Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Sat08242019

жаңыланды11:27:04 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel

Алай айыл өкмөтү 1/1-5/2

User Rating: / 0
PoorBest 

 

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин VI чакырылышынын   I  уюштуруу  отурумунун

ТОКТОМУ №    1/1

Сопу-Коргон айылы                                                                                  10-январь  2017-жыл

2016-жылдын  11-декабрында  К.Белекбаев атындагы Алай   айылдык кеңешине жаныдан шайланган депутаттарынын  мандаттарын тануу жөнүндө.

 

К.Белекбаев атындагы Алай    айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин  3-пунктуна негиздеп

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.     2016-жылдын 11-декабрында жаныдан шайланган 21 депутат   К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин депутаты деген мандаттары таанылсын(депутаттардын тизмеси тиркелет).

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык

Кеңешини төрагасы :                                                                           М.Атабаев



 

К.Белекбаев атындагы  Алай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын

ТИЗМЕСИ

1.Абдумаликов  Бекмырза

2.Ажибеков Илимбек Сыдыкович

3.Атабаев  Мусабек  Паязович

4.Борошов  Анарбай Ырысбекович

5.Жлдошов  Бакытбек

6.Жусупбеков Керимбек Тешебаевич

7.Идирисов Акылбек  Туратбекович

8.Кадыров Бакытбек Ыбышович

9.Карыбеков  Сталбек Ыбрайымович

10.Ташиев Жеңишбек Нурмаматович

11.Кудайбергенов Мирлан  Төлөнович

12.Маташов  Назарбек Талипбекович

13.Матисакова Бактыгүл Жорубаевна

14.Нуркамил уулу Шумкар

15.Назиев Гамбар Ала-Тооевич

16.Сагынбаев Кыялбек Азимбекович

17.Солпуев Алым Аблазович

18.Тажибаева  Нураим

19.Шадыбеков Кыялбек Эшмамбетович

20.Шарипова Жеңишкан

21.Эрматов Куштарбек Тогузбаевич



 

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин VI чакырылышынын                       I  уюштуруу отурумунун

ТОКТОМУ 1/2

Сопу-Коргон  айылы                                                                                                  10-январь 2017-жыл

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө.

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүдө» Мыйзамдарынын негизинде, мыйзамдарга өкмөттүн токтомдоруна жана жоболоруна каршы келбегендей К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин  регламентин толук талкулоонун  негизинде К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кенеши

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

 

  1. 1.     К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин  V чакырылышынын депутаттарынын регламенти кабыл алынсын (регламент толук тиркелет).
  2. 2.     Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылыш камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу комиссиялардын милдеттери экендиги  белгиленсин.
  3. 3.     Регламентти Юстициядан кайра каттоодон өткөрүү жагы жоопту катчы К.Абдрамановага   тапшырылсын.
  4. 4.     Бул токтомду аткаруу К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жоопту катчыга милдеттендирилсин.

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы :                                                        М.Атабаев



 

К.Белекбаев  атындагы  Алай  айылдык  Кеңешинн  кезектеги 1-   отурумунун     ( алтынчы   шайланган)2017-жылдын  10-январындагы № 1/2  токтому менен бекитилген

(2017 -жылдын  10-январындагы   К.Белекбаев  атындагы Алай айылдык кеңешинин VI –чакырылышынын   № 1/2 токтому менен  К.Белекбаев  атындагы Алай  айылдык кенешинин регламентинин редакциясы)

К.БЕЛЕКБАЕВ  АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ  РЕГЛАМЕНТИ

I-БӨЛҮК

ЖАЛПЫ      ЖОБОЛОР

1-Глава

Айылдык  кеңеши

2-Глава

Айылдык кенешинин компетенциясы

П   БӨЛҮК

3-Глава

Айылдык кенешинин төрагасы жана кенештин төрагасынын орун басары

3-1 глава

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча айылдык кенештин депутаттары жана депутаты тарабынан көрсөтүүнүн тартиби

4-Глава

Айылдык кенешинин катчысы

5-Глава

Айылыдык кенешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

III БӨЛҮК

Айылдык кенешинин иштөөнүн жалпы тартиби

6-Глава

Айылдык кенешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби

7-Глава

Айылдык кенешинин токтом долбоорлорунун кароо тартиби

IV БӨЛҮК

Айылдык кенешинин Регламенти

8-Глава

Айылдык кенешинн Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби

Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» (15.07.2011-жыл № 101, 30.11.2011-жыл №228, 17.03.2012-жыл №20, 19.06.2012-жыл, 03.08.2012-жыл №149, 10.08.2012-жыл №164) жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык  кенешинин иш-аракет тартибин аныктайт.

1. БӨЛҮК

ЖАЛПЫ   ЖОБОЛОР

1-Глава

Айылдык кеңеш

1.1. Айылдык  кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.

1.2. Айылдык  кеңешинин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонундо» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык айылдык кеңеш өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

1.3. Айылдык   кеңеш белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тен жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.

1.4. Айылдык кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелекрди өз алдынча чечүүгө укуктуу.

1.5. Айылдык  кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштоо формасынын негизи сессия болуп саналат.

2-Глава

Айылдык  кеңешинин компетенциясы

2.1.Айылдык   кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

1)      жергиликтүү маанидеги  маселелерди башкаруунун  тартибин белгилөө;

2)      жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жонундо отчетту бекитүү,

ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү  жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы  жөнүндө маалыматты угуу;

3)      аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты

социалдык жактан коргоонун  программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;

4)      Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилидиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5)      Жергиликтүү жамааттын муниципиалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун  тартибин аныктоо, анын ичинде муниципиалдык менчик обьекттерин менчиктештируу программасын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципиалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту ишке ашыруу;

6)      Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелуу аткаруу органын  иши жонундо отчетту угуу;

7)      Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

8)      Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

9)      Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү  максатында администрациялык – аймактык тузулуш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

10) Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

11)  Айылдык кеңештин Регламентин кабыл алуу;

12)  Өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;

13)  Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү

өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;

14)Муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык үчүн тарифтерди бекитүү;

15)алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16)ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;

18)Айылдык округдун башчысын шайлоо;

19)Айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу

менен ишенбестик билдирүү;

20) Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эске алуу менен, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген (дифференцияланган) ставкаларын белгилоо;

21)Айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды, кайра

болуштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;

22) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу.

23) Айылдык  кенеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.

24) Айылдык  кенеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө айылдык кеңештин  структурасы жөнүндө чечим кабыл алат.

П  БӨЛҮК

3-Глава

Айылдык  кенешинин  төрагасы жана төрагасынын орун басары

3.1. Айылдык  кенешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык  кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат.  Айылдык  кенешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын жарымынан ашык добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.

Айылдык  кеңешинин төрагасы:

-  Кенештин сессиясын чакырат;

- Сессияга төрагалык кылат;

- Айылдык  кенешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш -кагаздарына кол коет;

- айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат;

-айылдык кенештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт;

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.

3.2. Айылдык  кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн  демилгеси боюнча жалпы депутаттардын үчтөн экисинин копчулук добушу менен айылдык кенештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан  мөөнөтүнөн мурда  бошотулат.

3.3.Айылдык кенештердин төрагалары өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилинде бир жолку компенсация алуу менен аткарылат.

3.4.       Айылдык  кенешинин төрагасынын орун басарына талапкерди

Төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын копчулук добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.

3.5. Кенештин төрагасынын орун басары тораганын тапшырмаларын

аткарат жана төрага өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда төраганын милдетин аткарат.

3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук

башталышта алып барат.

3.7. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттарынын үчтөн бир

Бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутататтардын копчулук добушу менен кызматтан бошотулат.

4- глава

Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна сунуштоонун жана  шайлоонун тартиби.

4.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш беруу жолу менен айылдык кенештин чакырылыш мөөнөтүнө айылдык кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.

4.2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса болуп өттү деп эсептелет. Айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан ашык копчулук добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

4.3. Айылдык округдун башчысына талапкерлерди сунуштаган айылдык кенештин депутаттары же депутаты шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбей аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгү документтерди сунуштайт:

1) айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди көрсөтүү жөнүндөгү айылдык кенештин  чечими

2) талапкердин айылдык округдун башчысы кызматына шайлоого катышууга макулдук арызы

3) талапкердин өмүр баяны

4) адистерди каттоого алуу боюнча сүрөтү жабыштырылган өздүк баракчасы (личный листок по учету кадров)

5) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен көчүрмөсү

6) ноториалдык күбөлөндүрүлгөн жогорку билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү.

7) резюме (справка-объективка)

8) соттолбогондугу жөнүндө маалытат.

5-Глава

Айылдык  кенешинин катчысы

5.1. Айылдык  кенешинин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.

5.2. Айылдык  кенешинин  катчысы:

- Айылдык  кенешинин катчы сессиянын протоколун жүргүзөт;

- Айылдык  кенешинин катчысы келип түшүүчү иш-кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;

- Айылдык  кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;

- Айылдык   кенештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;

- Айылдык  кенешинин сессиясынын токтомдорун тариздейт жана кенештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;

- Айылдык  кенешинин жана  сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.

6-Глава

Айылдык кенешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

6.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөл кылуу үчүн түзүлөт.

Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат. Кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн  ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды түзөт, мурдагы түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

6.2. Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык кенештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын курамына кенештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.Комиссиялар өзүнүн төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыты боюнча кичи комиссияларды түзө алышат

6.3.Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн  ишине окмуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.

6.4. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.

6.5. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары ведомостволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативтүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.

6.6. Айылдык  кенеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.

Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жана сандык курамы аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.

IIIӨЛҮК

Айылдык  кенешинин ишинин жалпы тартиби

7-Глава

Айылдык  кенешинин сессиясын өткөрүүнүн тартиби

7.1. Айылдык  кенешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.

Айылдык  кенешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын үчтөн  биринин талабы менен өткөрүлөт жана жалпы депутаттардын үчтөн экиси катышса кворум бар деп эсептелинет.

Айылдык  кенешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык кеңештин чечимдери токтом түрүндө даярдалат.

7.2. Айылдык  кенешинин депутаттары кенештин сессиясына катышууга милдеттүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.

7.3. Айылдык  кенешинин сессиясы ачык түрдө өткөрүлөт. Кенештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.

7.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.

7.5. Айылдык  кенеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.

7.6.Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.

7.7. Айылдык  кенешинин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылынуучунун колу коюлат.

7.8. Керек болгон учурларда айылдык кенешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.

8-Глава

Айылдык  кенешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби

8.1. Айылдык  кенешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кенештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.

8.2. Айылдык  кенешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:

- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;

- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш;

- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;

- айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду бөлүүсү керек.

8.3. Айылдык кенештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8.4. Кенештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык кенешинин протоколунан киргизүүгө укуктуу.

8.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.

8.6. Токтом долбоору бардык ондоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.

8.7. Айылдык  кенешинин  чечимин тиешелүү аткаруучуларга таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кенеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.

8.8 Айылдык  кенешини кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан (менчигинин түрүнө карабастан) ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.

1У  БӨЛҮК

Айылдык  кенешинин Регламенти

9- Глава

Айылдык  кенешинин Регламентине озгъртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби.

9.1. Айылдык  кенешинин иш Регламентин, типтүү Регламентин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кенештин сессиясына бекитүүгө киргизет.

9.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кенешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдун кенешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.

9.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнотүлөт.

9.5. Регламент жана Регламентке ондоолор киргизилгенден кийин кенешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.

К.Белекбаев  атындагы  Алай   айылдык кеңешинин жооптуу катчысы :- К.Абдраманова



 

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  I  уюштуруу  отурумунун

ТОКТОМУ 1/3

Сопу-Коргон  айылы                        10-январь 2017-жыл

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясын курамын шайлоо жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37-беренесинин жана К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин регламентинин  негизинде  К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кенеши

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

 

  1. 1.     К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин төрагасына шайлоону өткөрүү боюнча курамына 3 адамдан кирген эсептөө комиссиясы бекитилсин.
  2. 2.    К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык  кеңешинин төрагасын шайлоону мыйзам чегинде туура өткөрүү эсептөө комиссиясына жүктөлсүн.
  3. 1   К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы : М.Атабаев

 



К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  I  уюштуруу  отурумунун

ТОКТОМУ № 1/4

Сопу-Коргон  айылы                                                                                         10-январь 2017-жыл

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону  өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын  2017-жылдын  10-январь  №  1, 2  протоколдору  жөнүндө.

Эсептөө комиссиясынын № 1, 2  протоколдорун угуп жана талкулоонун  негизинде   К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кенеши

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

1.     К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин төрагасына шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 10-январь 2017-жылындагы   № 1,  2, протоколдору бекитилсин .

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы :                                                       М.Атабаев




 

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  I  уюштуруу  отурумунун

ТОКТОМУ №    1/5

Сопу-Коргон  айылы                                                                                                          10-январь 2017-жыл

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө эсептөө комиссиясынын  №3  К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин төрагасын  шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруунун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулоонун  негизинде  К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кенеши

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

1.     Эсептөө комиссиясынын № 3 К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кеңешинин төрагасын жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү  протоколу бекитилсин.

2.     Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын элүү пайыздан ашык добушун алган К.Белекбаев атындагы Алай  айылдык кенешинин депутаты  М.Атабаев  айылдык кеңешинин   төрагасы болуп  шайланды  деп эсептелинсин.

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы :                                                                        М.Атабаев



 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин  VI  чакрылышынын  II  отурумунун

ТОКТОМУ №2/1

Сопу-Коргон  айылы                                                                                                                       23.01.2017-жыл

К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык Кеңешинин  туруктуу  комиссияларынын  курамын  шайлоо  жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын  «Жергиликүү   өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлундагы №101 жана  (КР нын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192,2014-жылдын 17-июлундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 32-беренесинин 1-4-пунктарынын негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин  VI  чакрылышынын  II  отуруму

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

1.Билим берүү  жана  саламаттык  сактоо  жана  социалдык  маселелер боюнча туруктуу  комиссиясынын  курамына  төмөнкү  депутаттар киргизилсин .

1.Шадыбеков К-төрагасы

Мүчөлөрү:

2.Ташиев Ж

3.Эрматов К

4.Шарипова Ж

2.Айыл  чарбасы жана  агрардык  маселелер боюнча туруктуу  комиссиясынын курамы

1.Сагынбаев  К –төрагасы

Мүчөлөрү:

2.Солпуев А

3.Жолдошов  Б

4.Кудайбергенов  М

3.Бюджет  жана  экономика  боюнча туруктуу  комиссиясынын  курамы

1. Маташов Н – төрагасы

Мүчөлөрү:

2. Назиев  Г

3.Матисакова  Б

4. Кадыров  Б

4.Этика  жана мыйзамдуулукту  сактоо  боюнча  комиссиясынын курамы

1.Борошов  А  - төрагасы

Мүчөлөрү:

2.Тажибаева Н

3.Нуркамил уулу  Ш

5.Жаштар жана спорт маданий массалык иштери боюнча комиссиянын курамы

1.Абдымаликов  Б – төрагасы

Мүчөлөрү:

2.Карыбеков  С

3.Жусупбеков  К

4.Ажибеков И

6. Туруктуу  комиссиялардын  иштөөсүнө  практикалык  жаржам берүү  жагы  жооптуу  катчы К.Абдрамановага  милдеттендирилсин.

К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдыкКеңешинин  төрагасы : М.Атабаев

 



 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын II кезектегиотурумунун

ТОКТОМУ №   2/2

Сопу-Коргон айылы                                                                                                         23.01.2017-жыл

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин  2017-жыл  үчүн бир жылдык иш планын бекитүү жөнүндө

.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын кезексиз IV отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин  2017-жыл  үчүн бир жылдык иш планы бекитилсин .

2. К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин  2017-жыл  үчүн бир жылдык   иш-планы  бекитилсин . (Тиркеме тиркелет )

3.Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулук  боюнча туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин .

 

К.Белекбаев  атындагы  Алай  айылдык  Кеңшинин  төрагасы  :-                                                      М.Атабаев

 

К.Белекбаев атындагы  Алай  айыл Кеңешинин  2017-жылы үчүн түзүлгөн жылдык  иш планы


Аткарылуучу  иштин мазмуну

Мөөнөтү

Кимдер  көзмөмөлдөйт

Кимдер аткарат

I  квартал

 

1

2017-жыл  үчүн бюджеттин аткарылышы боюнча  отчеттун угуу

Январь

Бюджет боюнча комиссиянын курамы

Айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ж.Тажибаев

2

2017-2018-жыл  үчүн бюджетти бекитүү

Январь

Бюджет боюнча комиссиянын курамы

Айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ж.Тажибаев

3

2017-2018-жыл   үчүн өкмөттүн өнүгүү планын бекитүү

Январь

Бюджет боюнча комиссиянын курамы

Экономист  статист

Айыл өкмөтү

4

2014-жыл  үчүн айыл округдагы  жазгы талаа жана  көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча көзмөлдөө

Март

Февраль

Айыл чарба жана агрардык комиссиянын курамы

Айлы өкмөтү

Мектеп  директорлору Мекеме жетекчилери Айылдын айыл башчылары

5

Жазга карата элдерге арпа, картошка үрөөндөрүн, күйүүчү майларды  өз  убагында алып келүү жагын  көзмөлдөө

Февраль  март

Айыл чарба жана агрардык комиссиянын курамы

Айыл өкмөт                    Жер  адиси Айылдын  айыл башчылары

6

Ар түрдүү маселелер

Убагында

Айылдык Кеңеш

 

I I   квартал

 

1

Айыл арасындагы элдердин көйгөйлөрүн  угуу жана жакындан жардам берүү

Ар дайым

Айылдык Кеңеш  этика жана мыйзамдуулук боюнча комиссиянын курамы

Айыл өкмөтү

Айылдын  айыл башчылары

2

Жайыт комитетинин иш планын карап чыгуу жана  отчетун угуу  иш-планын бекитүү

 

Айыл чарба жана агрардык комиссиянын курамы

Жайыт  комитети

Айлдын айыл башчылары

3

1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө  отчеттун   угуу

2. Жер  адиси айылдагы жерлерди тактоо Гос фонддун  жери ФПСтин жерлерин тактоо (Канчадан аренда төгүлөт )

Сентябрь

 

 

 

Квартал  сайын

Айылдык Кеңештин депутаттары

Айыл чарба жана агрардык комиссиянын курамы

Айыл өкмөтү

 

 

 

Жер адис

4

Эл арасындагы маркумду узатуу , үйлөнүү үлпөт тойлоруна болгон ашыкча чыгымдар  боюнча  иш алып баруу

Убагында

Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясы   өкмөттүн  аппараты Молдо элден шайланган комиссия                   Аксакалдар соту Аялдар  Кеңеши

Айыл өкмөтү

 

Айылдын  айыл башчылары

5

Ар түрдүү маселелер

убагында

Айылдык Кеңеш

 

III   квартал

 

1

Айыл округдагы ички жана сырткы инвестиция тартууу жана долбоорлорду жазуу боюнча  көзмөл  жэүргүзүү

Ар дайым

Алай  айылдык  Кеңештин билим  берүү саламаттыкты сактоо  боюнча комиссиясынын  курамы жалпы Кеңештин депутаттары  айыл өкмөттүн аппараты

Айыл өкмөтү

 

Экономист  статист

 

2

Айыл округдагы  социалдык  мааниге ээ болгон обьектилердин кезектеги  ремонт  иштеринин абалы боюнча кароо

Май ,

июнь

 

 

Айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ж.Тажибаев

3

Айыл  округдагы  мекеме ишканалардагы  баш аламандыктарды  жөнгө  салуу

Ар бир  атуулдун  укугун  коргоо ,  айылдагы  социалдык жактан  муктаждарды  тактоо  жана колдоо жагын көзмөлдөө

Убагында

Алай  айылдык  Кеңештин этика жана мыйзамдуулук боюнча  комиссиянын курамы

Айыл өкмөтү

Мектеп директорлору

ПОМ  кызматкерлери

Соц кызматкер

4

Ар түрдүү маселелер

убагында

Айылдык Кеңеш

 

IV     квартал

 

1

Айыл округдагы   ички  жолдордун , арыктардын  суу түтүктөрүн оңдотуу  суу  боюнча тарифти өз ченем менен бекитүү

Ар  дайым

Айыл чарба жана агрардык комиссиянын курамы бюджет жана экономика  боюнча комиссиянын курамы , айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

МЧС адиси

Айылдын айыл башчылары

2

Мамлекеттик иш  каналардын иштөө тартибин көзмөлдөө

Ар дайым

Алай  айылдык  Кеңештин этика жана мыйзамдуулук боюнча  комиссиянын курамы

 

3

Коомдук мамлекеттик эмес фонддордун иштерин жана кредиттик компьаниялардын  иш абалын көзөмөлдөө маалымат  алуу

Ар дайым

Алай  айылдык  Кеңештин этика жана мыйзамдуулук боюнча  комиссиянын курамы

Айлы өкмөтү

Салык  инспектору

4

Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин кире берүүчү залын ремонттоо

Жыл ичинде

Айылдык  кеңештин боюджет  комиссиясы

Айылдык  кеңештин боюджет  комиссиясы

5

Айыл өкмөтүнө  караштуу  бардык  билим берүү  мекемелерине видео коюну  уюштуруу

Жыл ичинде

Айылдык  кеңештин боюджет  комиссиясы

Айылдык  кеңештин боюджет  комиссиясы

6

Ар түрдүү маселелер

убагында

Айылдык Кеңеш

Айылдык Кеңеш

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



 

 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын II кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ №   3/1

Сопу-Коргон айылы                                                                                                               26.01.2017-жыл

К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысын шайлоонун  жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-январындагы № 1 токтомунун  негизинде, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү » мыйзамынын 49-беренесинин                  5-бөлүкчөсүнө ылайык 2017-жылдын 26-январында К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы менен К.Белекбаев атындагы Алай айылдык  Кеңеши

Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

  1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн  башчысы болуп айылдык Кеңештин депутуттарынын санынын көпчүлүк добушун алган Кеңеш  уулу Бектурсун деп эсептелсин.
  2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысы болуп көпчүлүк добушка ээ болуп шайланган  Кеңеш  уулу Бектурсун  К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөт башчысы кызматына дайындоо жөнүндө буйрук берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
  3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысы болуп  шайланган 26.01.2017-жылындагы шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон  Кеңеш уулу Бектурсунга  тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берүү жагы Алай аймактык шайлоо   комиссиясынан  суралсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы К.Абдрамановага жүктөлсүн.

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин төрагасы  :                                           М.Атабаев

 



 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ №   4/1

Сопу-Коргон айылы                                                                                                                  09.02.2017-жыл

К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2016-жылдын  жыйынтыгы  жана  2017-жылга социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн   программасын  бекитүү  жөнүндө К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2016-жылдын  жыйынтыгы  жана 2017-жылга социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн   программасын  талкуулап  жана  аларды  ишке ашыруу  максатында К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2016-жылы  социалдык  экономикалык  өнүгүү  боюнча аткарылган  иштери  канааттандырарлык деп  табылсын .

2. К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2016-жылга  социалдык экономикалык  өнүгүүнүн  программасы  жактырылсын жана бекитилсин .

3. К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2016-жылдын  жыйынтыгы  жана  2017-жылга социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн   программасын  ишке  ашыруу максатында  Алай  айыл  өкмөтү  төмөндөгүлөргө  милдеттендирилсин .

4. К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2016-жылдын  жыйынтыгы  жана  2017-жылга социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн   программасынын  иш  чараларын  иштеп  чыксын  жана  аны  ишке  ашырсын .

5.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык  кеңешинин  төрайымына жана туруктуу комиссиянын   төрагаларына  жүктөлсүн .

 

К.Белекбаев  атындагы Алай айылдык  Кеңешинин   төрагасы :-                                                М.Атабаев

 



 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектегиотурумунун

ТОКТОМУ №   4/2

Сопу-Коргон айылы                                                                                                           09.02.2017-жыл

 

«К.Белекбаев атындагы  Алай  айылдык  өкмөтүнүн 2018-2019 -жылдарга экономикалык өнүгүүнүн   айыл  өкмөтүнүн   болжолдуу  планын  бекитүү жөнүндө » «К.Белекбаев атындагы  Алай  айылдык  өкмөтүнүн 2018-2019 -жылдарга экономикалык өнүгүүнүн   айыл  өкмөтүнүн   болжолдуу  планын  бекитүү  максатында  » К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. К.Белекбаев атындагы  Алай  айылдык  өкмөтүнүн 2018-2019 -жылдарга экономикалык өнүгүүнүн   айыл  өкмөтүнүн   болжолдуу  планын   бекитилсин.

2«К.Белекбаев атындагы  Алай  айылдык  өкмөтүнүн 2018-2019 -жылдарга экономикалык өнүгүүнүн   айыл  өкмөтүнүн   болжолдуу  планын  бекитүү  максатында  »

Алай айыл өкмөтүнүн тиешелүү  кызматкерлерине  милдеттендирилсин .

3. .Белекбаев атындагы  Алай  айылдык  өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга экономикалык  өнүгүүнүн  болжолдуу  иш-чараларын  иштеп чыксын жана аны ишке  ашырсын .

4.Бул  токтомдун   аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  К.Белекбаев атындагы  Алй  айылдык  Кеңештин төрагасына  жана туруктуу комиссиялардын төрөгаларына жүктөлсүн.

 

 

К.Белекбаев  атындагы Алай айылдык  Кеңешинин   төрагасы :-                                                М.Атабаев

 



 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ №   4/3

Сопу-Коргон айылы                                                                                                    09.02.2017-жыл

Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетине   КР.  Бюджеттик кодексине ылайык  2017-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган негизги счеттон 3037717сом калдыкты төмөнкүдөй болуп    сметага киргизүү жөнүндө К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1       2017-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдыкты  депуттатардын жана бюджеттик комиссиясынын кортундусунун негизинде төмөндөгүдөй болуп сметага киргизилсин.

2     Калган калдыктын расчетторун түзүп   чыгымдалышына    аткаруу менен ар бир статьянын жумшалышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башкы эсепчиси Ж.Тажибаевке тапшырылсын.

3      Сметага кошумча киргизүү жана бекитип берүү жагы расчеттун негизинде Райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.

 

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кенешинин  төрагасы                                              М Атабаев

 



 

 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ №   4/4

Сопу-Коргон айылы                                                                                                                    09.02.2017-жыл

 

К.Белекбаев атындагы Алай   айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин  аткарылышы 2017-жылга бюджетин бекитүү жана 2018-2019 жылдардын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорунун бекитүү жөнүндө  К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн  2016 жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрү эске алуу менен 16732,2  мин сомго жана  чыгаша болугу 16732,2  мин  сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2.      К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата белгиленген

жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү  15144,7 мин  сом жана чыгаша бөлүгү  15144,7 мин  сом өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинен,тендөөчү  грант 10404,7 мин сом, өздүк кирешелер 4740,0  мин сомго, анын ичинде атайын каражат   650,0 мин  сомго бекитилсин .

3.      К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн белгиленген бюджетинин долбору 2018-жылга карата  киреше жана чыгаша бөлүгүнө 15471,7мин сом  анын ичинен тендөөчү грант 10570,2 мин сом, өздүк  кирешелер   4901,5 мин сом өлчөмүндө белгиленсин,   ал эми 2019-жылга киреш  жана чыгаша бөлүгүнө 16168,0 мин сом анын ичинен тендөөчү грант 11072,5 мин сом, өздүк кирешелер 5095,5  мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

4.      Жергиликтүү түшкөн кирешелерден  сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча түшкөн бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүн каржылоосуна калаары  аныкталсын жана жыл ичинде түшкөн кирешелердин пландан ашыкчасы жана бир статьядан бир статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн сессиясында каралып керектөөгө  жараша аныкталсын

5.      К.Белекбаев атындагы Алай  айыл өкмөтүнүн 2017- 2018-2019 -жылдагы бюджетин киреше жана чыгаша пуңкттары боюнча чыгымдалышына контролдук кылуу менен ар бир статьянын жумшалышына камсыз кылуу айыл өкмөттүн башкы эсепчиси Ж.Тажибаевке тапшырылсын.

 

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кенешинин  төрагасы                                                           М Атабаев

 



 

 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги  отурумунун

ТОКТОМУ №   4/5

Сопу-Коргон айылы                                                                                                                  09.02.2017-жыл

К.Белекбаев атындагы Алай   айыл өкмөтүнүн   2017- жылга  атайын каражаттар боюнча сметасынын бекитилиши  жөнүндө.

К.Белекбаев атындагы  Алай айылдык Кеңеши

Ч е ч и м    к ы л а т :

1.      К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга атайын каражаттар боюнча сметасы, балдар бакчасынын башчыларынын жана депуттардын айткан сунуштары, пикирлери менен   киреше   650,0 мин   сом жана чыгаша  650,0  мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.      Жыл ичинде  планга өзгөртүүлөр жана бир статьядан бир   статьяга жылдыруу айыл Өкмөтүнүн сессиясында каралып керектөөгө жараша    аныкталсын

3.      К.Белекбаев атындагы Алай  айыл өкмөтүнүн 2017 жылга  атайын каражаттар счетунун киреше жана чыгаша пуңкттары боюнча чыгымдалышына контролдук  кылуу айыл өкмөттүн

башкы эсепчиси Ж.Тажибаевке тапшырылсын.

 

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин  төрагасы                                                     М Атабаев

 



 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги  отурумунун

ТОКТОМУ №   4/6

Сопу-Коргон айылы                                                                                                                          09.02.2017-жыл

К.Белекбаев  атындагы Алай айыл  өкмөтүнүн  аймагындагы  айылдарда  алкоголдук  ичимдиктерди  сатууну тартипке  келтирүү  жөнүндө (Депутат Б.Абдымаликовдун  сунушу ) №2  Сопу-Коргон  шайлоо  округунун депутаты  Б.Абдымаликовдун  билдирүүсүн  угуп  жана талкуулап К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл өкмөтүнүн  жаштарынын  жана  депутат Б.Абдымаликовдун  сунушунун  негизинде айыл өкмөттүн  аймагындагы соода түйүндөрүндө  алкоголдук  ичимдиктерди  сатуу  боюнча  элдик  жыйын  өткөрүлсүн.

2.Мурда алынып  келинген  алкоголдук  ичимдиктердин өлчөмүн  01.03.2017-жылга  чейин  сатуу  ар бир  дүкөндүн ээсине  эскертилсин.

3.Эл көп  топтолгон ,  билим берүү  мекемелерине  ичимдик  сатуу  соода  түйүнүн  аралыгы  150  метр алыстыкта  болушу  катуу  көзөмөл  кылынсын .

4.Ичимдик  сатуучу соода  түйүнүнүн ээсинин  алкоголдук  ичимдиктерди  сатуу  боюнча  уруксат  алган  лицензиясы  текшерилип  эгер жок  болсо административдик  укук бузуучу  катары  жазана салынары эскертилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылшын  көзөмөлдөө  Алай  РИМБ нун бөлүмчөсүнүн башчысы У.Ыдырысовко жана  бардык айылдын башчыларына  милдеттендирилсин.

6.Токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө  айылдык Кеңештин этика   жана  мыйзамдуулукту сактоо  боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасы  А.Борошовко  жүктөлсүн .

 

К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык Кеңешинин  төрагасы :-                                                                                        М.Атабаев




 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги  отурумунун

ТОКТОМУ №   4/7

Сопу-Коргон айылы                                                                                                                                  09.02.2017-жыл

К.Белекбаев атындагы  Алай айыл өкмөтүнө караштуу  айылдардын тургундарынын  таштанды  таштоочу  жай даярдоого  жер  бөлүп  берүү  жөнүндө

К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл өкмөтүнүн башчысы  Кеңеш уулу Бектурсундун билдирүүсүн  угуп  талкуулап  К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык Кеңешинин  VI  чакрылышынын  II  кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 мыйзамына ылайык жана 2015-жылдын 17-апрелиндеги №85 мыйзамынын редакциясыедагы 31-беренисинин 14-пунктунун негизинде

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.К.Белекбаев  атындагы Алай айыл  өкмөтүнүн  атуулдарынын таштанды  таштоочу  жай  даярдоо  үчүн  Ош-Эркештам   жолунун  126-чакырымынын  сол  жак  боюнан 0,20  га жер тилкеси  бөлүнүп  берилсин.

2.Жогорудагы жерди  мыйзамдаштыруу жагы  Алай  райондук жерге жайгаштыруу кыймылсыз мүлккө  укуктарды каттоо  бөлүмүнөн жана  Алай райондук шаар  куруу  жана  архитектура  бөлүмүнөн ,  Алай,  Чоң-Алай  райондор  аралык  эко-тех  инспекциясынан суралсын.

3.Архитектуранын  көрсөтмөсүнүн   негизинде туура  жайгаштыруу ,  көрсөтүү,  мыйзам  чегинде аткаруу  жагы  К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  жер адиси Б.Машаевге  жана  Сопу-Коргон тазалык ишкансынын жетекчиси Т.Кадыровго  жүткөлсүн.

4.Ушул  токтомдун аткарылшын  көзөмөлдөө жагы  туруктуу  комиссияга жүктөлсүн.

 

К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык Кеңешинин  төрагасы :-                                                                                        М.Атабаев

 



 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын IV кезектеги  отурумунун

ТОКТОМУ №   4/8

Сопу-Коргон айылы                                                                                                    09.02.2017-жыл

К.Белекбаев  атындагы Алай айыл  өкмөтүнүн   алдындагы  Сопу-Коргон «Тазалык» муниципалдык  ишканасынын жана «Алтын-Кен» жана “Секи-Булак” таза суу муниципалдык  ишканаларынын калкка акы  алып  кызмат көрсөтүү боюнча  тарифтерин  бекитүү  жөнүндө

Сопу-Коргон «Тазалык» муниципалдык ишканасынын  башчысы  Т.Кадыровдун  жана калкты  таза суу  менен камсыз  кылуучу  «Алтын-Кен» жана “Секи-Булак” таза суу   муниципалдык  ишканаларынын башчылары  М.Кадыров  жана Н.Маташовдордун  эл менен  жолугушкан  элдик  жыйынынын 08-февраль 2017-жылындагы  протоколунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 мыйзамына ылайык жана 2015-жылдын 17-апрелиндеги №85 мыйзамынын редакциясындагы 31-беренисинин 14-пунктунун негизинде

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин  VI  чакрылышынын  II  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кыргыз  Республикасынын   муниципалдык менчик  жөнүндө мыйзамын  мүлккө муниципалдык  менчикти  башкаруу  жөнүндөгү  5-главасынын  19-статьясынын  тиешелүү бөлүмүнүн  негизинде жогорудагы  муниципалдык  ишканалар  калктан  төмөндөгүдөй   кызмат акылары  алынсын.

2.Таза суу  пайдалангандыгы  үчүн

–мончо жаккандар айына 300  сом

-Таза суну  көчөдөгү  колонкалардан  алып ичкендер  айына 20  сом,  ал эми сууну үйүнө  киргизип ичкендер  айына 50  сом .

-үйүнө суу  кигизүүлөр үчүн уруксатка 3000  сом

-«Тазалык» муниципалдык  ишканасынын  көрсөткөн  кызматтары үчүн  калктан төмөндөгүдөй  тарифте  акы  төлөшсүн.

-Таштандыларды  тазалаганы  үчүн  ар бир  кожолук  айына  20  сом

3.«Тазалык»  муниципалдык  ишканасынын  тракторун иштетишсе  иштешкен  жаран  саатына  700  сом  кызмат  акы  төлөсүн.

4.Төлөнгөн  акчаны  топтоо  жагы  Н.Суранабаевке  жүктөлсүн.  Аны  тескөө  жагы    айыл өкмөтүнүн  ФЭБ бөлүмүнүн  башчысы  Ж.Тажибаевге  милдеттендирилсин.

5.Монополияга каршы саясат бөлүмүнөн көрсөтүлгөн  тарифтердин мыйзамдуулугун  текшертип жана бекиттирип  келүү  жагы  муниципалдык  ишканаларынын  башчылары  Т.Кадыров, Н.Маташов жана М.Кадыровго  милдеттендирилсин.

6.Токтомдун  аткарылшын көзөмөлдөө  бюджет  жана  инвестицияларды  тартуу  боюнча    туруктуу  комиссиясынын  мүчөсү  Б.Ыбышовко жүктөлсүн.

 

К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык Кеңешинин  төрагасы :-                                                                                        М.Атабаев

 



 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын V кезектеги  отурумунун

ТОКТОМУ №5/1

03-апрель 2017-жыл                                                                                                     Сопу-Коргон  айылы

Жайыт  комитетинин  пул  топтоо  боюнча  комиссиянын курамын  жана  жайыт  пул  бербегендерге  чара  көрүү  укугун  бекитүү  жөнүндө К.Белекбаев  атындагы Алай  айылдык Кеңеши  айылдык  Кеңештин  жайыт  комитетинин  төрагасы Жупуев Садыктын  жайыт пул топтоо  боюнча  сунушун  угуп  жана  талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ :

1.Жайыт  пул топтоо  боюнча  Алай айылдык   Кеңешинин курамынын 9 кишиден    турган  комиссияга  макулдук  берилсин.

1.Кеңеш  уулу  Бектурсун- айыл өкмөтүнүн  башчысы-  кошундун  төрагасы

2.М.Атабаев -  Алай  айылдык Кеңешинин  төрагасы – кошундун мүчөсү

3.С.Жупуев -  Жайыт комитетинин төрагасы -  кошундун  мүчөсү

4.К.Эшмаматов -  КАБ дын  төрагасы -  кошундун мүчөсү

5.Ж:Тоокебаев – Жайыт комитетинин  мүчөсү

6.Бардык айылдын башчылары - кошундун мүчөлөрү

7.С.Карыбеков -  Айылдык кеңештин депутаты – кошундун мүчөсү

8.У.Ыдырысов –Сопу-Коргон  ПОМ башчысы –кошундун мүчөсү

9.Б.Машаев – Айыл өкмөтүнүн  жер адиси –кошундун мүчөсү

2.Жайыт пул  төлөөнүн шарттарын  бардык  жайыт  пайдалануучуларга  түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүү  жайыт  комитетинин төрагасы С.Жупуевге  жана  айыл башчыларга  милдеттендирилсин.

3.Жайыт пул топтоо  боюнча  комиссияга жайыт мыйзамынын 93  статьясына 2-пуңктунун  негизинде  жайыт пул  төлөбөгөндөргө  чара  көрүү  эскертүү  берүү,  сотко берүү  укуктары  берилсин.

4.Алай  жайлоосундагы  жайыт  жерлерден тоют  топтоо  максатында  чөп  оруучулар  менен  келишим  түзүүдө  ижара аксы 1  га  аянтка  1500  сом  өлчөмүндө жайыт  комитетинин төрагасы С.Жупуевге  уруксат берилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө этика  жана мыйзамдуулук  сактоо  боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы А.Борошовго жүктөлсүн.


К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык Кеңешинин  төрагасы :-                                                                                М.Атабаев

 



 

К.Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын V кезектеги  отурумунун

ТОКТОМУ №5/2

03-апрель 2017-жыл                                                                                                              Сопу-Коргон  айылы

К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык  Кеңешинин  VI чакырылышынын кезектеги V отурумунун жайыт  комитетинин иш планын жана бюджетин  угуп талкуулап  К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык Кеңешинин  VI чакырылышынын  кезектеги V отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Жайыт комитетинин  2017-жылга  780000 миң сомго  жана  ар бир бодо малга 50  сом, майда  жандыкка  10  сомдон  болуп  бекитилсин  башка  айыл  өкмөтүнөн келген  бодо  малга 150  сом, майда  жандыкка 50 сомдон бекитилсин.

2.Жайыт комитетинин бюджеттин  аткарылышын  жана  салыктардын  чогулшу  боюнча айыл чарба  жана  агрардык комиссиясы  көзөмөлдөсүн .

3.Жайыт акысын  чогултуу  жалпы  айыл өкмөтү  жана  жер жерлердин  депутаттары  кошо аракет  кылышсын.

4.Чогултулган  жайыт пулдун 10  пайызы  жайы  комитетинин  мүчөлөрүнүн эмгек  акысы катары калтырылсын.

5.Мындан  сырткары  сапар чыгымдарына  жана  күтүлбөгөн чыгашаларга 5  пайыз тптолгон каражаттан  жайыт комитети  пайдалансын .

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  бюджет  жана экономика инвестицияларды  тартуу  салык  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Н.Маташовго  милдеттендирилсин. Т

 

К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык Кеңешинин  төрагасы :-                                                                 М.Атабаев

 



К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVIII отурумунун

ТОКТОМУ

4-ноябрь  2016-жыл                                    № 28/2                                   Сопу-Коргон айылы

 

Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”   мыйзамына ылайык Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын 28-октябрь 2016-жылдагы № 01-13/3691 катын аткаруу боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVIII отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1. Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын 28-октябрь 2016-жылдагы № 01-13/3691 каты жетекчиликке алынсын, аткарылышы камсыздалсын.
  2. 2. Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын айыл өкмөтү менен түзгөн келишими бекитилсин.
  3. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин төрайымы: Ч.Канкиева