

31-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

Коңур-Дөбө   айылдык Кенешинин  5-чакырылышынын   18- кезексиз  отуруму

ТОКТОМ      КЫЛАТ:

1. Коңур-Дөбө айыл  өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинде  каралган   бөлүм   70111 ( аппарат) 3112  беренесинде турган акча  каражаты,  АРИС тарабынан алынып келине  турган фронтальный  погрузчик  RONGWEI  ZL 939 E маркасындагы  ковшанын көлөмү 1,8 м/куб  техикасынын жалпы  баасы 2 178 400 (Эки миллион бир жүз сексен жети  миң алты жүз) сомду түзүп ,   келишимде көрсөтүлгөндөй айыл  өкмөтү тарабынан  берилүүчү салым 25% ти  544 600 (Беш жүз  кырк төрт миң алты жүз) сом акча  каражатын   “Автомаш-Радиатор” ЖЧ коомуна    түзүлгөн  үч тараптуу  алкактык келишимдин негизинде которулуп  берилсин.

2. Үч тараптуу  алкактык келишимдин негизинде жогруда көрсөтүлгөн  акча каражатын  “Автомаш-Радиатор” ЖЧ коомуна которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

К.Асановго милдеттендирилсин.

3.Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы   Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  башчысы

А.Азимжановго    милдеттендирилсин.

 

Коңур-Дөбө айылдык Кенешинин төрагасы                                                       С.Жээналиев.



 

 

Коңур-Дөбө  айылдык   кенешинин   5- чакырылышынын  18-кезексиз  отурумунун

ТОКТОМУ 18/3

Боз-Караган  айылы                                                                                           22-май  2018-жыл.

Коңур-Дөбө  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү       бюджетинин   киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 2019-2020-2021-жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын 18- кезексиз отуруму , айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы   К.Асановдун   билдирүүсүн угуп жана талкуулап,жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык

Коңур-Дөбө   айылдык Кенешинин  5-чакырылышынын   18- кезексиз  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 11673,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 11673,5 миң сомго болжолдуу бекитилсин. Анын ичинен теңдөөчү грант 9076,4 миң сомго, өздүк киреше 2597,1 миң сомго, атайын каражат 588,0  миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

2. 2020-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 11813,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 11813,5 миң сомго болжолдуу бекитилсин.Анын ичинен теңдөөчү грант 9141,4 миң сомго, өздүк киреше 2672,1 миң сомго, атайын каражат 588,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

3. 2021-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 11883,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 11883,5 миң сомго болжолдуу бекитилсин.Анын ичинен теңдөөчү грант 9189,4 миң сомго, өздүк киреше 2694,1 миң сомго, атайын каражат 588,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айылдык  кеңештин

бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиясына,  жана айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Асановго  милдеттендирилсин.

Коңур-Дөбө  айылдык кеңешинин төрагасы:- С. Жээнали

 



 

 

Коңур-Дөбө  айылдык   кенешинин   5- чакырылышынын  18-кезексиз  отурумунун

Т О К Т О М У № 18/4

Боз-Караган айылы                                                                                             22- май     2018-жыл.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө  караштуу  №18  мектепке  чейинки  билим  берүү  мекемесине  2  жаштан  3  жашка  чейинки  балдар  үчүн  кенже-1 тайпасын  ачуу  жөнүндө.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө  караштуу  №18  мектепке  чейинки  билим  берүү  мекемесинин  директору Г.Разакулованын   билдирүүсүн  угуп, кезексиз  сессияда  талкуулап  Коңур-Дөбө   айылдык    Кеңешинин     5-  чакырылышынын    кезексиз   18- отуруму

Т О К Т О М        К Ы Л А Т:

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө  караштуу  №18  мектепке  чейинки  билим  берүү  мекемесине  2 жаштан  3  жашка  чейинки  балдар  үчүн  кенже-1 тайпа  жоктугуна байланыштуу,25  орундуу 1-тайпа  ачуу  жагы    жана  каржы  маселесин  чечип  берүү  жагы Кыргыз Республикасынын  Финансы  Министрлигинин  Алай  башкармалыгынан  суралсын.

2. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  бюджет  камиссиясына  милдеттендирилсин.

Коңур-Дөбө айылдык  Кеңешинин    төрагасы:                                   С.Жээналиев.

 

 



 

 

Коңур-Дөбө айылдык Кенешинин V чакырылышынын 18 кезексиз отурумунун

Т О К Т О М У18\5

Боз-Караган айылы 22-май    2018-жыл.

Коңур-Дөбө  айыл өкмөтүнө караштуу, Кара-Шоро айылынын атуулдарынын коопсуздугун сактоо үчүн суроо талаптарын аткаруу боюнча асвалть жолго барель коюу жөнүндө.

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т.

1.Коңур-Дөбө  айыл өкмөтүнө караштуу, Кара-Шоро  айылынын атуулдарынын

коопсуздугун  сактоо үчүн   суроо талаптарын аткаруу  боюнча асвальт  жолго  барель

айылдын үч  жерине коюу райондук  ДЭП  ишканасынан суралсын.

2.Кара-Шоро айылынын атуулдарынын  коопсуздугун  сактоо үчүн  асвальт жолго барель

койдуруу  айылдын  айыл башчысы А.Муратовго  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кеңештин  социалдык  маселелер

менен иштөө боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин төрагасы:-                        С.Жээналиев.



 

 

Конур-Добо  айылдык  Кенешинин   5-чакырылышынын      19- отурумунун

Т О К Т О М У 19\1

Боз-Караган  айылы 19-сентябрь     2018-жыл

Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде  жүргүзүлгөн иштери боюнча айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө.

Жергиликтүү өзалдынча башкаруу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын

31  беренесинин  6 бөлүмүнө ылайык

Коңур- Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т.

1.Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде  жүргүзүлгөн  иштери боюнча  айыл өкмөт

башчысынын   отчету канаттандыраалык  деп  табылсын(тиркелет).

2 Айыл өкмөтүн  алты ай ичинде  жүргүзгөн  иштеринде  айрым   кемчилдиктер жоюу

айыл өкмөтүнүн  жооптуу  кызматкерлерине  тапшырылсын.

3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  айылдык  кенештин    туруктуу

комиссиясына  жүктөлсүн.

Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин төрагасы:-              С.Жээналиев




 

 

Коңур-Дөбө  айыл өкмөтүнүн  2018-жылдын алты ай ичинде  аткарган   иштери  боюнча  айыл  өкмөтүнүн башчысы  А.Азимжановдун

О Т Ч Е Т У

Урматтуу депутаттар!

Айыл өкмөтүндө  2018-жылы  иш  пландын  жана  өнүгүү  пландын  негизинде  иш  жүргүзүлдү.

Коңур-Дөбө  айыл өкмөтүндө  16  жооптуу  кызматкерлер  эмгектенет. Алардын 6  жогорку  билимдүү, 6  атайын  орто  жана  4  жалпы  орто  билимдүү.

Айыл өкмөттө   5  айыл  бар..Анда  2018-жылга  кожолук  1532,  6038 адам  жашайт.Алардын  ичинен эркектер 3028 аялдар 3010 ,  мектепке  чейинки  балдар  1232,мектеп  жашындагылар  1189. Эмгекке  жарамдуу  калктын  саны  2711,пенсия жашындагылар 465,айыл  өкмөт  боюнча  согуштун  катышуучулары 1, майыбы 1,  баатыр  энелер  95,  тылда  эмгек  кылгандар 6, тоголок жетимдер 2, бала  кезинен  майыптар  52, эмгек майыптары 105,аскер  үй  бүлөлөрү 3, көзү азиз,кулагы  укпагандар 24,  мүмкүнчүлугү  чектелген  18  жашка  чейинки  балдар 17, 90  жаштан  100 жашка  чейинкилер 11, 80-90  жашка  чейинкилер  79, учук  оорусу  менен  ооругандар 6, ДЦП да 2.Айыл өкмөтү  боюнча  жалгыз  бой  карыялар 9.

2018-жылы  жакырчылыкты  анализдөөдө  757  үй  бүлөлөргө  социалдык  паспорт  толтурулуп, анын  негизинде  кирешеси   0-900 сомго  чейинки  үй  бүлөөдө  446, кирешеси 901-1421 сомго  чейинки  үй  бүлөлөр 186,кирешеси 1421-2596  сомго  чейинки  үй  бүлөлөр  75 Айыл  өкмөттө  2018-жылдын  алты ай  ичинде  төмөнкүдөй  иштер  аткарылды. Ачыгыраак  айтканда  жогорку  органдардан 291 кат  келген,  анын  ичинен   токтомдор 19,буйруктар 82,билдирүүлө  166, администрациянын  аппаратынын  протоколдору  22,чечимдер 2  келип  түшкөн.Алар  өз  убагында  реализация  болуп , аткарылышы  боюнча  райондук  мамлекеттик  администрацияга  маалыматтар  жөнөтүлүп  турду.Айыл өкмөтүнүн алты ай  ичинде  ичинде  27  отурум  өткөрүлүп  62  маселе  талкууланып  каралган.2018-жылдын  алты ай  ичинде жазуу  жүзүндө  24  атуулдан  арыз  түшүп,  арыз  ээлерине  убагында  кат  жүзүндө  жооп  берилип  турду. Ал  эми  2018-жылдын  алты  ай    ичинде  47  бала  төрөлүп, 24  адам кайтыш  болду.  Россия  жана  Казакстан  өлкөлөрүнө 70  адам учеттон

-2-

чыгып  кетишип, 32 адам  учетко  келип  турушкан. Ал  эми  учеттон  чыкпай

иштеп  жүргөндөрдүн  саны  185  адам.

Ошондой  эле  айыл  өкмөтүндө  каттоодо  турган  аскерге  жарактуулардын  саны

720, альтернативалык  кызмат  өтөгөндөрдүн  саны 8, бүгүнкү  күндө       альтернативага  төгүлгөн  акча  2018-жылга алты айга  328,,0  миң  сом   төгүлдү.

3 бала  Бишкек  шаарында  кызмат  өтөп  жатат.

Кыргыз Республикасынын  ички  иштер  министрлигинин  атайын  буйруктарынын  негизинде  кылмыштуулуктун  алдын  алуу жана  алардын  убагында  болтурбоо, бөгөт  коюу  максатында  атайын  категориядагы  жарандардын  үстүнөн  профилактикалык  каттоо  жүргүзүлүп, тийиштүү  иш  алып  барылат. Айыл  өкмөтүнүн  алдындагы  коомдук  алдын  алуу  борбору  бүгүнкү  күндө  участкалык  инспектор  менен  биргеликте  иш  жүргүзүп,  айылдарда  коомдук  тартипти  сактоо  боюнча  элдик  кошундар  уюшулган.

Айыл  өкмөтүнүн  аймагында  1  маданият  үйү, 2  мектеп, ;18  мектепке  чейинки  билим  берүү  мекемеси, 2 ФАП  иштеп  жатат.Эки  мектепте  735  окуучу, 89  мугалим  билим  берип ,  24  техникалык  кызматкер  эмгектенишет. 2017-2018-окуу  жаңы  жылына  мектептерди  даярдоо  максатында  ички,  тышкы  ремонтуна  республикалык  бюджеттен  57,740  миң  сом, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен  40,0 миң сом,  № 18 балдар бакчасына  40,0 миң  сом  келип  түшүп, иштетилген.

Курманжан Датка 200, Арпа-Тектинр  эмканаларында  6  кызматкер  эмгектенет. Алар  бүгүнкү күндө  кургак  учук,  сарык, кызамык  ооруларына  каршы  эмдөөлөдү

жүргүзүп  турушат. 2018-жылдын  6 ай ичинде  Курманжан Датка  200  эмканасында  1 жашка  чейинки   баланын  өлүмү  катталган  эмес.

Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүндө  2  китепкана  иштейт. Алардын  китептерин  ондоо, концелярдык  товарлары  учүн  10,0  миң  сом  бөлүнүп  берилген. Бүгүнкү  күндө  китепканаларда  маданий  массалык  иштерди  жүргүзүүдө, эки  айылда  китепканаларда  маданий  массалык  иштерди  жүргүзүүдө,  эки  айылда  китеп  мүмкүнчүлүүгү чектелген  балдар менен   “Күн  баарыбызга  бирдей  тиет” –деген  темада  жолугушуу  кече өткөрүлүп сый тамактар  жана  белектер берилди.

Арпа-Тектир  айылындагы  маданият  үйүн  Абдубап  уулу  Мурат  жетектейт, Айылдык китепканалар ар бир даталуу майрамга карата иш чара уюштурушат. Быйылкы жылы аймактарды өнүктүрүү жылына карата өткөрүлгөн “Эл ичи өнөр кенчи” деген конкурска айылдан чыккан таланты бар апаларды чогултуп “Шайыр апалар” тобун түзүп, райондук

-3-

деңгээлде өтүлгөн конкурска катышып кызыктыруучу сыйлык 2000 сом жана грамоталар менен сыйланышты. Мындан тышкары китепкана кызматчылары жана маданият кызматкерлери республикалык  деңгээлде  өткөн “Айыл оттору” фестивалына катышып келишти айылдык китепкана башчылара айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды газета журналдар менен камсыз кеылып жаңылктарды окуп берип турушат.

Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  атуулдарына  сапаттуу  үрөөндөрдү  колдонуу  жагын  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүп турат.  Райондук департамент аркылуу, көп жылдык үрөөн үчүн сапаттуу  беде урук, арпа,эспартцептер кымбат баада келгендигине  байланыштуу дыйкандар баш тартышкан.

Өкмөтүн аймагына жазгы талаа иштери боюнча жолдордун  боюна жана бактарга 7 000 ар түрдүү көчөттөр эгилди.Өкмөттүн  тургундарына сугат суу  апрель айынан бери үзгүлтүксүз берилип  келүүдө. 8км ички арыктар тазаланган, сугат суу 4 айылга жеткирилген, кезек менен сугарышат.Савай жана Күңгөй каналдар райондук суу чарба башкармалыгы  менен  бирдикте  тазаланган.

Демөөрчүлөр тарабынан Таш-Булактан,  Кара-Шоро айылына чейин 1 км 800 м жерге суу чыгарышкан Кызыл-Ой айылына караштуу Көк-Жар участкасынан Кызыл-Ой айылына чейин 2 км 500 метр жерден суу чыгарылган элдин  күчү менен 30,0 миң акча жыйналып  иштетилген 2 км 500 метрге  шланга тартуу  үчүн элдер  өздөрү  чогултуп 45,0 миң сом  топтоп  беришкен.  Айыл өкмөт боюнча  аренда алгандар 50 адам. Алты айга  30,0 миң  сом  аренда акы  төгүлгөн.

2018-жылдын 18-январында Арабдардын коому  тарабынан эң жакыр майып 8 атуулга ар бирине 500 кгдан көмүр берилди.

“Кувейт” тарабынан жарым жетим 10 жашка чейинки 6 балага 2700 сомдон ай сайын  жөлөк пул алып жатышат.

15-февраль Афганчылардын күнүнө карата 3 афган согушунун катышуучуларына 2000 сомдон  жалпы 6000 сом акча бөлүнүп берилди. “Бообек” ресторанына барып сый тамактар, концерттик программалар тартууланды.

8-Март аялдардын Эл аралык күнүнө карата өкмөтүнөн №27 буйрук чыгып, буйруктун негизинде бир топ иш чаралар  аткарылды. Айыл окмөтү тарабынан 8-Март аялдардын Эл аралык майрамына карата  30,0 миң сом акча каражаты каралган. 10 ишкер аялдар районго барып сыйланды. Ошодой эле Баатыр энелерден 40 аял айыл өкмөтүнө чакырылып ар бирине 500 сомдук белектер таркатылды,  концерттик программалар  тартууланды. Бардык суммасы 30,0 миң сом акча каражат сарпталды. 21-март “Нооруз” майрамына карата айыл өкмөтүнөн №35 буйрук чыгып, буйруктун негизинде  55,0 миң сом акча каражат бөлүнуп берилди.  Арпа-Тектир айылына 5 кыргыз үй тигилип, жамааттар аралык оюн зоок конкурстар болуп, “Нооруз” майрамы

-4-

жогорку  деңгээлде  өттү. Улуттук тамак-аштардын, спорттук оюндардын, ууздардын көргөзмөлөрү болуп өттү жана байгелүү орундарга акчалай сыйлыктар берилди.

Айыл өкмөтүндө “Баатыр Эне” орденине, “Эне даңк” медалына энелердин документтери даярдалып тапшырылды.

9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгына карата айыл өкмөтүнөн 45-буйрук  чыгып, буйруктун негизинде иш-чаралар иштелип, уюштуруу тобунун курамы түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан атуулдарды 9-май күнү райондук деңгээлде  өтүүчү  майрамдык салтанатка Боронов Дөөлатти алып барып, акчалай сыйлыктар белектер берилди.

10-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликти ачуу салтанаты болуп өттү. Ага айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланып тургузулду жалпы наркы 297,7 миң сом акча каражаты сарпталды.

Ошону менен биргеликте спорттун ар түрү боюнча райондо айылдарда оюндар өткөрүлуп бардык суммасы 35,0 миң акча каражаты жумшалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги жарлыгы менен май айынын 3 жекшембисин “Энелер күнүн белгилөө” жөнүндөгү жарлыгы боюнча айыл өкмөтүнөн № 58 17-май 2018-жылдагы буйругу чыгып иш-чаралар иштелди. Айыл өкмөтүндө коомго зор салым кошкон үзүрлүү эмгектенген 50 энени айыл өкмөтүнө чакырып сый  тамактар берилип, концерттик программа тартууланып белектер таркатылды. Баардык суммасы 30,0 миң сом акча сарпталды. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы атасы каза болгон 10 жашка чейинки жарым жетим 6 баланын документтери  Кувейттин пасобиесине тапшырылды. Ошондой эле Кувейттен ай-сайын пасобие алган 6 балага 10 кгдан ун, кумшекер,күрүч, тамат макрон таркатылды.

“Нур тамчы” коому тарабынан Жар-Кыштак айылынын тургуну жарым жетим аз камсыз болгон үй-бүлөнүң баласы Анишов Азаматка 3800 сомдук кийимдер алынып берилди.

Аз камсыз болгон, жакыр майып балдары бар 15 үй-бүлөлөрдүн балдарына “Нур тамчы” коому тарабынан кийим кечелер, бут кийимдер берилди.

1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнү айыл  өкмөүндө жогорку  деңгээлде белгилөө, аларга  ар тараптан камкордук көрүү, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдарына мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү боюнча айыл өкмөтүнөн №70 29-май 2018-жылдагы буйругу чыккан. Буйруктун негизинде иш-чаралар иштелип чыгып, уюштуруу тобунун курамы түзүлгөн. Балдарды коргоо күнүндө айыл өкмөтүнө 35 бала чакырылып белектер берилип шириндиктер таркатылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Пиримов тарабынан жакыр майып 13 үй-бүлөлөргө ун, май, кант, күрүч, печенье, чай, макарон берилди.

-5-

1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги тарбияланып жаткан балдарга 5,0 мин сомдук оюнчуктар алынып берилди. Бул мекемемедеги балдар бакчасында “ Бактылуу балалык”, “Балалыктын ачык асманы” атуу сүрөттөрдүн, плакаттардын чыгармалардын конкустары өткөрүлүп концерттик программалар тартууланды.

Айыл өкмөтүнүн  аймагындагы жарым жетим, майып балдарга, жакыр үй-бүлөлөрдөн  34  балага  белектер  шириндиктер  берилди.

Баардык суммасы 20,0 миң сом акча  каражаты  сарпталды.

“Нур тамчы” коому тарабынан жакыр  мүмкүнчүлүгү  чектелген 10 үй бүлөлөрдүн  балдарына  районго  алып барып  концерттик программалар, мултьфилимдер  көрсөтүлүп  белектер жана  балмуздактар  таркатылды.

31-август Эгемендүүлүк  күнүнө 27 жылдык  майрамына карата айыл өкмөтүнөн №95 буйругу  чыгып буйруктун  негизинде бир топ иштер аткарылды. Эгемендүүлүк күнүнө 55,0 миң сом акча каражаты каралып, көрнөк жарнактарга жана спорттук оюндарга  активдүү катышкан  атуулдарга 500-2000 сомго  чейин акчалай  сыйлыктар берилди.

“Нур тамчы” коому  тарабынан  турмуштун оор  кырдалына кабылган үй-бүлөөлөргө Кара-Шоро айылынын тургуну Орозбаева Нурайымга-2150 сомдук, Кызыл-Ой айылынын тургуну Нарынбек кызы Фатимага жана Акмаанайга-4200 сомдук  Боз-Караган айылынын тургуну Кыязбек уулу Абдүшүкүргө 2200 сомдук 2018-2019- окуу жылынын ачылышына карата  кийим кечелерди алып  беришти.

“Адеп башаты” кайрымдуулук фонду тарабынан 21 жарым жетим аз камсыз болгон үй бүлөлөргө   эттерди,кийим  кечелерди  таркатышты.

Ошондой эле  аз камсыз болгон  жалгыз бойлорго, согуштун  катышуучуларына  мектептердеги  Манас, Семетей, Сейтек, уюмдары  күндөлүк тиричиликтерине  жардамдашып жазында  үйлөрүнүн айланаларын тазалап, актап  жардамдарды беришүүдө.

АРИС тарабынан  алынып келинген  фронтальный погрузчик RONGWEI ZI 939E маркасындагы  ковшанын көлөмү 1,8 м\куб  техникасын ын жалпы баасы 2178400 (Эки миллион бир жүз сексен жети миң алты жүз) сомду түзөт.

2018-жылдын 6 ай   ичинде  айыл  өкмөтүндө  жергиликтүү  бюджетинин  эсебинен  төмөндөгүдөй  иштер  аткарылды

Жайытты тосуу боюнча 2 км 650 метр жерди тосуу боюнча тендерге берилди. Ал эми бакты тосууга Кытай-Дөбөгө уюштуруу үчүн 85,870 миң сом каралып порталга берилди. Көчөт алуу үчүн 8,0 миң акча которулган. 200 түп көчөт отургузулган.

-6-

1. №18 балдар  бакчасына  30  орундуу  ашкана  куруу   үчүн  209,5  миң  сом.

2. №18 балдар бакчасына жаңы тайпа ачуу үчүн 130,0 миң сом

3. Арпа-Тектир орто мектебине пластик айнек эшик орнотуу 195, 524 миң  сом.

4. М.Ташиев  атындагы орто  мектебине ажатканасын оңдоого өздүк 39,460 миң сом.

5. М.Ташиев орто мектебине  видео камера орнотууга 97, 230 миң  сом.

6. №18 балдар  бакчасын ремонту үчүн 40,0 миң сом

Айыл  өкмөтүндөгү  элдердин  малдарын  эмдөө  боюнча  төмөндөгүдөй  жыйынтыктар  болду.

Айыл  өкмөтүнүн  аймагындагы  малдарды  сандан  сапатка  өтүү  боюнча  жакшы  жолго  коюлган Айыл  өкмөтүндөгү  ветсервистин  башчысы Бегматов Базарбек  аркылуу  быйылкы  жылы  1-кварталда 10  баш  кара  малга  жасалма  уруктандыруу  жасалган.

Өкмөттүн  аймагындагы  элдердин  мал-жандыктарын  квартал  сайын  эмдөолөр  өткөрүлүп  турат.

1. Ийри  мүйүздүү  малдар  боюнча  эмдөөлөр:

Айылдын аталышы

Шарп (баш)

Сибир

Кара сан

Мите куртка каршы

Бруцеллез го кан алуу

Башка ооруларга  каршы

Боз-Караган

817

615

395

410

245

205

Кара-Шоро

719

572

305

395

255

107

Жар-Кыштак

256

215

120

55

50

56

Арпа-Тектир

785

785

415

485

450

203

Кызыл-Ой

185

185

95

35

30

34

Бардыгы:

2765

2372

1310

1380

1030

555

Жылкылар  боюнча:

1. Сибир  кулгунасына  каршы  эмдөө- 1507 баш

2. Сакоого  каршы  эмдөө-  1403

3. Мите  куртка  каршы- 1305 баш.

Кой-эчкилер  боюнча:

1. Сибир  кулгунасына  каршы  эмдөө -5040  баш.

2. Оспага  каршы  эмдөө -2010 баш

3. Кара  өпкөгө  каршы  эмдөө -2850 баш

-7-

Ит –мышыктар  боюнча  эхинококкозго  каршы  591  итке  дары  берилип  турат, квартал  сайын. Айыл өкмөт  боюнча 61 ит-мышыктар I-кварталга  атылды.

Продукцияларды  өндүрүү  жана  иштетүү:

Айыл чарба продукциялары

2017-жыл факт

6 ай

2018-жыл 6  ай факт

Аткарылганы %

Эт   т.

301,7

305,2

101,1

Сүт   т.

335,6

850,5

102,3

Жүң   т.

22,8

22,3

102,2

Жумуртка   м.д.

179,2

182,6

101,8

2018-жылда  айдап  себүү  боюнча :

Арпа               -           30  га

Жүгөрү                      -           55  га

Жашылча       -           36  га

Картошка       -           510  га

Көп  жылдык  чөп    -           292 га

Бир жылдык чөп -30 га жер аянты айдалып  иштетилди.

Айыл  өкмөтүнүн  бюджети   боюнча  токтолсом:

2018-жыл 6 ай  ичинде планы 4164,3 миң сом аткарылган.

Айыл  өкмөт  боюнча  салык  чогултуу  6 ай ичинде 6002,8 миң сом же болбосо 144 % га аткарылган.

Физикалык  жер  салыгынын  планы  41,1  факт,49,9 -121 пайызга

Юридикалык  жер  салыгынын  планы 25,6 факт 54,5- 106,0 пайызг

Айыл  чарбасына  арналган  планы19,9  факт 163,1-819  пайызга

Транспорт  каражаттарынын  салыгы  87,0 факт 115,4-132  пайызга

Патенттин  негизинде  под.салыгы 18,9 факт 36,9 –195 пайызга

Под.налог  план 342.8  факт 351,8- 102 пайызга

Ата энелер взнос план 222,7 факт- 205,3 – 92,2 пайызга

ФПС план 14,0  факт 143 -102  пайызга  аткарылган.

Лиценция 188,5 фак 910,3 482,9

Жайыт 67,7 факт23,7 35 пайызга

Айыл өкмөтүнүн 2018-жылда  аткарыла турган иштери:

1.Эки жаңы жумуш орундарын түзүү,жумушсуздуктун санын азайтуу.

2.Калктын дебитордук карыздарын кыскартуу жана электр энергиясын

-8-

пайдалануу,үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

3.Райондук токойчулугу менен биргеликте айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын

коопту жерлерине 500 көчөт отургузуу .

4.Арпа-Тектир,Кызыл-Ой,Жар-Кыштак айылдарына күнөс каналарды  куруу,жеке

ишкерлерге  арзан кридит алуусуна көмөк көрсөтүү.

5.Айыл өкмөтүндө жасалма жол менен уруктандыруучу пункттун ишин

жакшыртуу,элге асылдандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

6.Малдын так санын аныктап,воксина менен камсыз кылуу,малдын жугуштуу

ооруларын  алдын алуу ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу,малдарды

идентификациядан  өткөрүү

7.Турак жайларды камсыздандыруу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

жана турак жай ларды  камсыздандыруу.

8.Кооптуу жайларда жашаган калкты коопсуз жайларга көчүрүп чыгуу.

Жогорудагы көрсөтүлгөн иштер жыл ичинде аткарууга аракет кылам деп сиздерди ишендирип кетемин.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы:- А.Азимжанов.



 

Конур-Добо  айылдык  Кенешинин   5-чакырылышынын   19- отурумунун

Т О К Т О М У 19\2

Боз-Караган  айылы 19-сентябрь    2018-жыл

КРнын  мыйзамдарында каралган  компенсацииялардын жөлөк пулда жеңилдиктердин жана пенсиялардын өз убагында  төлөнүшүндө  соц.инспектор, соц кызматкердин байланыш кызматкерлердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Жергиликтүү өзалдынча башкаруу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын

31 беренесинин 3 бөлүмүнө ылайык

Коңур- Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т.

1.КРнын  мыйзамдарында каралган  компенсацииялардын  жөлөк  пулдардын

жеңилдиктердин  жана пенсиялардын өз убагында  төлөнүшүндө  соц.инспектор, соц кызматкердин байланыш кызматкерлердин жүргүзүп жаткан иштери талапкаылайык аткарылып жаткандыгы белгиленсин.

2.Айыл өкмөтү тарабынан берилип жаткан маалыматарды мыйзам чегинде берилишин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн соц кызматкери Р.Маматумаровага милдеттендирилсин.

3 Токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө алуу  айылдык  Кеңештин туруктуукомиссиясына тапшырылсын.

Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин төрагасы:-              С.Жээналиев.




 

Коңур-Дөбө айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын  19    отурумунун

Т О К Т О М У №19/3

Боз-Караган айылы                           19-сентябрь    2018-жыл.

Кыргыз  Республикасынын  шайлоо  жана  референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервинин курамын сунуштоо жөнүңдө

Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын  19-беренесинин  7-пунктуна  ылайык  Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  аймагындагы  участкалык  шайлоо  комиссияларынын  курамына  көрсөтүлгөн  резервдерди  аймактык  шайлоо  комиссиясына  сунуштоо боюнча

Коңур – Дөбө  айылдык   Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1.Кыргыз  Республикасынын  шайлоо  жана  референдум  өткөрүү  боюнча шайлоо комиссиялары жөнүңдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19- участкалык шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталсын .(тиркелет).

2.Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  аймагындагы  участкалык  шайлоо комиссиясынын резервинин курамын бекитип берүү Алай райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.


Коңур – Дөбө   айылдык Кеңештин  төрагасы :                         С.Жээналиев.



 

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  5-чакырылышынын

19\3  отурумунун  19.09  2018-жылдагы  токтомуна  тиркеме

№141  Боз-Караган  шайлоо  участкасынан  участкалык  шайлоо  комиссиясынын  резервине  көрсөтүлгөн  өкүлдөр:

1. Рыскул  уулу Кубанычбек-Боз-Караган  айылынын жаштар уюмунун шайлоочуларынан.

2. Мамытов Максут - Боз-Караган а/калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

3. Кочкоров Мунарбек  Кыдыруу участкасынын калк жашаган жеринин шайлоочуларынан.

4. Осмонова Нуржамал - М.Ташиев ат.орто мектебинин профсоюз уюмунан.

5. Жусуев Мелис - Кара-Шоро айылынын жаштар уюмунун шайлоочуларынан.

6. Абакирова Бегай Кара-Шоро айылынын калк  жашаган жеринин шайлоочуларынан.

7. Куламжанова Болдукан – Жар-Кыштак айылынын калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

8. Разаков Бекболот Жар-Кыштак айылынын аксакалдар Кеңешинин шайлоочуларынан

9. Тойчуев Туратбек – Жар-Кыштак айылынын жаштар уюмунун шайлоочуларынан

10. Жапаров Кенжебай – Жар-Кыштак айылынын калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

11. Матиев Алтынбек – Шамеке участкасынын калк жашаган жеринин шайлоочуларынан.

12. Рахманбердиева Мавлюда - М.Ташиев ат.орто мектебинин эмгек жамаатынын

13. Мамаев Акылбек- №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эмгек жамаатынан

14. Тойчубеков Турат - №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин прфсоюз уюмунан

15. Момунов Курманбек – Шилбилүү участкасынын калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

16. Базарбек уулу Мухаммед – Кыдыруу участкасынын жаштар уюмунун шайлоочуларынан

17. Азимбаева Дөөлаткан - Кара-Шоро айыл.калк жаша. жеринин шайлоочуларынан

18. Турдумаматова Толкун – Кара-Шоро айылынын аялдар Кеңешинин шайлоочуларынан

19. Мамытов Жылдызбек - Кара-Шоро айыл.калк жаша. жеринин шайлоочуларынан

20. Аблазова Майрамкан – Кара-Шоро айылынын жаштар уюмунун шайлоочуларынан

21. Асанов Абибилла – Боз-Караган айылынын аксакалдар Кеңешинин шайлоочуларынан

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  төрагасы:-                                 С.Жээналиев.



 

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  5-

чакырылышынын  19 кезексиз

отурумунун  19\3    19.09  2018-

жылдагы  токтомуна  тиркеме

№142  Арпа-Тектир  шайлоо  участкасынан  участкалык  шайлоо  комиссиясынын  резервине   көрсөтүлгөн  өкүлдөр:

1.Жолдубаева Зулайка - Арпа-Тектир орто мектебинин жаштар уюмунун

шайлоочуларынан

2. Ажикулова Гулбара - Арпа-Тектир орто мектебинин эмгек жамаатынан

3.Жунусов Асылбек- Арпа-Тектир а/калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

4.Кудайбердиев Кален- Арпа-Тектир а/калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

5.Дүйшеев Талантбек- Арпа-Тектир а/калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

6.Долатов Канатбек - Арпа-Тектир айылынын жаштар  уюмунун шайлоочуларынан.

7. Тургунбаева Элмира – Арпа-Тектир эмканасынын эмгек жамаатынан

8.Кыдыралиеава Нурила- Арпа-Тектир орто мектебинин аялдар Кеңешинин

шайлоочуларынан

9.Бакирова Динара – Арпа-Тектир орто мектебинин эмгек жамаатынан

10. Ташимбаев Советбек – Кызыл-Ой айылынын жаштар уюмунун шайлоочуларынан

11. Кадыров Нургазы-Арпа-Тектир а/калк жашаган  жеринин шайлоочуларынан.

12. Аматова Канышай- Арпа-Тектир а\аялдар Кеңешинин  шайлоочуларынан

13. Исмаилова Айгүл- Кызыл-Ой айлынын калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

14. Чодуева Билимкан- Кызыл-Ой айылынын аялдар Кеңешинин шайлоочуларынан

15. Мамишов Жаркынбек- Кызыл-Ой айылынын калк жашаган жеринин

шайлоочуларынан

16. Зикирова Гүлүмбү- Арпа-Тектир  айылынын жаштар  уюмунун шайлоочуларынан.

17. Мадумаров Медет – Арпа-Тектир айылынын калк жашаган жеринин

шайлоочуларынан

18. Зикиров Тагайбек- Арпа-Тектир айылынын калк жашаган жеринен

19. Кожоева Аселя- Арпа-Тектир а\аялдар Кеңешинин  шайлоочуларынан

20. Аматалиев Сабыт -Арпа-Тектир калк жашаган жеринин шайлоочуларынан.

21. Долатова Алтынай- Арпа-Тектир калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

22. Токтогулов Улан - Арпа-Тектир калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

23. Топчибаева Элиза- Арпа-Тектир айылнын Жаштар уюмунан

24. Эсенова Бактыгүл- Арпа-Тектир калк жашаган жеринин шайлоочуларынан

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  төрагасы:-                                 С.Жээналиев.




 

Коңур-Дөбө айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын  19    отурумунун

Т О К Т О М У №19/4

Боз-Караган айылы                          19-сентябрь    2018-жыл.

Алай райондук прокуратурасынын 12.09.2018-жыл №11-901-18 каршылык билдирүүсүнүн негизиндеайылдык Кеңештен чыгарылган 2017-жылдын 26- январындагы №8\5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Администрациялык  жоопкерчилик жөнүндөгү” кодексинин 579 беренеси жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы” жөнүндөгү  мыйзамынын 21 беренесинин негизинде

Коңур – Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Алай райондук прокуратурасынын 12.09.2018-жыл   №11-901-18 каршылык билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңештен чыгарылган 2017-жылдын 26- январындагы №8\5 токтомун жокко чыгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин   мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана Кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиягатапшырылсын.

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  төрагасы:-                                 С.Жээналиев.



 

Коңур-Дөбө айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын  19    отурумунун

Т О К Т О М У №19/5

Боз-Караган айылы                                        19-сентябрь    2018-жыл.

Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» »Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ө алдынча  башкаруулардын Союзунун  Союзга  мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп  берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып  талкуулап Коңур-Дөбө  айылдык Кеңеши

Т О К  Т О М         К Ы Л А Т.

 

1.Коңур-Дөбө айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз  алдынча башкаруулардын  Союзуна мүчө болуп  кирсин.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз  алдынча  башкаруулардын  Союзунун Уставына  ылайык жылына 1 жолу  калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк  төлөм төлөнүп берилсин.

3.. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз  алдынча  башкаруулардын  Союзу менен  иш алып баруу Коңур-Дөбө айыл өкмөт  башчысына жүктөтүлсүн.

 

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  төрагасы:-                                 С.Жээналиев.



Коңур-Дөбө айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын  19    отурумунун

Т О К Т О М У №19/6

Боз-Караган айылы                                         19-сентябрь    2018-жыл.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү  жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча  жамааттын орто  мөөнөттүү 2018- 2022-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө.

Жергиликтүү өзалдынча башкаруу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын

31 беренесинин 2  бөлүмүнө ылайык

Коңур-Дөбө айылдык  Кеңеши

Т О К  Т О М         К Ы Л А Т.

1.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү  жайыттарды башкаруу  жана пайдалануу боюнча жамааттын орто  мөөнөттүү 2018- 2022-жылдарга карата планын бекитилсин.

2.Түзүлгөн пландын негизинде   иш алып баруу айыл өкмөтүнүн  жайыт боюнча комитетин төрагасына  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу  айылдык  Кеңештин  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Коңур-Дөбө  айылдык  Кенешинин  төрагасы:-                                 С.Жээналиев.