Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Tue09222020

жаңыланды10:10:33 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel

Жошолу айыл өкмөтү 3/1-9/2

User Rating: / 0
PoorBest 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  III отурумунун

Т О К Т О М У  № 3/1

Жаңы- Турмуш айылы                                                                               09-февраль,  2017-жыл

2016-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы,ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2017-жылга бекитүү, 2018-2019-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндө

2016-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы,ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2017-жылга бекитүү, 2018-2019-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндөгү   Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык кеңешинин VI   чакырылышынын  III отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун билдирүүсү жактырылсын ( № 1 тиркеме тиркелет).

2. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы бекитилсин.

3. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик, Чет Элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн  муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине жана жамааттын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Жошолу айыл өкмөтүнүн  социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2017-2018-2019-жылдарга түзүлгөн болжолдуу планы бекитилсин .

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин  бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:                            К.А.Дейдиев.



 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын

III  отурумунун3/1  токтомуна № 1 тиркеме

09-февраль,  2017-жыл

Жошолу айыл аймагынын 2016-жылдагы   социалдык –экономикалык   өнүгүшүнүн,   экономикалык божомолдорунун   жана  бюджеттин  аткарылышы боюнча жыйынтыктары

2017- жылга коюлган милдеттери жөнүндө  маалымат

Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн  экономикалык   божомолдорунун  жана бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөттүн   бардык   жооптуу кызматкерлери , айылдык коомдук өз алдынча башкаруу органдары , менчигинин түрүнө  карабастан мектеп, эмканалар, СООПВ  жана башка  мекеме  жетекчилери тарабынан бир топ уюштуруучулук   жана  массалык иштердин жүргүзүлгөндүгү, ошондой эле негизги көрсөткүчтөр боюнча 2015-жылга карата салыштырмалуу  бир топ  уюштуруучулук  иштерди  жүргүзүүгө  жетишти.

2016-жылда  айыл өкмөттө  11  жолу заседание өткөрүлүп,  28 маселе талкууланып, тийиштүү  чаралар кабыл алынып, аткарылышы камсыздалды.

Айыл  өкмөтүндөгү  бардык 7 айылда үстүбүздөгү  жылда   Алай  райондук  мамлекеттик   администрациясынын   башчысы жана райондук деңгээлдеги мекеме жетекчилери менен бирдикте   элдик жыйындар өткөрүлүп, элдин суроо-талабын, ар түрдүү сын-сунуштарын ордунда чечип, кээ бир көйгөйлүү  маселелер боюнча    Алай  райондук  мамлекеттик   администрациясынын   башчысы-аким  И.А.Ташкуловдун   буйругу менен конкреттүү  иш чаралар бекитилип, аларды аткаруу үчүн тийиштүү  мекеме жетекчилерине жана айыл өкмөтүнө  тапшырылып, өз убагында көзөмөлдүккө  алынуу менен анын аткарылышы боюнча жарандарга жооп берилип турулду.

Жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы,  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү  жана  Алай  райондук  мамлекеттик администрациясы тарабынан 134  буйрук,  62  токтом,  чечим   жана протоколдор,   281  каттар келип, аткарылышы камсыздалып, жетекчиликке алынган.

2016-жыл ичинде   70 сунуш, арыз   жана   даттануулар   катталган. Өзүнчө кожолукка бөлүнүү, чарба китепке каттоого алууну,  материалдык    жардам  сураган арыздарга  тиешелүү  жооптор  берилди.

Жыл ичинде жарандык актыларды каттодо 183  наристе төрөлүп, аларга  туулгандыгы   тууралуу  күбөлүк,   51  нике тууралуу,   29  аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүгү,  54 өлгөндүгү  тууралуу акт  жазуулары   жүргүзүлдү.

2017 -жылдын   10-январына  карата  калкыбыздын саны   7156    адам катталып,  1775 кожолукту  түздү.

Айыл өкмөттүн бюджетинин   74 %  Республикадан  келүүчү  толуктоочу гранттын  эсебинен каржыланат. 2016-жыл үчүн бюджет  7742,2  миң сом  пландаштырылып, аткарылганы    9099,2   миң     сомду түздү,  анын   ичинен толуктоочу грант   6152,2  миң сомго пландаштырылып толук каржыланды.

Өздүк киреше 1590,0 миң сом пландалса, аткарылганы 2488,2 миң сомду түзүп, 898,2 миң сомго көп же болбосо   156 %  аткарылды.

Электр  энергиясы  үчүн  бизге    230,0 мин  квт  бөлүнүп,  534,0  жогорудагы  лимит  үчүн  жергиликтүү  бюджеттин  эсебинен   «Ош-Электро»  ишканасына  толугу  менен   которулуп  берилип,  быйылкы  жылга  692,8  мин  сом  акча  каражаты    республикалык  бюджеттин  эсебинен  келип  түшүп,  калктын  колдонуусуна    Ош-Электро  ишканасынан  которулуп  берилди.

Коммуналдык кызмат көрсөтүүгө     617,2 сом белгиленсе , кассалык чыгым     537,7   сомду түзүп, анын ичинен ичүүчү  таза суу үчүн    74,2  сом, телефон  байланышы   үчүн    13,9  сом жергиликтүү  бюджеттин эсебинен  каржыланды.

Айыл   өкмөтүнүн кызматтык   автоунаасы   үчүн   130,8   сом, анын ичинен   103,8  ГСМ, запастык   бөлүктөргө    27,0.

Айыл өкмөтүн көмүр менен камсыздоодо, ОсОО “Перити-Коал” ишканасы менен келишим түзүлүп, 4 тоннасы Миязды жана Курманжан датка  китепканаларына,   88 тонна Сатиев Ш. атындагы орто мектебине, 29 тоннасы К.Турганбаев атындагы орто мектебине, 24 тоннасы С.Төрөшев атындагы орто мектебине ,  10  тоннасы  А.Бейшеев  атындагы  негизги  мектебине , 20 тоннасы айыл өкмөттүн канторасына  түшүрүлүп, жалпысынан    175  тонна көмүр менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, бүгүнкү күндө мектептер жана китепканалар толугу менен камсыз болду.Ошондой эле ОсОО “Перити-Коал” ишканасы менен Улан Примовдун   демөөрчүлүгү аркылуу айыл өкмөтүндөгү майыптарга, жалгыз бой карыяларга жана тоголок жетимдерге 20   тонна  акысыз  көмүр  түшүрүлүп ,   таркатылды.

Ички жана сырткы миграцияда жүргөн атуулдар боюнча:

2016-жылдын   жыл  ичинде  айыл өкмөтүнөн каттоодон чыгып кеткен адамдардын саны 48 адамды түзүп, анын ичинен тышкы миграцияга кеткен адамдардын саны 25, ички миграцияга чыккан адамдардын саны 23 адамды түздү. Ал эми айыл өкмөтүнө келип каттоого турган адамдардын саны 25 болду.

Табигый кырсыктын алдын алуу боюнча:

2016-жылдын ичинде жогору жактан келген 42 токтом, буйруктар , 29 каттар  келип, алар мөөнөтүндө аткарылды. Ошондой эле 13  жаран арыз менен кайрылып, бул боюнча ӨКМдин Алай райондук бөлүмчөсүнө билдирилип,  жер, таш көчкү жана жээктердин эрозия коркунучунда жашоосун улантып жаткан 64 жаранга коопсуз жайга көчүү үчүн эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Табигый кырсыктын алдын алуу максатында ӨКМ тарабынан Осоавиахим  айылынын көпүрөсүнө 80 метр жерге дамба көтөрүлүп, 142 габион торчолору байланып бүткөрүлдү.

Кыз-Эмчек айылынын жарандарынын турак жайларын сел коркунучунан  сактоо максатында 135 габион торчосу байланып, бул иштер боюнча андан ары да иш алып барылууда. 2016-жылдын 16-майындагы катуу нөшөрлөгөн жаан-чачындын кесепетинен Осоавиахим, Жаңы-Турмуш жана Коммунизм айылдарындагы көпүрөлөргө коркунуч алып келгендигине байланыштуу, Жаңы-Турмуш  жана Коммунизм айылдарында  айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн куткаруу тобу жана жергиликтүү тургундардын жардамы менен селден сактоо иштери жүргүзүлдү. Жаан-чачындын кесепетинен жабыр тарткан көпүрөлөр, суу алып өтүүчү түтүк жана турак жайларга коркунуч алып келген сел ташкындарынын кесепетин жоюу жана калыбына келтирүү максатында айыл өкмөтү боюнча 5 (беш) долбоор жазылып, ӨКМдин СПЛМине киргизилди. Осоавиахим айылынын жашоочуларынын турак жайларына коркунуч алып келген Жошолу дарыясы техниканын жардамы менен өз нугуна бурулду.

2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткандардын 1-этабында 145 жарандын үйлөрү текшерилип, анын ичинен 8 жарандын үйүнө 4-даражадагы, 39 жарандын үйүнө 3-даражадагы, 96 жарандын үйүнө 2-даражадагы жана 2 жарандын үйүнө 1-даражадагы көрсөткүчтөрү ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти тарабынан коюлду.

2-этапта 23 жарандын арызы каралып, 11 жарандын үйү 4-даражадагы, 9 жарандын үйү 3-даражадагы, 2 жарандын үйү 2-даражадагы, 1 үй-бүлөнүн үйүнө үйүндө эч ким жок болгондугуна байланыштуу каралган жок.

1-этаптагы 4-даражадагы 8 жаранга үйлөрүнүн документтери такталып, ипотекалык сертификат берилди.Ал эми 3-даражадагы 3 жаранга 10 000 сомдон капиталдык ремонту үчүн акча каражаты бөлүнүп берилди.Бүгүнкү күнгө чейин 4-жана 3-даражадагы жабыр тарткан үйлөрдүн ээлерине гуманитардык жардам:

76 мешок ун, 597 кг макарон, 8 пачка туз, 44 даана эски кийим, 32 жуп жаңы бут кийим, 328 литр май, 18 даана одеяло, 115 кг пряник, 25 кг күрүч, 630 кг пияз, 1147 кг сабиз, 10 кг капуста, 275 кг кумшекер жана 32 тонна көмүр таркатылып берилди.

1-этаптагы 4-даражадагы жабыр тарткан үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан берилүүчү 200 000(эки жүз миң) сомдук ссуданын 150 000(жүз элүү миң) сому берилди жана жашоо шартынын начар абалда экендигине байланыштуу бир адамга 190 000(жүз токсон миң) сом жана калган жабыр тарткан жарандардын баарына 60 000(алтымыш миң) сомдук гуманитардык жардамдар таркатылды.2-этаптагы  турмуш шарты начар  2 жаранга кошумча 100 000 (жүз миң)  сомдон накталай акча каражаты берилди.

Айыл чарбасы боюнча:

Жазгы талаа жумуштары боюнча ар бир айылда штаб түзүлүп, айыл чарба жерлерин иштетүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн, дан эгиндерин өз убагында жыйнап алуу боюнча бир топ жакшы иштер аткарылды.

Айыл өкмөтү боюнча 511 га жер бар.Анын ичинен:

21 га жерге арпа, 20 га жерге жүгөрү, 25 га жерге жашылча, 321 га жерге картошка, 29 га жерге бир жылдык кесек тоют, 95 га жерге көп жылдык тоют эгилди.

Кайра бөлүштүрүү фондусунун жери 179 га болуп анын ичинен:

18 га кайракы айдоо, 157 га чоп чабынды  2 га сугат , 2 га жери бак .

Кайра бөлүштүрүү фондусунан аренда акысы 9 айга план 45 000 сом болсо, 50 000 сом төгүлүп, план 111 % га аткарылды. Ал эми 2015-жылга салыштырмалуу 6 % га көп аткарылды.

Айыл аймагы боюнча 8050 түп терек, 1600 түп өрүк, 2000 түп алма, 90 түп сирень, 510 түп бадам эгилди. Ошондой эле Коммунизм айылынын тургуну Айдаров Азизбек жана Жаңы-Турмуш айылынын тургуну Нышанов Калмурза  өздөрүнүн каражаты менен күнөскана куруп, помидор эгип, ишке киргизилди жана Айдарова Алмагүл, Омошов Абдрасул менен Токторбаева Айзадага “Бай Алай” киреше алып келүүчү чакан бизнести өнүктүрүү программасы тарабынан күнөскана курулуп,пайдаланууга берилди.

Маданият тармагы боюнча:

Жошолу айылдык маданият үйү жана элдик театры  жыл башына түзүлгөн иш пландын негизинде , 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу жогорку органдардан келген буйруктар, жоболордун негизинде иш алып барууда. Атап айтканда,  жаңы 2016-жылды тосууда, 21-февраль мамлекеттик тил күнүнө жана 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мектептер аралык Тамашоу сынагы өткөрүлдү. 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата айылдар аралык “Кош жүрөк” сынагы, 21-март Нооруз майрамына карата салтка айлангандай эле Осоавиахим айылында кыргыздын улуулугун, нарктуулугун даңазалап кыргыз элинин жашоосун, ата-бабалардан бери сакталып келе жаткан салт-санаасын, улуттук тамак-аштарын, оюн-зоокторун көрсөтүп, эң жогорку деңгээлде майрам өткөрүлдү.Бул салтанатта жамааттар арасындагы сынактар өткөрүлдү.9-май Жеңиш күнүн, 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүн, 19-май Энелер майрамын, 13-августта Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы, 13-август  “Улуу Мурас” этно-фестивалы  ж.б. бардык даталуу күндөр белгиленди.

Калкты социалдык жактан коргоо боюнча:

Жошолу айыл өкмөтүнүн  2016-жылда жакырчылыктын деңгээли жакыр үй-бүлөлөр  587  үй-бүлө  болуп, 33 % түзөт.

Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын статистикалык комитети тарабынан аныкталган 2012-жылдын ноябрь айынан баштап көрсөтүлгөн жакырчылыктын көрсөткүч деңгээли боюнча жан башына туура келүүчү кирешеси   0-810  сомго чейинки мамлекеттик колдоого муктаж эң жакыр 287 үй-бүлө, кирешеси 811-1354,1 сомго чейинки  кирешеси бар  200  үй-бүлө,   кирешеси 1354,2-2181,08 сомго чейинки жакыр үй-бүлөлөр 90  соц. паспорттун негизинде аныкталган  үй-бүлөө  экендиги белгилүү.

Ал эми жеңилдик алуучулар боюнча УАМС катышуучулары 1, Ооган согушунун катышуучулары-4, тылдын каармандары 4, аскер майыптары_1, жарым жетим калган балдар 100, тоголок жетим калган балдар 3жаштан 18 жашка чейинки майып балдар 12, жалгыз бой энелер 5, баатыр энелер 81, 1-топтогу майыптар

17, 2-топтогу майыптар 110 , 3-топтогу майыптар17, жалгыз бой карыялар 5, соц.  пособие алуучулар 49 үй-бүлө .

Ооган согушунун катышуучуларына 15-февраль күнү майрамдарына карата 8 000 сом акча бөлүнүп берилди. 7-апрель революция күнү, 24-апрель Чернобыль апаатына катышкандардын майрамы, 8-март Аялдардын Эл аралык майрамы, 9-май Жеңиш күнү, 1-июнь балдарды коргоонун күнү, 10-июнь Ош окуясынын 6 жылдыгы,31-август Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы, “Улуу Мурас” этно-фестивалы сыяктуу бардык даталуу күндөр белгиленип, майрам ээлерине бир күндөн  майрамдык маанай тартууланды.

Салык боюнча:

Жошолу  айыл  өкмөтүнүн  2016-жылдын  12 айына   берилген  салык  жана  салык  эмес  жыйымдары  боюнча  берилген  план  тапшырманын     аткарылышы  боюнча  маалымат.

Салык  түрлөрү

2016-жыл 12 айга берилген  план

2016-жылдын  12 айында  аткарылганы

Айырмасы

+  -

Аткарылышы

%

1.

Юридикалык  жер  салык

56000,00

163060,00

+107060,0

291,0%

2.

Физикалык  жер салык

92000,00

92020,00

+20,0

100,0%

3.

Айылчарбага  арналбаган  жер салык

9000,00

9002,00

+2,0

100,0%

4.

Кыймылсыз  мүлк  салык

2000,00

2900,00

+900,0

145,0%

5.

Ыктыярдуу  патент

85000,00

87250,00

+2250,0

102,0%

6.

Транспорт  салыгы

175000,00

278112,05

+103112,05

158,0%

7.

Сатуудан  алынуучу  салык

106000,00

24676,00

-81324,0

23,0%

8.

Киреше  салык( подоход)

838000,00

850557,00

+12557,0

101,0%

9.

КБФ  (аренда)

60200,00

60200,00

00

100,0%

10.

Рояльти

3800,00

1150,00

-2650,0

30,0%

11.

Госпошлина

12000,00

19795,50

+7795,0

164,0%

ИТОГО:

1439000,00

1588722,55

+149722,55

110,0%

Статистика  боюнча:

А.и мал чарбачылыгы боюнча:

2016-жылга карата эт 1081,8 тн өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 103% пайызга, сүт 2692,2  тн өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 102,8 % пайызга, жүн 31,4 тн өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 103,1 % пайызга  аткарылган.

Дыйканчылык боюнча:

2016-жылга  карата арпа 359,1 тн өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 100,4 % пайызга, картошка 423,3 тн өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 101,0% пайызга, жашылча  тн 56,3 өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 102 % пайызга, кесек тоют 9200,0 тн өндүрүлүп  2015-жылга салыштырмалуу 106,8 % пайызга  аткарылган.

ВУС кызматкерлеринин аткарган иштери боюнча:

2016-жылы альтернативалык кызматчылар аркылуу төгүлгөн акча

800 000

Сом менен

2016-жылга  планы

800 000

Сом менен

Альтернативалык кызматта канча бала бар

80

Саны

Альтернативалык кызматка жазгы чакыруулар

10

Саны

Армияга кабыл алынганы

8

Саны

Айына төлөнүүчү взнос

1000

Сом.

2000-жылы туулган балдардын РВК га учетко алуу үчүн мекеме-мектептерден тизмеленгени

61

Айыл өкмөтүнө  инвестицияларды тартуу боюнча:

Айылыбыздын  социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн Ата Мекендик  жана чет элдик инвестицияларды тартуу менен өнөктөштүктө  иш алып барууну биринчи кезекке коюп, алар менен жакындан иштешип келе жатабыз.Тартылган инвестиция боюнча айтсак:

  1. Жаңы-Турмуш айылындагы №19 Курманжан датка атындагы орто мектебине 150 орундуу 33,5 млн сомдук жаңы мектептин имараты мамлекет тарабынан каржыланып, азыркы күндө 1-кабатынын дубалы бүттү;
  2. №21 Сатиев Ш атындагы орто мектебине , №46 А.Бейшеев атындагы негизги мектебине көмүркана куруу үчүн жана  №21 Дил-Булак балдар бакчасына ажаткана жана жайкы балдардын ойноочу аянтчасын куруу үчүн Жаңы-Турмуш айылындагы № 19 Курманжан датка атындагы орто мектебинин бузулган эски имаратынын материалдарынан курулуш материалдары бөлүнүп берилип, иш аягына чыкты;
  3. №20 К.Турганбаев атындагы орто мектебине ашкана куруу үчүн  Жаңы-Турмуш айылындагы № 19 Курманжан датка атындагы орто мектебинин бузулган эски имаратынын материалдарынан курулуш материалдары бөлүнүп берилип, иш 90% га аткарылды;
  4. Гүлчө-Жошолу жолунун 2 километрине ДЭП-969 ишканасы менен бирдикте асфальт төшөө үчүн 7 млн сомдук иш каралып, шагыл төшөө, жолду  түздөө-оңдоо иштери жүргүзүлдү;
  5. Миязды айылына мечит куруу үчүн Араб мусулман өлкөлөрү тарабынан 2 млн 100 000 (эки миллион бир жүз миң) сомдук инвестиция тартылып, курулуш иштери бүткөрүлүп мечит пайдаланууга берилди.
  6. Айылдык маданият үйүнүнө 1 929 628 сомдук түрткү берүүчү гранттан долбоор өткөрүлүп, ремонт иштери 85 % га жумуш аткарылды;
  7. Жал-Камыш айылына ӨКМ тарабынан 5 млн. сомдук автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди;

Билим  берүү   тармагы  боюнча:

Айыл  өкмөтүндө  балдарга  татыктуу  тарбия  берүү   багытында  бир  топ  иштер  жүргүзүлуп  келүүдө.  Айыл  өкмөттүн  аймагында  жайгашкан  5  мектепте   1270 окуучу  билим  жана  тарбия   алып,    128   мугалим  эмгектенүүдө.  Башталгыч  класстарга  атайы  шашке  тамак  уюштурулуп,    453  бала  тамактанат.  2016-жылга    1  мектеп электр  энергиясы  менен  4  мектеп  көмүр  менен  жылытылып ,   151  тонна  көмүр  сарпталды.

Калкты  медициналык  жактан  тейлөө  тармагы  боюнча:

Айыл  өкмөтү  боюнча  2  ФАП  бар,  анда  16 адам  эмгектенет.  Калкты  медициналык  жактан тейлөөдө  улуттук жана  мамлекеттик  “Манас-3”   программасынын  негизинде  иш  алынып  барылууда.  Медицина   кызматкерлеринин  негизги  милдети:   бейтаптарга  врачка  чейинки жардам  берүү,  ар  кандай  жугуштуу  ооруларга  каршы  эмдөө  жүргүзүү,  калк  арасында  санитардык  агартуу  иштерин  алып  баруу.

Кургак  учук,  кант  диабети,  эхинококкоз,  альвеококкоз,   сарык  оорусу  жана  башка  оорулардын  дары-дармектери  өз  убагында  үзгүлтүксүз  берилүүдө.  Адам  менен  малдарга  бирдей  жугуштуу  бруцеллез,  туберкулез,  сибирь  кулгунасы  сыяктуу  оорулардын  алдын  алуу  максатында  мектеп  окуучуларына  диктант,  сочинениелер  жаздырылып,  ЦСМ,    ден  соолук  комиттери  менен  биргеликте  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүүдө.

Жайыт   төлөмдөрү    боюнча:

Айыл  өкмөтү  боюнча  2016-жылга  бир  жылдык  жайыт  төлөм  ири  мүйүздүү  малга  жана  жылкыга  50  сомдон,  кой-эчкиге  10   сомдон  белгиленип,    айылдык  кенештин  сессиясында  300 000 мин   сом   өндүрүү  бекитилген.  Налогго  37  мин сом  төгүлдү.  Ак-Терек  айылына  жол  1  км,  Үнкүр  башы   1,5  км,  Кыз-Эмчектин  жылгасы  500  м,  Жал-Камыш  айылынан  500  м,  жолдор  ондолду.  Кыз-Эмчек  айылынан   Баш-Булакка  каптаж  узундугу  9  м ноо  жасалды.

2017-жылга  коюлган  милдеттер:

Аткарылуучу  иштин  мазмуну

Аткаруу  мөөнөтү

Ким  тарабынан  аткарылат

Иштин  көлөмү

Элдин    салымы

1

Жошолу  айыл  өкмөтүңдө  жергиликтүү   бюджетти  көбөйтүү

2017-ж

Жошолу  айыл  өкмөтүнүн 2013-ж 2017-ж.карата  өнүгүү  программасы

2

Жаны  жумуш  орундарын  түзүү

2017-ж

-\\-    -\\-

3

Социалдык  экономикалык  өнүгүүнүн  өсүү  темпин  жогорулатуу

2017-ж

-\\-   -\\-

4

Калкты  сугат  суу  менен  камсыздоо

2017-ж

-\\-   -\\-

5

Жергиликтүү  дыйкан  фермерлерге  айыл  чарба  продукциясын  иштетүү  боюнча  долбоор  жазуусуна  көмөк  көрсөтүү

Ар  дайым

-\\-   -\\-

6

Өз  учурунда  малдарды  вакцина  менен  камсыздап,  эпизоотиялык  абалды  туруктуу  кармоо  жана  жайыттарды  туура  пайдалануу

2017-ж

-\\-   -\\-

7

Осоавиахим айылына курулуучу  балдар  бакчасын  курууну баштоо

2017-ж

-\\-  --\\-

8

Жаңы-Турмуш, Ленин-Жол айылындагы мончолорду ремоттоп,  ишке киргизүү

2017-ж.

9

Айыл  өкмөтүндөгү  эскилиги  жеткен  мектептерди куруу

2017-ж

-\\- -\\-

10

Коомчулукту  коррупция  менен  күрөшүүгө  тартуу

2017-ж

11

Айыл  өкмөтүндө  укук  бузуулардын  алдын  алуу,  кылмыштуулукка  каршы  күрөшүү,  коомдук  коопсуздукуту  сактоо   боюнча  биргелешип  иш  алып  баруу

2017-ж

12

Диний  экстремизм  жана  терроризимдин  алдын  алуу  иштерин  уюштуруу

2017-ж

13

Өзгөчө  кооптуу  аймактардагы  күтүлүүчү  ар  кандай  кырсыктарды  алдын  алуу

2017-ж

14

Курманжан  датка  атындагы  орто  мектебин  жаны  2017-2018-окуу  жылына  берүү

2017-ж

15

Айылдык  маданият  үйүнүн  ремонтун  толук  бүткөрүү

2017-ж

16

Агротехникалык  эрежелерди сактоо  менен  картошканын  айдалуучу  аянтын  кенейтүү

2017-ж

17

Айыл  чарба  жерлеринин  асылдуулугун  жогорулатуу

2017-ж

18

Жергиликтүү  жана  жайыт  жолдорго  көнүл  буруу

1.Орто суу  айылына  көпүрө  куруу  боюнча  долбоор  сунуштарды  берүү

2.  Аюу-Тапан  айылына  кошумча  подстанция  куруу

2017-ж

 

 

Башчы:                                        Т.Абдырахманов.



 

Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  III отурумунун 2017-жылдын

09-февралындагы № 3/1 токтомуна № 2 тиркеме.

Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2017-2018-2019-жылдарга түзүлгөн

болжолдуу планы:

Аткарылуучу   иштердин   мазмуну

Аткаруу  мөөнөтү

Ким  тарабынан   аткарылат

Иштин

көлөмү

Элдин   салымы

1

Үч-Чат  каналын  ремонттон өткөрүү

2017ж

УОС,  южводстрой жана   айыл өкмөтү

2300,0

2

Гердегей   айылдарындагы  сел  коркунучундагы   жерлерге  дамба  байлоо

2017-18

ӨКМ, АЙЫЛ ӨКМӨТ

1300,0

3000

3

Жошолу  элдик  театрына  ички  инвентарын  алуу

2017-2018

Түрткү берүүчү грант

450,0

4

Айылдык   окмотунун   административдик имаратына инвентарь алуу

2018

Түрткү берүүчү грант

450,0

5

Кыз-Эмчек, Гердегей   айылына эмкана куруу

2018-2019-ж.ж

Ашар  жолу  (АРИС)

600  мин

6

Жайыт,  жайлоо  жолдорун  ремонттоо

2017-2019-жж.

АРИС

250,0

40,0

7

Торошев  ат.орто  мектебине жаны  имарат  жана спорт  зал  куруу

2018-2019-жж.

Республикалык бюджет

21000,0

8

Жаны-Турмуш, Осоавиахим айылдарына бала бакча куруу

2017-2018-2019-жж.

Ага-хан, Түрткү берүүчү грант

9

Коп  жылдык  тоют  осумдукторунун  уругун остуруу  жана корктондуруу.  Коп  жылдык   тоют  осумдукторунун  уругун  остуруу жана   айылдарга  жайылтуу.  Коммунизм  айылына  48  га  Ленин-Жол айылына  58 га,  Жаны-Турмуш  айылына  56  га,  Миязды  айылына  40 га,  Осоавиахим  айылына   70  га,  Аюу-Тапан  айылына  68  га

2017-2019-жж.

ПАЛМ

Айыл  окмот

10

Жаны-Турмуш  айылына  вулканизация  ачуу

2018

АРИС

120,0

11

Миязды  айылына  песко  блок    чыгаруучу  цех  куруу

2017-2018

Миязды  шамы  ЖЧК

12

Жаны-Турмуш   айылына  АЗС,  СТО  куруу

2017-2019-жж

Жамааттар

инвестиция

13

Эрозияга  учураган  жайыт  жерлерге  коп жылдык   Чоп    урондорун  себуу  айыл  округу   боюнча 500  га

2017-2019-жж.

Донорлор

ПАЛМ

Айыл  окмот

14

Айыл  чарбасына  жараксыз  жерлерди  жана  Жошолу  дарыясынын  жээктерине  тез  осуучу   бадал  осумдукторун  отургузуу

2017-2019-жж.

Айыл  окмот

ПАЛМ

Жамаат

Токой чарбасы

15

Элдин  кунумдук  жашоо  тиричилигин жакшыртуу   максатында  ПАкиза-Суу  ИСКАКБсынын  суу   кампасынан  Айгыр-Булакка 4  км  аралыкка  диаметри  200  млм  болгон темир  тутукчолорун  орнотуу

2017-2018-жж

Донорлор

ИСКАКБ

ӨКМ

Айыл   окмот

6000,0

16

Мал  чарбачылыгына  альтернативалык  жол  менен   киреше  табуу  максатында    айылдарга   бал  челектин  санын  кобойтуу

2017-2018-жж.

Айыл окмот

ПАЛМ

Жамааттар

17

Малдын   башын  асылдандыруу  таза  кандуу  айгырларды,  бука. Кочкор,  теке   алып  келуу  же  жасалма  уруктандыруу

2017-2018-жж.

Айыл  окмот  инвестиция

Вет  сервис

18

Жошолу-Гулчо  жолун  реконструкциялоо

2017-2019-жж.

Айыл  окмот  ДЭП-959

19

Жошолу  дарыясындагы  элдин кунумдук  тиричилигине  пайдалануучу  копуролорду  бышыктап ондоп салуу

2017-2018-жж.

Айыл  окмот

ӨКМ, жамааттар

20

Айыл  округунда  кысыр  аныздарды  оздоштуруп  коп жылдык   тоют осумдукторун  эгуу

2017-2018-жж.

ПАЛМ, жамааттар

21

Айыл  округундагы  эскилиги  жеткен  авариялык  абалдагы  трансформатор  (КТП)  жанылоо

2017-2018-2019

Алай  РЭТи

Айыл окмот

22

Ункур  участкасындагы  жолду  калыбына  келтируу  жана  Ак-Терек,  Кара-Токту,  Жаны-Турмуш,  Миязды,  Гердегей, Осоавиахим,  Уч-Чат  айылындагы  копуролорду  капиталдык  ремонттон откоруу

2017-2019

Транспорт  жана  коммуникация  министрлиги

ДЭП-559

23

Жаны  жумуш  орундарын  түзүү менен  бал  аарычылык  бирикмесинин ишин  жогорулатуу

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

24

Социалдык  экономикалык  өнүгүүнүн  өсүү  темпин  жогорулатуу

Экономиканын  өсүү  темпин  кеминде:

-  Айыл  чарбасында  дүң продукциясын  2 %  өстүрүү

-  курулушту  2%,

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

25

Өз  учурунда  малдарды  вакцина  менен  камсыздап,  эпизоотиялык  абалды  туруктуу   кармоо  жана жайыттарды   туура  пайдалануу

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү ветсервистер менен

26

Айыл  өкмөтүндөгү  эскилиги  жеткен  мектептерди  кайрадан  куруу  үчүн   долбоор  даярдоо  менен  иш  алып  баруу

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

27

Эмкана  куруу, Миязды  айылына  эмкана   куруу  иштерин  көзөмөлдөө

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

28

Ленин-Жол  айылына  ден  соолукту  чындоо  борборунун  долбоорун   даярдоо

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

29

Жергиликтүү  жана  жайыт  жолдорго  көнүл  буруу

1. Орто  суу   айылына  көпүрө  куруу  боюнча  долбоор  сунуштарды  беруүү

2. Аюу-Тапан  айылына   кошумча  подстанция  куруу

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

30

Мектепке   чейинки  билим  берүү  мекемелерин  ачуу  жана  балдарга  жакшы  шарт  түзүп  берүү

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

31

Ички  жана  сырткы  аймактарда  иштеп  жүргөн  калкты  иш  менен  камсыз  кылуу

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

32

Коомчулукту  коррупция  менен  күрөшүүгө  тартуу

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

33

Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө  кырдаалдар  министрлигине  кат  даярдоо  аркылуу  мониторинг  департаментинин  адистери  аркылуу  текшерүүгө  алуу,  сел  алып  кетүүчү  аймактарга  дамба  куруу   жана  элдин  демилгеси  менен  габион  торчолорун  Осоавиахим,  Жаны-Турмуш,  Коммунизм   айылдарына  орнотуу

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

34

Кыз-Эмчек  айылына  көпүрө  куруу.

Өзгөчө  кырдаалдарадан  сактануу  боюнча  окууларды  өткөрүү

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

35

Экологиялык  туруктуулукту  сактоо

Жайытытарды  пайдалануу

2017-2019-жж

Айыл өкмөтү

 

 

Башчы:                                     Т.Абдырахманов.



 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  III отурумунун

Т О К Т О М У  № 3/2

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                                                      09-февраль, 2017-жыл

Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетти бекитүү, 2018-2019-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетти бекитүү, 2018-2019-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун маалыматын угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык кеңешинин VI   чакырылышынын  III отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

  1. 2016-жылда Жошолу айыл өкмөтүнүн жалпы бюджеттин бекитилгени 7742,2 (жети миллион жети жүз кырк эки миң эки жүз) сомго, такталган планы 9325,4 (тогуз миллион үч жүз жыйырма беш миң төрт жүз) сомго, ал эми   , чыгаша бөлүгү 7967,8 (жети миллион тогуз жүз алтымыш жети миң сегиз жүз) сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
  1. 2017-жылга карата  Жошолу айыл өкмөтүнүн  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы жалпысынан 7971,3 (жети миллион тогуз жүз жетимиш бир миң үч жүз) сомго, анын ичинен теңөөчү грант 6363,3 (алты миллион үч жүз алтымыш үч миң үч жүз ) сомго, киреше бөлүгү нө 1608,0 (бир миллион алты жүз сегиз миң) сомго, анын ичинен атайын эсепке 150,0(бир жүз элүү миң) сомго бекитилсин.
  1. 2018-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы жалпысынан 8078,3 (сегиз миллион жетимиш сегиз миң үч жүз) сомго, анын ичинен теңөөчү грантка 6462,6 (алты миллион төрт жүз алтымыш эки миң алты жүз ) сомго , өздүк киреше 1697,0 (бир миллион алты жүз токсон жети миң) сомго  болжолдуу бекитилсин.
  1. 2019-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы жалпысынан 8715,0  (сегиз миллион жети  жүз  он беш миң) сомго, анын ичинен теңөөчү грантка 6911,4  (алты миллион тогуз  жүз он бир  миң төрт  жүз ) сомго , өздүк киреше 1803,6 (бир сегиз  жүз үч  миң алты жүз ) сомго болжолдуу  бекитилсин.
  1. Айыл аймагындагы жайгашкан мекеме-ишканаларга бюджетте каралган акча каражаттар статьялар боюнча жумшалышын камсыз кылуу жагы финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
  1. Жошолу айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептердеги жана мекеме-ишканалардагы отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана мектептердин чарбалык иштер боюнча директордун орун басарларына  милдеттендирилсин.
  1. Ата-энелер төлөмү № 21 «Дил-Булак» балдар бакчасына 300 (үч жүз) сом болуп бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип,  аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы  Т.Абдырахмановго  жана финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы Б.Эрмекбаевага  жүктөлсүн.

Төрага:                                  К.А.Дейдиев.



 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  III отурумунун

Т О К Т О М У  № 3/3

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                                                             09-февраль,  2017-жыл

Жошолу айыл өкмөтүнүн  айылдык кеңештин 2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

2017-жылга карата айылдык кеңештин иш планын бекитүү боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Абдиеванын маалыматын угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык кеңешинин VI   чакырылышынын  III отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Жошолу айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планы бекитилсин(тиркелет).

2. Айылдык кенештин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планында белгиленген маселелерди жетекчиликке алуу жана аткарылышын камсыз кылуу айылдык кенештин депутаттарына, туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:                               Дейдиев К.А.




 

БЕКИТЕМ

Жошолу  айылдык  кенешинин

төрагасы:__________ К.Дейдиев

“09” февраль,      2017-ж

Жошолу  айылдык  кеңешинин  2017-жылга  түзүлгөн

И Ш      П Л А Н Ы:

Заседаниеде  каралуучу  маселелер

Аткаруу  мөөнөтү

Жооптуу   аткаруучулар

Отчет  берет

1.

Жошолу  айылдык  кенешинин  2017-жыл  үчун  түзулгөн  иш  планын  бекитүү

1  квартал

К.Дейдиев,  айыл  өкмөт  башчысы

А.Абдиева

2.

Айыл  өкмөтүнүн  2016-жылдын  соц  экономикалык  планынын  аткарылышы  жана  2017-2018-жылдарга  социалдык  экономикалык  өнүгүү  планын  бекитүү

1  квартал

а\ө  башчысы,  бөлүм  башчы

а\ө  башчысы,  бөлүм  башчы

3

Айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  2016-жылда  аткарылышы  2017-жылдын  бюджетинин  долбоорунун  болжолдуу  пландарын  бекитүү

1  квартал

Туруктуу  комиссия, бөлүм  башчы

а/ө башчысы, бөлүм  башчы

4.

Айыл  өкмөткө  2015-2016-жылдардагы  тартылган  инвестициялардын  максаттуу  пайдаланылышы,  2016-2018-жылдарга  тартыла  турган  инвестицияларды  болжолдуу  аныктоо

1  квартал

Туруктуу  комиссия, бөлүм  башчы

а/ө бачысы Т.Абдырахманов

5.

Ар  түрдүү  маселелер

1  квартал

1.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун  чектелиши ,аз камсыз үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча комиссиянын жүргүзгөн иши

2-  квартал

Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия

Соц.кызматкер Ж.Темирбаева

2.

2016- жыл ичинде айыл өкмөттүн салык кызматкеринин жүргүзгөн иши жөнүндө.

2-  квартал

Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссия

Салык кызматкери А.Жеенбеков

3.

Ар түрдүү маселелер:

2-  квартал

1.

Жайыт  комитетинин  иш  абалы

3- квартал

Туруктуу  комиссия

Жайыт  комитетинин  төрагасы

2.

Жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдыктар,айыл чарба жерлерин тактоо,ФПСтин жерлерин арендага берүү, берилген жерлерди максаттуу пайдалануу, көзөмөлгө алуужер адистин жүргүзгөн иштери

2  квартал

Туруктуу  комиссия

Жер адис М.Топчубаев Вет  сервистин  башчылары,  вет  адис

3.

Элге  ветеринардык  кызмат  көрсөтүү,  жугуштуу  оорулардын  алдын алуу  боюнча  вет.адис, вет  сервистердин  иштери  жөнүндө

2-квартал

Туруктуу  комиссия

Жер адис М.Топчубаев

1.

Күз-кыш  мезгилдерине  карата  мекемелерди,  соц.обьектилерди  даярдоо,  ремонттолушунун  абалы

3  квартал

Туруктуу  комиссия

Мектеп,  мекеме  жетекчилери

2.

Ыйман, адеп   жана  маданият  жылына  карата  айылдык  маданият  үйүнүн, мекеме ишканалардын  аткарган  иштери

3  квартал

Туруктуу  комиссия

маданият  үйүнүн  башчысы,мекеме жетекчилери

3.

Ар  түрдүү  маселелер

3  квартал

1.

2017-жылга  карата  Ата Мекендик  жана  чет  элдик  инвестиция  менен  иштөөнүн  абалы

4 квартал

Туруктуу  комиссия

Айыл  өкмөт  башчысы,  тиешелүү  адистер

2.

Ар  түрдүү  маселелер

4 - квартал

Туруктуу  комиссия

Айыл  өкмөт  башчысы,  тиешелүү  адистер

Айыл  өкмөтүнүн  жооптуу  катчысы:                                          А.Абдиева.



 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  III отурумунун

Т О К Т О М У  № 3/4

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                                09-февраль,  2017-жыл

Жошолу айыл өкмөтүнүн  2016-жылдын бюджетинен каралган суммадан үнөмдөлүп калган 699,9 миң сом акча каражатын керектүү бөлүмдөргө бөлүштүрүп берүү жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнүн  2016-жылдын бюджетинен каралган суммадан үнөмдөлүп калган 699,9 миң сом акча каражатын керектүү бөлүмдөргө бөлүштүрүп берүү тууралуу

Жошолу айылдык кеңешинин VI   чакырылышынын  III отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн  2016-жылдын бюджетинен каралган суммадан үнөмдөлүп

калган 699,9 миң сом акча каражатын төмөндөгү  бөлүмдөргө бөлүштүрүлүп берилсин:

Бөлүм

Берене

Берененин аталышы

Сумма

1

701

2211

Иш сапар чыгымдары

31,7

2

701 аппарат

3111

Имараттар жана курулуштар

217,8

3

704 экономикалык чыгымдар

3112

Машина жана жабдуулар

176,9

4

708 китепкана

2111

Эмгек акы

1,5

5

708 клуб

2215

Ар түрдүү чыгымдар

65,0

6

709 орто мектептер

2215

Ар түрдүү чыгымдар

5,0

7

709 орто мектептер

2222

Учурдагы чарбалык чыгым (Текущих хоз.целей)

48,0

8

709

22311200

Электр энергиясынын төлөмдөрү

93,1

9

710

22154900

Ар турдуу чыгымдар

50,0

10

709

2218

Атайын каражат

10,0

Жыйынтыгы:

699,9

 

2.Айыл аймагындагы жайгашкан мекеме-ишканаларга бюджетте каралган акча каражаттар статьялар боюнча жумшалышын камсыздоо  жагы финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

3.Жошолу айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептердеги жана мекеме-ишканалардагы отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана мектептердин чарбалык иштер боюнча директордун орун басарларына  милдеттендирилсин.

4.Ата-энелер төлөмү № 21 «Дил-Булак» балдар бакчасына 300 (үч жүз) сом болуп бекитилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип,  аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы  Т.Абдырахмановго  жана финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы Б.Эрмекбаевага  жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                              К.А.Дейдиев




 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  III отурумунун

Т О К Т О М У  № 3/5

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                                           09-февраль , 2017-жыл

Жошолу айыл өкмөтүнүн  аймагында  бодо  малдарды идентификациялоо боюнча ветеринардык кызматкерлерлердин эмгек акысын төлөө жөнүндө

Жошолу  айыл  өкмөтүнүн  ветеринардык  адиси  С.Алымкуловдун  билдирүүсүн  угуп  жана  талкуулап

Жошолу айылдык кеңешинин VI   чакырылышынын  III отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

  1. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  ветеринардык  жана  фитосанитардык  коопсуздук  боюнча  инспекциясынын  2017-жылдын  20-февралындагы  №31 буйругуна  жана  Алай  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  27.02.2017-жылдагы  №40   буйругуна  ылайык  айыл  аймагынын   ветеринардык  адистери  тарабынан  жеке  менчиктеги  саан  уйлар  жана  кунажындар  идентификациядан  өткөрүлсүн.
  1. Малдарды  идентификациялоо  боюнча  иштеген  адистерге  жогорудагы  буйруктардын  негизинде  биркага   40  сом,  адистердин  эмгек  акысына  30  сом, бардыгы  70  сом,  төлөшсүн.
  1. Чогулган  каражат  БИК  129052, Р/С 1290524132820096,  Л/С  4402012100003672  эсептерине  которулуп  берилсин.
  1. Токтомдордун  аткарылышын  көзөмөлдөө  айылдык  кенештин  бюджет боюнча  комитетине   милдеттендирилсин,


Төрага:                                    К.А.Дейдиев




 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  III отурумунун

Т О К Т О М У  № 3/6

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                                      09-февраль  2017-жыл

Жошолу айыл өкмөтүндо жайыт комитетинин иш абалы, жайыт комитетинин торагасынын бир жылдык отчету жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүндө  жайыт комитетинин иш абалын карап, бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын (26.01.2009-ж. № 30 ред.) негизинде

Жошолу айылдык кеңешинин VI   чакырылышынын  III отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн  жайыт комитетинин төрагасынын бир жылдык иши кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын (26.01.2009-ж. № 30 ред.) 10-беренесинин негизинде айыл өкмөтундө жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгон бюджети жана жайыттын төлөмү ар бир бодо малга 50 (элүү) сом, кой-эчкиге 10 (он) сом, ал эми сырттан келген ар бир бодо малга 100 (жүз) сом, кой-эчкиге  20 (жыйырма) сом болуп белгиленсин. Жалпы бюджет 310 000 (үч жүз он миң) сом өлчөмүндө бекитилсин .

3. Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмолгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен  түшүндүрүү  иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.

4. Айыл аймагында жайыт комитети оз иш аракетин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы жайыт комитетинин торагасы З.Бороновго жана жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:                              К.А.Дейдиев.



 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  III отурумунун

Т О К Т О М У  № 3/7

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                          09-февраль,  2017-жыл

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйза мынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Алай районунун Жошолу айылдык кенеши   жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

Жошолу айылдык кеңешинин VI   чакырылышынын  III отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүнө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсие, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынаары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы-Жайыт комитетине эскертилсин.

4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитеинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттендирилсин.

5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.

6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                            К.А.Дейдиев.


 



 

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI чакырылышынын  IV отурумунун

Т О К Т О М У  № 4/1

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                                                 19-апрель,  2017-жыл

Калктан алынуучу  салыктардын аткарылыш абалы жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүндө калктан   салык  топтоо боюнча  башкы салык инспектор  А.Жеенбековдун  отчетун угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI  чакырылышынын  IV отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Жошолу  айыл өкмөтүнүн  салык инспекторлору  тарабынан  салык топтоо боюнча  бир топ  уюштуруучулук  иштердин жүргүзүлгөндүгү  белгиленсин.

2. 2017-жылга карата  республикалык жана жергиликтүү салык төлөмдөрүн өз убагында  толтуруу  жагы айыл өкмөттүн башкы салык кызматкери  А.Жеенбековго милдеттендирилсин.

3. Салык  төлөмдөрү  боюнча  жеңилдик  алган жарандардын  тизмеси такталып, маалымат  тактасына  илинсин.

4. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:                                       К. Дейдиев




 

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI чакырылышынын  IV отурумунун

Т О К Т О М У  № 4/2

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                                                    19-апрель,  2017-жыл

“Пакиза Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин ( мындан ары ИСКАКБнын) жүргүзүп жаткан иши тууралуу

“Таза Суу” ИСКАКБнын жүргүзүп жаткан иши тууралуу айылдык кеңештин депутаты  Орозбай уулу Жеңиштин маалыматын, “Пакиза Суу”  ИСКАКБнын  төрагасы  А.Иманахуновдун отчетун  угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI  чакырылышынын  IV отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. “Пакиза Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык    коомдук бирикмеси тарабынан

бир топ иштердин  жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.

2. Жошолу айылдык кеңешинин  V чакырылышынын   XXIX  заседаниесинин  2016-жылдын 21-апрелиндеги   ичүүчү  суунун тарифин  бекитүү жөнүндөгү  №29/3 токтому күчүндө калтырылсын.

3. Токтомдун  аткарылышын камсыздоо “Таза Суу” ИСКАКБнын төрагасына, ал эми көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага:                                             К. Дейдиев



 

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI чакырылышынын  IV отурумунун

Т О К Т О М У  № 4/3

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                                                     19-апрель,  2017-жыл

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун  чектелиши

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун  чектелиши жөнүндө айылдык кеңештин депутаты, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Мусаева Венеранын маалыматын, соц. кызматкер Ж.Темирбаеванын отчетун   угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI  чакырылышынын  IV отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Жошолу  айыл өкмөтүнүн  соц. кызматкери, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча  комиссиясы   тарабынан  айыл өкмөттө   бир топ  уюштуруучулук  иштердин жүргүзүлгөндүгү   менен  бирге бир катар кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.

2. Аз  камсыз  болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик  жөлөк  пулдарын  чегерүүдө  Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик  жөлөк  пулдарды  чектөө жөнүндөгү”  Мыйзамына  ылайык  Алай райондук  социалдык өнүгүү  башкармалыгы  менен бирге  иш алып баруу, кызматтык милдеттерин так жана өз убагында  аткаруу  жагы айыл өкмөттүн  соц. кызматкери Ж.Темирбаевага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын

 

 

 

Төрага:                                   К. Дейдиев



 

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI  чакырылышынын  IV отурумунун

Т О К Т О М У  № 4/4

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                                                   19-апрель,  2017-жыл

Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин иш абалы, жайыт комитетинин төрагасынын бир жылдык отчету

Жошолу айыл  өкмөтүндө жайыт комитетинин иш абалын карап, биржылдык отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө  Мыйзамынын (26.01.2009-ж.№ 30ред.) негизинде

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI  чакырылышынын  IV отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин төрагасынын бир жылдык иши кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрд тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.

3. Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү  иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.

4. Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар менен Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамына жана айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетининр төрагасы               З. Бороновго жана жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:                                        К. Дейдиев




 

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI  чакырылышынын   IV отурумунун

Т О К Т О М У  № 4/5

Жаңы- Турмуш айылы                                                                                                                                                    19-апрель,  2017-жыл

Жазгы талаа иштеринин абалы

Жазгы талаа иштеринин абалы жөнүндө а/өкмөттүн  жер адиси  М.Топчубаевдин маалыматын угуп  жана талкуулап

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI  чакырылышынын  IV отуруму

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Айыл өкмөттүн 2017-жылдын жазгы талаачылык иштерине даярдык көрүү жана аны өткөрүүнүн жүрүшү боюнча жүргүзгөн ишмердигинде  жетишилген ийгиликтер менен бир катар кемчиликтерге  жол берилгендиги белгиленсин.

2. Айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн штабдын курамы 2017-жылдын түшүмүнө  айдап себүү иштерин  уюшкандыкта өткөрүүгө байланыштуу маселелерди ыкчам кароо жана чечүү боюнча  иш жүргүзсүн;

- Айдоо  аянттарын  сарамжалдуу пайдалануу жана бош айдоо жерлерди калтырбай эгүүнү өз убагында, сапаттуу аткарылышын көзөмөлгө алышсын;

- Колдо болгон ишке жарамдуу  жер айдоочу айыл чарба техникаларынын баарын оңдоп түзөө жана иш  даярдыгы  боюнча  көзөмөлгө алышсын;

- Айдап себүү структурасы боюнча талап кылынган сапаттуу үрөндөр менен камсыздоо;

- Ички чарбалык  сугат тармагын , арыктарды тазалоону өз убагында өткөрүүнү жамааттар менен бирдикте уюштуруу иштери;

- Каналдардын боюна тал-теректерди кыйдырып алуу  менен мындан ары  тал-теректерди эгип албоо боюнча  калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

3. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн  вегетациялык сугарууларынын башталышына чейин  каналдарды тазалоо, суу  курулмаларын өз убагында бүткөрүү жана мөөнөтүндө аткарып, калкты үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо райондук суу чарба башкармалыгынан суралсын.

4. Токтомдун   аткарылышын көзөмөлдөө экономикалык  саясат, муниципалдык менчик, жер маселеси боюнча туруктуу комиссияга   тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:                                      К.Дейдиев




 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  I Vотурумунун

Т О К Т О М У №  4/6

Жаңы-Турмуш айылы 19-апрель,   2017-жыл

Айыл  өкмөттүн аймагындагы айылдарда коомдук тартипти сактоо жөнүндө

Жошолу айылдык  кеңешинин V   чакырылышынын 2016- жылдын  12-февралындагы XXVIII заседаниесинин   № 28/4 токтому жөнүндө

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  I V отуруму

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.Айыл  өкмөттүн аймагындагы айылдарда  коомдук  тартипти  сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндөгү Жошолу айылдык  кеңешинин V   чакырылышынын 2016- жылдын  12-февралындагы XXVIII заседаниесинин   № 28/4 токтому  күчүндө  калтырылсын.

2.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы уюштуруу-укуктук  маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча  башкаруунун аймактык органдар менен өз ара  аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага :                                                                Дейдиев К.




 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  I V отурумунун

Т О К Т О М У №  4/7

Жаңы-Турмуш айылы 19-апрель,   2017-жыл

Жошолу  айыл  элинин ички тартип эрежелери  жана кызмат көрсөтүү  акыларынын тарифин бекитүү  жөнүндө

Айыл аймагындагы  айыл элинин жалпы элдик чогулушунда кабыл алган  ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү максатында

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  I V отуруму

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.    Ички  жайытка  көчүү  1-майдан 30-майга чейин, алыскы жайытка көчүү  20-майдан 10-июнга чейин, жайыттан  көчүп  келүү  1-октябрдан  эрте  эмес  мөөнөткө  белгиленсин.

2.    2017-жылдын  1-июнунан  баштап  дыйкандардын  үлүш  жерлерине  корук  уюштуруу  жер  ээлерине  милдеттендирилсин.

3.  Корук  уюштурууга  айыл  өкмөтү  көмөк  көрсөтсүн.

4.  Жайыт  акынын    (мал  башына)   50%  өлчөмүн  жылдын 1-октябрына  чейин  айыл  тургундары  милдеттүү  түрдө  төлөшсүн.

5.  2017-жылдын  1-июнунан  баштап  дыйкандардын  үлүш  жерлерине  корук  уюштурулгандыгына  байланыштуу,  мал  ээлери  короосундагы  малга  көзөмөлдүктү  күчөтсүн.

6.  Камакка  түшкөн  малга  түрүнө  карабстан  мыйзам  чегинде  айып  салынсын.

7.  Айыл  тургундары  жайыттарга  көчүү  эрежелерин  жана  мөөнөттөрүн  сактабаган  малчыларга  жана  бада  кайтаруу  тартибин  бузган  жарандарга  Кыргыз  Республикасынын   административдик  жоопкерчилик  тууралуу  кодексинин  17-  беренесинин  185-186,  193- беренелерине   ылайык  жоопко  тартылары  эскертилсин.

8.   Ушул  токтом  айыл  өкмөтүнүн  аппаратында  каттоодон  өткөрүлүп, элге  жарыялансын  жана  Кыргыз  Республикасынын  Ченемдик  укуктук  актыларынын  мамлекеттик  реестрине  киргизүү  үчүн  Ош  облусунун  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

9.  Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жана  тиешелүү  документтерди  даярдап  берүү  менен  укук  бузуулардын  алдын  алуу  жагы,  жайыт  комитетинин  төрагасы          З. Бороновго  милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага :                                          Дейдиев   К.




 

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  I V отурумунун

Т О К Т О М У №  4/8

Жаңы-Турмуш айылы 19-апрель,   2017-жыл

Айыл  өкмөтүнүн  алдында  административдик укук бузууга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын 2015-жылдын  18-майындагы  № 01-24/75 типтүү жобонун  негизинде айыл өкмөттүн алдында  административдик укук бузууга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын  курамын түзүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы З.А.Бороновдун билдирүүсүн угуп жана  талкуулап

Жошолу  айылдык  кеңешинин    VI   чакырылышынын  I V отуруму

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Кыргыз  Республикасынын 2015-жылдын  18-майындагы  № 01-24/75 типтүү жобонун  негизинде айыл өкмөттүн алдында  административдик укук бузууга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын  курамы  төмөндөгүдөй  болуп  түзүлсүн:

1.З.А.Боронов       - комиссиянын төрагасы, жайыт комитетинин төрагасы

2.А.Т.Жеенбеков  - орун басары, а/ө салык кызматкери

3.Б.К.Болушова    - катчысы, а/ө стат экономисти

МҮЧӨЛӨРҮ:

4.М.А.Топчубаев   -  а/ө жер адиси

5.А.Ж.Турешев      -айыл башчы

6.Шамшиев М.Ш.  – а/к депутаты

7.Базаркулов З.К.    – аймактык  тескөөчү

2. Түзүлгөн  комиссия  курамы  Кыргыз  Республикасынын 2015-жылдын  18-майындагы  №  01-24/75 типтүү жобонун  негизинде  иш жүргүзүшсүн

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу-укуктук  маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча  башкаруунун аймактык органдар менен өз ара  аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага :                                         Дейдиев К.




 

Жошолу  айылдык  кеңешинин VI   чакырылышынын  кезексиз  5 - отурумунун

Т О К Т О М У №  5/1

Жаңы-Турмуш айылы 12-июнь,   2017-жыл

Ош облусунун Алай  районундагы  Жошолу  айыл өкмөтүнүн“ Алай  Тоо балы ” товардык- сервистик Кооперативинде жаңы тукумдагы  энелик аарыларды өстүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  “ Аарычылар жөнүндө ”  Мыйзамына  ылайык, Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2009-жылдын  13- ноябрындагы  №  704  токтомунун негизинде  Жошолу айыл өкмөтүнүн  “ Алай Тоо  балы ” товардык- сервистик  Коопаративинде  жаңы  тукумдагы  энелик аарыларды  өстурүү  жөнүндөгү  коопаративдин жетекчиси  К.Абдуллаевдин билдирүүсүн угуп  жана талкуулап

Жошолу  айылдык  кеңешинин   VI   чакырылышынын  кезексиз 5- отуруму

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Алай районунундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн   « Алай Тоо балы »  товардык-сервистик коопаративи  иштеп  жаткандыгына  байланыштуу  бал  челектеги  энелик аарылардын жаңы тукумдагы  аарыга өтүп жаткандыгынан улам  бал челектерди коюучу жерлердин чек арасын тактоо жагы  белгиленсин  жана  айыл өкмөттүн  аймагындагы пайдаланылбаган жерлер  « Алай Тоо балы » товардык-сервистик коопаративине                ( буфердик  зонага ) берилсин .

2.  Жошолу айыл өкмөтүнө  караштуу  Ленин-Жол  айылынын  Кара-Токту  участкасындагы  Кызыл-Таш  жайлоосуна чейинки  аралыгына  « Алай  Тоо балы » товардык –сервистик кооперативи  жаңы тукумдагы  аарылар менен  иштеп  жаткандыгына  байланыштуу жергиликтүү аарылардан бөлөк башка жактан  бал  челек  киргизүүгө  тыюу  салуу айыл өкмөттүн жер адисине, айыл башчыларга жана кооперативдин вет.адиси Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин .

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айыл өкмөтүнүн  башчысы  Т.Абдырахмановго  жүктөлсүн.

 

 

Төрага :                                                                Дейдиев К.





Жошолу  айылдык  кеңешинин  VI   чакырылышынын  кезексиз  5- отурумунун

Т О К Т О М У №  5/2

Жаңы-Турмуш айылы 12-июнь,    2017-жыл

Жошолу  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин киреше  жана чыгаша  бөлүктөрүн  2018-2019-2020 жылдарга  болжолдуу бекитүү жөнүндө

Жошолу  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин киреше  жана чыгаша  бөлүктөрүн  2018-2019-2020- жылдарга  болжолдуу бекитүү жөнүндөгү  айыл өкмөттүн  финансы-экономикалык бөлүмүнүн  башчысы  Б.Эрмекбаеванын  билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап   

Жошолу  айылдык  кеңешинин   VI   чакырылышынын  кезексиз 5- отуруму

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. 2018-жылга  карата  Жошолу  айыл өкмөтүнун  киреше бөлүгү  9700,5 мин сомго, чыгаша  бөлүгү  9700,5 миң  сомго  болжолдуу  бекитилсин . Анын ичинен  теңдөөчү  грант  8128,5 миң  сомго ,  өздүк  киреше  1402,0  миң  сомго , атайын  каражат  170,0  миң  сомду түзгөн бюджеттин долбоору  бекитилсин.

2. 2019-жылга карата  Жошолу айыл өкмөтүнүн  киреше бөлүгү  9411,1 миң  сомго , чыгаша  бөлүгү  9411,1 миң  сомго  болжолдуу бекитилсин . Анын  ичинен  теңдөөчү  грант 7814,1 миң  сомго ,  өздүк  киреше  1427,0  миң сомго  ,  атайын каражат  170,0  миң  сомду  түзгөн  бюджеттин  долбоору  бекитилсин .

3. 2020-жылга карата  Жошолу айыл өкмөтүнүн  киреше бөлүгү  9015,5 миң  сомго , чыгаша  бөлүгү  9015,5 миң  сомго  болжолдуу бекитилсин . Анын  ичинен  теңдөөчү  грант 7375,7 миң  сомго ,  өздүк  киреше  1469,8 миң сомго  ,  атайын каражат  170,0  миң  сомду  түзгөн  бюджеттин  долбоору  бекитилсин

4. Бул токтомдун аткарылышын   камсыздоо үчүн  керектүү  беренелер боюнча  мыйзам чегинде  болжолдуу  коюу жагы  айыл өкмөттүн  финансы-экономикалык  бөлүмүнүн  башчысы Б.Эрмекбаевага  жүктөлсүн .

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айылдык  кеңештин  бюджет боюнча  туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин .

 

 

Төрага :                                                                Дейдиев  К.





Жошолу  айылдык  кеңешинин  VI чакырылышынын  кезексиз 5- отурумунун

Т О К Т О М У №  5/3

Жаңы-Турмуш айылы 12-июнь,   2017-жыл

Участкалык  шайлоо комиссияларынын резервдик  курамдарын  бекитүү жөнүндө

“Кыргыз  Республикасынын  шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө  ылайык участкалык  шайлоо комиссияларынын резервдик  курамдарын бекитүү жөнүндө

Жошолу  айылдык  кеңешинин VI   чакырылышынын  кезексиз 5 - отуруму

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. “Кыргыз  Республикасынын  шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө  ылайык  №  5458  Кыз-Эмчек,  №  5137  Кызыл-Кыя,  №  5480 Гердегей,  №5136 участкаларына көрсөтүлгөн  талапкерлер участкалык  шайлоо комиссияларынын резервдик  курамдарына депутаттардын  колдоосу  менен тиркемелерге ылайык  бекитилсин  (№ 1,  № 2,  № 3,  № 4  тиркемелер  тиркелет).

2.  Участкалык  шайлоо  комиссиясына  мүчөлүккө  талапкерлердин  сапаттык  курамы  Алай  аймактык   шайлоо   комиссиясына  2017-жылдын  05-июнунан   кеч  эмес  тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы уюштуруу-укуктук  маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча  башкаруунун аймактык органдар менен өз ара  аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага :                                                                Дейдиев К.

 




Жошолу  айылдык  кенешинин VI  чакырылышынын   5- отурумунун

12.06.2017-ж.  № 5/3  токтомунун  №  1  тиркемеси

Жошолу  айыл  өкмөтүндөгү   №5458  Кыз-Эмчек  шайлоо  участкасынын   резервдеги комиссия   мүчөлөрүнүн    тизмеси:

Аты-жөнү

Сунуштаган  жамааттын  аталышы

1

Танаева  Дамира  Бакировна

М.Т.Ф   жамааты

2

Каныбек  уулу  Таалайбек

Кыз-Эмчек  жамааты

3

Сабиров  Автандил  Жеңишбекович

Жылга  жамааты

4

Чапыев  Кайрат  Аттокурович

Чат  жамааты

5

Айтиева  Телегей  Маматжановна

Кен-Жылга  жамааты

6

Нурпазыл кызы  Гүльназ

Кыз-Эмчек    жамааты

7

Турганалиев  Болотбек  Ибраимович

М.Т.Ф  жамааты

8

Сабаева  Гүлмира  Бактыбековна

Жылга  жааматы

9

Жамалова  Айназик  Аскарбековна

Жал-Камыш  жааматы

10

Акжигитов  Алтынбек  Токтосунович

Кең-Жылга  жааматы

11

Сабиров  Сүйөрбек  Жеңишбекович

Жал –Камыш  жааматы

12

Жунусалиева  Калыс  Сүйүмбаевна

Чат  жааматы

 

 

Жооптуу катчы :                                          А.Абдиева




 

Жошолу  айылдык  кенешинин VI чакырылышынын  5- отурумунун

12.06.2017-ж.  № 5/3  токтомунун  №  2  тиркемеси

Жошолу  айыл  өкмөтүндөгү   №  5137   Кызыл-Кыя   шайлоо  участкасынын резервдеги  комиссия   мүчөлөрүнүн    тизмеси:

Аты-жөнү

Сунуштаган  жамааттын  аталышы

1

Назар уулу Акылбек

Ак-Терек   жамааты

2

Калыков Кадырбек

Ынтымак   жамааты

3

Досанов Эдил чалыбаевич

Курманжан датка ат.орто мектебинин эмгек жамааты

4

Ормонов Полот   Тургунович

Кара-Токту  жамааты

5

Джапарова Толкун  Төлөнбаевна

Жаны-Турмуш эмканасынын  жамааты

6

Омарбекова Дамира

Биримдик  жамааты

7

Борбоев Калыбай  Жуматаевич

Караган-Сай  жамааты

8

Ажибаева Умсунай Абдыкалыковна

Мукур   жамааты

9

Бакаев Шумкарбек  Маматганыевич

Бейшеев  ат.нег.мектебинин эмгек  жамааты

10.

Айдарова Алмагүл  Жолоновна

Айкөл жамааты

11.

Тайлакова Жанаргүл Жолдубаевна

Достук жамааты

12.

Джунусова  Глмайрам  Калиловна

Сай жамааты

 

 

Жооптуу   катчы:                                А.Абдиева.




 

Жошолу  айылдык  кенешинин VI чакырылышынын  5- отурумунун

12.06.2017-ж.  № 5/3    токтомунун  №  3  тиркемеси

Жошолу  айыл  өкмөтүндөгү   №  5480    Гердегей  шайлоо  участкасынын резервдеги  комиссия   мүчөлөрүнүн    тизмеси:

Аты-жөнү

Сунуштаган  жамааттын  аталышы

1

Умарова  Касиеткан  Мусаевна

Талдуу-Булак жамааты

2

Абдираев  Ташполот  Айтаңович

Сары-Камыш   жамааты

3

Матабаров  Сагындык  Шаимбекович

Кызыл-таш  жамааты

4

Маматова  Гүлү  Жакыповна

Сарай  жааматы

5

Нурдинова  Анипа

Сары-Камыш  жамааты

6

Исмаилова  Нуржан  Өмурбековна

Талдуу-Булак жамааты

7

Аскерова  Адилет

Үсөн-Кыштоо  жамааты

8

Матаев  Каныбек  Алпаизович

Жол- Жылга жамааты

9

Бердиева Рима Рысбековна

К.Турганбаев атындагы эмгек жамааты

10

Мелис кызы Гүлзада

Коргонду жамааты

11.

Каримова Гүлсана Абытовна

Караган сай жамааты

12.

Аканов Алмас Джаманкулович

Кайыңды жамааты

 

Жооптуу   катчы:                                А.Абдиева.

 



 

Жошолу  айылдык  кенешинин VI чакырылышынын кезексиз

5- отурумунун 12.06.2017-ж.  № 5/3   токтомунун

№  4  тиркемеси

Жошолу  айыл  өкмөтүндөгү   №  5136    Үч-Чат  шайлоо  участкасынын  резервдеги  комиссия   мүчөлөрүнүн    тизмеси:

Аты-жөнү

Сунуштаган  жамааттын  аталышы

1

Батырбекова  Нургул  Насыркуловна

Алмалуу  жааматы

2

Көпөшова  Инабатхан

Алмалуу  жамааты

3

Сыдыкова  Динара

Үсөн-Кыштоо   жамааты

4

Айтманбетова  Тажикан  Токтобаевна

Үсөн-Кыштоо   жамааты

5

Абдибалиев  Ибраим

Сатиев Ш. ат.  мектебинин  жааматы

6.

Жумабаева  Шайыргүл  Абдилашимовна

Черёмушка   жамааты

7.

Токочов  Мелис

Үсөн-Кыштоо   жамааты

8.

Аматова  Макбуратбү  Маканбаевна

Аюу-Тапан  жамааты

9.

Ташмаматова  Рысбү  Көкөевна

Карагуз  уулу жамааты

10

Жусупбаева  Гүлназ  Курманбаевна

Кызыл-Булак  жааматы

 

 

Жооптуу   катчы:                                А.Абдиева.

 

 



 

Жошолу  айылдык  кеңешинин  VI чакырылышынын  кезексиз 5- отурумунун

Т О К Т О М У №  5/4

Жаңы-Турмуш айылы 12-июнь,   2017-жыл

Жошолу  айылдык кенешин    кайра  каттоо  жөнүндө

Кырыгыз  Республикасынын  “Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу”  жөнүндөгү  мыйзамынын  31-беренесинин  жана  “Юридикалдык  жактарды,  филиалдарды  (өкүлчүлүктөрдү)  мамлекеттик  каттоо”  жөнүндөгү    Мыйзамынын    12-беренсине   ылайык

Жошолу  айылдык  Кенешинин   VI  чакырылышынын    V отуруму

Т О К Т О М       К Ы Л А Т:

1. Жошолу  айылдык  кенешинин   юридикалык  жак  катары  мамлекеттик  каттоодон  кайрадан  өткөрүлсүн,  толук  фирмалык  аталышы:

Мамлекеттик  тилде -    «Жошолу  айылдык  Кенеши»  Мекемеси

Расмий  тилде -  Учреждение     «Жошолунский  айылный  Кенеш»

Кыскартылган  фирмалык  аталышы:

Мамлекеттик  тилде -  «Жошолу  айылдык  Кенеши»  М-е

Расмий  тилде -  У-е  «Жошолунский  айылный  Кенеш»

1. Жошолу  айылдык  Кенешинин  Жобосу  жаңы  редакцияда  бекитилсин.

2. Жошолу  айылдык  Кенешинин  дареги:  Кыргыз  Республикасы,  Ош  облусу,  Алай  району,  Жошолу  айыл  өкмөтү,  Жаны-Турмуш  айылы.

3. Жошолу  айылдык  Кенеши   юридикалык  жак  катары  кайра  каттоодон  Ош  облусунун  жана  Ош  шаарынын  юстиция  башкармалыгынан  өткөрүлсүн  жана  бул  милдет  Жошолу  айылдык  Кенешинин  төрагасы  Дейдиев  Курстанбекке   жүктөлсүн.

Ушул  чечимде  андагы   көрсөтүлгөн  маалыматтар,  ошондой  эле  мамлекеттик  кайра  каттоо  жөнүндө  чечимде  андагы  көрсөтүлгөн  маалыматтардын,  ошондой  эле  мамлекеттик  кайра  каттоо  үчүн  тапшырылган  документтердеги  маалыматтардын  анык  экендиги  жана  мыйзамда  белгиленген  учурларда,  юридикалык  жакты  кайра  каттоо  маселелери  тиешелүү  мамлекеттик  жана  (же)  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  менен  макулдаштырылгандыгы  ырасталат

 

 

Төрага:                                                      К.Дейдиев

 



 

Жошолу  айылдык  кеңешинин  VI   чакырылышынын  кезексиз  6 - отурумунун

Т О К Т О М У №  6/1

Жаңы-Турмуш айылы                                                                                         30-июнь,    2017-жыл

Жошолу  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин киреше жана  чыгаша  бөлүгүнүн 2017-жылдын  6 айына бекитилген  сметасына  такталган  планга  өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

Бюджеттик  комиссиянын  талкуусун  угуп  жана  талкуулап  «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик  кодексинин» 15-беренесине ылайык

Жошолу  айылдык  кеңешинин   VI   чакырылышынын  кезексиз  6-отуруму

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 6 айына бекитилген сметасынын  төмөндөгү такталган  планына өзгөртүү  киргизүү  жагы  каралсын.

К №

Берененин аталышы

Берене

2-квартал

Көбөйтүү

Азайтуу

Салык  агенти төлөөчү киреше салыгы

11111100

35,0

Бардыгы

35,0

Бөлүм

Бөлүмдүн  аталышы

Берене

2-квартал

көбөйтүү

азайтуу

Салык  агенти төлөөчү киреше салыгы

22221200

35,0

бардыгы

35,0

2. Жогорудагы акча каражатын  2017-жылдын 6 айына  бекитилген симетасынын  киреше жана чыгаша  бөлүгүнө  өзгөртүү  киргизип  берүү жагы  Кыргыз  Республикасынын финансы министрлигинин  Алай башкармалыгынан  суралсын.

3. Өзгөртүү  киргизген  акча  каражатын мыйзамдуу, максаттуу  жумшоо айыл өкмөттүн  башчысы  Т.Абдырахмановго жана ФЭБ башчы  Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айылдык  кеңештин  бюджет боюнча  туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин .

 

Төрага :                                                                Дейдиев  К.

 




Жошолу  айылдык  кеңешинин  VI   чакырылышынын  кезексиз  7 - отурумунун

Т О К Т О М У №  7/1

Жаңы-Турмуш айылы                                                                         24 - июль,    2017-жыл

Жошолу  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин киреше жана  чыгаша  бөлүгүнүн 2017-жылдын  7 айына бекитилген  сметасындагы  кээ бир  беренелерине өзгөртү  киргизүү жөнүндө

Бюджеттик  комиссиянын  талкуусун  угуп  жана  талкуулап  «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик  кодексинин»  115-беренесине  ылайык

Жошолу  айылдык  кеңешинин   VI   чакырылышынын  кезексиз  7-отуруму

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик  кодексинин»  115-беренесине  ылайык, Жошолу  айыл  өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин  чыгаша  бөлүгүнүн 2017-жылдын  7  айына бекитилген  сметасындагы  акча каражатынын кээ бир  үнөмдөлгөн беренелеринен зарыл  болгон  беренелерине  жылдыруу каралсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Берененин аталышы

Берене

Бардыгы

3-квартал

көбөйтүү

азайтуу

70111

Аппарат

Учурдагы мүлктү оңдоого

2221

-150,0

-150,0

701

Аппарат

Интернет кызматы

22122900

-10,0

-10,0

709

Бала бакча

Электр энергиясына төлөм

2231

-50,0

-50,0

704

Эконом. маселелер

Машиналар жана жабдуулар

3112

-176,0

-176,0

701

Аппарат

Байланыш кызматы

22122100

10,0

10,0

701

Аппарат

Имараттар жана курулуштар

3111

376,0

376,0

Бардыгы

0

386,0

386,0

2. Жогорудагы акча каражатын  2017-жылдын 7 айына  бекитилген симетасынын   чыгаша  бөлүгүнө  өзгөртүү  киргизип  берүү жагы  Кыргыз  Республикасынын финансы министрлигинин  Алай башкармалыгынан  суралсын.

3. Өзгөртүү  киргизген  акча  каражатын мыйзамдуу, максаттуу  жумшоо айыл өкмөттүн  башчысы  Т.Абдырахмановго жана ФЭБ башчы  Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айылдык  кеңештин  бюджет боюнча  туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин .

 

 

Төрага :                                                                Дейдиев  К.

 



 

Жошолу  айылдык  Кеңешинин  VI   чакырылышынын  кезексиз  8 - отурумунун

Т О К Т О М У №  8/1

Жаңы-Турмуш айылы                                                                                                     2- октябрь,   2017-жыл

Жошолу  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин киреше жана  чыгаша  бөлүгүнүн  2017-жылдын  10 айына бекитилген  сметанын такталган планына өзгөртүү   киргизүү жөнүндө

Бюджеттик  комиссиянын  талкуусун  угуп  жана  талкуулап «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик  кодексинин»  115-беренсине  ылайык

Жошолу  айылдык  кеңешинин   VI   чакырылышынын  кезексиз  8-отуруму

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик  кодексинин»  115-беренесине  ылайык, Жошолу  айыл  өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин  киреше   бөлүгүнүн 2017-жылдын  10  айына бекитилген  сметасындагы  төмөндөгү  салыктын  түрүнүн  планына  өзгөртүү  киргизүү  жагы  каралсын.

к/н

Берененин  аталышы

Берене

Бардыгы

4-квартал

көбөйтүү

азайтуу

1

Лицензияны  кармап туруу үчүн акы көрсөтүү

1473,2

4073,2

4073,2

Бардыгы

4073,2

4073,2

2.Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин чыгаша  бөлүгүнүн бекитилген  сметасынын төмөндөгү  беренесинин такталган планга  өзгөртүү  киргизүү  жагы  каралсын.

Бөлүмдүн  аталышы

Берененин аталышы

Берене

Бардыгы

4-квартал

көбөйтүү

азайтуу

70111

Аппарат

Кызмат көрсөтүү

22154900

240,0

240,0

70111

Аппарат

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу

22221200

50,0

50,0

70111

Аппарат

Башка имараттарды капиталдык оңдоо

31112390

1400,0

1400,0

70111

Аппарат

Башка эмеректерди жана жабдууларды алуу

31123290

50,0

50,0

704

Эконом. маселелер

Кызмат көрсөтүү

22154900

20,0

20,0

704

Эконом. маселелер

Башка эмеректерди жана жабдууларды алуу

31123290

30,0

30,0

70821

Библиотека

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу

22221200

69,0

69,0

70821

Библиотека

Башка имараттарды капиталдык оңдоо

31112390

30,0

30,0

70821

Библиотека

Башка эмеректерди жана жабдууларды алуу

3112

6,0

6,0

70821

Клуб

Ар түрдүү кызмат көрсөтүү

2215

30,0

30,0

70823

Клуб

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу

22221200

60,0

60,0

70911

Балдар бакчасы

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди сатып алуу