Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Fri11162018

жаңыланды10:35:41 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel

Алай 23-23/11 заседание

User Rating: / 0
PoorBest 

К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон  айылы                                          № 23/1             19-февраль 2016-жыл

К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2015-жылдын  жыйынтыгы  жана  2016-жылга социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн   программасын  бекитүү  жөнүндө

 

К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2015-жылдын  жыйынтыгы  жана 2016-жылга социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн   программасын  талкуулап  жана  аларды  ишке ашыруу  максатында   К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2015-жылы  социалдык  экономикалык  өнүгүү  боюнча аткарылган  иштери  канааттандырарлык деп  табылсын .

2. К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2015-жылга  социалдык экономикалык  өнүгүүнүн  программасы  жактырылсын жана бекитилсин .

3. К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2015-жылдын  жыйынтыгы  жана  2016-жылга социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн   программасын  ишке  ашыруу максатында  Алай  айыл  өкмөтү  төмөндөгүлөргө  милдеттендирилсин .

4. К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  2015-жылдын  жыйынтыгы  жана  2016-жылга социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн   программасынын  иш  чараларын  иштеп  чыксын  жана  аны  ишке  ашырсын .

5.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык  кеңешинин  төрайымына жана туруктуу комиссиянын   төрагаларына  жүктөлсүн .

 

К.Белекбаев  атындагы Алай айылдык  Кеңешинин  төрайымы :-                                               Ч.Канкиева

 



 

 

К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон  айылы                                          № 23/2            19-февраль 2016-жыл

Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине КР  Бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамына 15 статьясына ылайык  2016-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган негизги счеттон 979993 сом калдыкты төмөнкүдөй болуп    сметага киргизүү жөнүндө

 

Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине КР  Бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамына 15 статьясына ылайык  2016-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган негизги счеттон 979993 сом калдыкты төмөнкүдөй болуп    сметага киргизүү максатында

К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отуруму

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

1        2016-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдыкты  депуттатардын жана бюджеттик комиссиясынын кортундусунун негизинде төмөндөгүдөй болуп сметага киргизилсин.(тиркемеси тиркелет)

2        Калган калдыктын  тиешелүү эсептөөлөрүн   жүргүзүпчыгымдалышын   аткарууменен ар бир статьянын жумшалышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Ж.Тажибаевке тапшырылсын.

 

3        Сметага кошумча киргизүү жана бекитип берүү  жагы  тиешелүү эсептөөлөрдүн негизинде Райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.

 

К. Белекбаев атындагы  Алай айылдык Кеңешинин  төрайымы                       Ч Канкиева

 



 

 

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы 2016-жылга бекитилиши 2017-2018-жылдарга долбоору боюнча

Билдирүүсү:

Урмарттуу депутаттар жана сессиянын катышычуулары өзунуздөргө белгилүү болгондой 2015-жылдын 16-февраль күнү сиздер менен бирдикте айылдык Кеңештин №14/1 чечими менен бюджет бекиткенбиз. Алар төмөндөгүдөй болгон.

 

Жылдар

Толуктоочу грант

өздүк киреше

Баары

1

2015-жылга бегиленгени

6927,9

3165,2

100093,1

2

2015-жылга калган калдык

 

1422,4

1422,4

 

 

 

 

11515,5

2015-жылда бекитилген сметадагы каражат мектептерге, балдар бакчаларга, китепканаларга, айылдык клубка толук берилди. Стим.гранттын эсебинен «Көлдүк Жеткинчек» балдар бакчасы ремонттон өтүп айланасы темир тосмо менен тосулуп жалпы суммасы 697,0 миң сомдук жумуш аткарылды. Андан сырткары Сопу-Коргон  айылына сугат суу үчүн проект жазылып суу тартылып келди. 2015-жылга бардык мектеп, бала бакчалардын Гос.акт үчүн каражат которулуп алынып жатат. Андан сырткары баардык мекемелерге өрт өчүрүүчү шаймандар алынып берилди. Китепканаларга 30,0 миң сомдук жаңы китептер алынды. Жалпысынан айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 11515,5 сомго белгиленсе жыл ичинде өзгортүүлөр менен 17076,6 сомго атайын каражаттар 871,0 сомго аткарылды. Ал эми 2016-жылдын 1-январына 979,9 сом калдык менен чыктык.

2015-жыл ичинде  Каржы министирлиги тарабынан  атайын берилүүчү каражаттан (средства передоваемоеден )

Калктын эл.энергиясына жеңилдиктер үчүн                                                   825,4 сом

Электр энергиясынын баасынын жогорулашы үчүн 558,8 сом

Жалпы  1384,2  сом  кошумча бөлүнүп берилди.

Биз буга чейин  бюджет комиттетери менен бирдикте  мекемелердин атайын берген керектөөлөрүнүн расчетунун негизинде талкуу жүргүзүп  сметаны түзүп чыкканбыз.  Бюджеттик мыйзамдын негизинде биринчи кезекте корголгон беренелерге ылайык ( Айлык акы, соц фондго төгүмдөр, тамак аш, коммуналдык  чыгымдарга, электр энергиясына көмүргө ) коюлуп андан кийин калган статьяларга нормативдин жана керектөөлөрдүн расчетторунун  негизинде коюлду.

Андан сырткары К.Султанов атындагы орто мектебинин айланасын тосууга жана ажаткана куруу үчүн проекти жазылып анан жалпы суммасы 2 930 393 сомду түздү. Ущул проектинин 15% дык салымы жергиликтүү бюджеттен койулуп жалпы суммасы 439 600 сомду түздү.  Ошондой эле Сопу-Коргон айылына бак отургузуүчүн проекти жазылып жалпы суммасы 1 464 061 сомду тузүп ал дагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралды. Сопу-Коргон айылындагы балдар бакчасынын чатырын алмаштыруу жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 400,0 сом бекитилди.

 

2016-жыл үчүн төмөндөгүдөй каражаттар белгиленди

Жылдар

Толуктоочу грант

өздүк киреше

Баары

1

2016-жылга бегиленгени

8405,2

5676,2

14081,4

2

2017-жылга бекитилген долбоор

7714,3

5802,2

13516,5

3

2018-жылга бекитилген долбоор

7776,8

6063,2

13840,0

 

Башкача айтканда былтыркы жылга салыштырмалуу толуктооочу грант 2015-жылга 6927,9 сом берилсе, 2016-жылга 8405,2 сом берилип 1477,3 сомго  көбөйтүлүп пайыздык өсүү 1,21%га гана кошумча берилген, ал эми өздүк киреше 2015-жылга 3165,2 сомго белгиленсе 2016-жылга 5676,2 сомго белгиленип 2511,0 сомго көбөйтүлгөн пайыздык өсүү 81,2%га кошумча план берилген.

Жогорудагы анализдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу өзү өзү каржылоого өтүүгө ( башкача айтканда өзүн өзү багууга) багыт алуу жүрүп жаткандыктан жергиликтүү кирешелерди көбөйтүү боюнча иш алып баруу күтүлүүдө.

Аларды 2016-жыл үчүн мекемелер боюнча койгондо төмөндөгүдөй болду  (табл № 1 )

Ал эми 2016-жылдан  калган калдык 979,9 сом бюджет боюнча  туруктуу комиссия менен мекемелердин берген расчетторунун негизинде төмөндөгүдөй болуп коюулду.( Расчеттору Таблица № 2)

Айыл Окмотунун болмунун мындан аркы милдеттери:

  1. Жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелерди көбөйтүү.
  2. Айыл өкмөтүнүн финансалык базасын чындоо, преспективалык ишке багыт алуу.
  3. Чыгымдардын максаттуу сарамжалдуу пайдалануу,  ошондой эле индикативдик пландын жана салык төлөмдөрүнүн пландарын өз убагында аткаруу.

 

Билдирууну даярдаган:-                                                                                                              Ж.Тажибаев

 



 

К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон  айылы                                          № 23/3             19-февраль 2016-жыл

К.Белекбаев атындагы Алай   айыл өкмөтүнүн2016- жылга  атайын каражаттар боюнча сметасынын бекитилиши  жөнүндө

 

К.Белекбаев атындагы Алай   айыл өкмөтүнүн   2016- жылга  атайын каражаттар боюнча сметасынын бекитилиши жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап,жогорудагы маселени ишке ашыруу максатында  К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отуруму

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

1   К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга атайын каражаттар боюнча сметасы, балдар бакчасынын башчыларынын жана депуттардын айткан сунуштары, пикирлери менен   киреше   630,0  сом жана чыгаша  630,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2  Жыл ичинде  планга өзгөртүүлөр жана бир статьядан бир   статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн сессиясында каралып керектөөгө жараша    аныкталсын

3.  К.Белекбаев атындагы Алай  айыл өкмөтүнүн 2016 -жылга  атайын каражаттар счетунун киреше жана чыгаша пункттары боюнча чыгымдалышына контролдук    кылуу айыл өкмөттүн   ФЭБ башчысы Ж.Тажибаевке тапшырылсын.

 

К. Белекбаев атындагы  Алай айылдык Кеңешинин  төрайымы                                             Ч Канкиева

 



 

К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон  айылы                                          № 23/4             19-февраль 2016-жыл

 

К.Белекбаев атындагы Алай   айыл өкмөтүнүн 2014-  жылдагы бюджетинин  аткарылышы 2016-жылга  бюджетинин  жана 2017-2018 -жылдардын бюджетинин  долбоорунун бекитилиши  жөнүндө.

 

Кыргыз республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-бөлүмүнүн,18-беренесинин 3-пунктуна ылайык,  К.Белекбаев атындагы Алай   айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин  аткарылышы, 2016-жылга бюджетинин  жана 2017-2018 жылдардын бюджетинин долбоорунун бекитүү максатында.

К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

1.      К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015- жылдагы бюджетинин кирешебөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү  эске алуу менен 16732,2 сомго жана  чыгаша бөлүгү 16732,2 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2.      К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата белгиленгенбюджетинин долбоорун, депуттардын айткан сунуштары, пикирлери мененкиреше  14081,4  сом жана чыгаша 14081,4 сом өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинен,теңдөөчү  грант 8405,2 миң сом, жергиликтүү  кирешелер5676,2  мин сомго белгиленсин.

3.      К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн белгиленген бюджетинин долбору2017-жылга карата  депуттардын айткан сунуштары, пикирлери менен кирешежана чыгаша бөлүгүнөтеңдөөчү грант 7714,3 миң сом,  жергиликтүү кирешелер5802,2 миң сом олчомундо белгиленсин    сом ал эми 2018-жылга киреше  жаначыгаша бөлүгүнө  теңдөөчү грант 7776,8 миң сом, жергиликтүү  кирешелер6063,2 миң сом өлчөмүндө  белгиленсин.

4.      Жергиликтүү түшкөн кирешелерден  сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкчатүшкөн бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүн каржылоосуна калаары аныкталсын.

5.      Жыл ичинде түшкөн кирешелердин пландан ашыкчасы жана бир статьядан бирстатьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн сессиясында каралып керектөөгө жараша аныкталсын.

6.      К.Белекбаев атындагы Алай  айыл өкмөтүнүн 2016- 2017-2018-жылдагыбюджетин киреше жана чыгаша пуңкттары боюнча чыгымдалышына контролдук кылуу менен ар бир статьянын жумшалышына камсыз кылуу айыл өкмөттүнФЭБ башчысы Ж.Тажибаевке тапшырылсын.

 

К. Белекбаев атындагы   Алай айылдык  Кеңешинин төрайымы :                                                                        Ч Канкиева

 




К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышын XXIII кезектеги отурумунун

 

ТОКТОМУ

Сопу-Коргонайылы                                  № 23/5                                  19-февраль 2016-ж

 

Алайрайондуксалыкбашкармалыгынын №28 10.02.2016-жылындагы КыргызРеспубликасынын 337 жана 339-беренесинде көрсөтүлгөн айылчарбажерлеринпайдалангандыгыүчүнжерсалыгынын, калктууконуштардынжерлеринжанаайылчарбабагытындаболбогонжерлердинпайдалангандыгыүчүнжерсалыгынынбазалыкставкасын 3 эсегекөбөйтүүмаксатында

 

К.БелекбаеватындагыАлайайылдыккеңешининVчакырылышынXXIIIкезектегиотуруму

 

Токтомкылат:

1. Алайрайондуксалыкбашкармалыгынын № 28 10.02.2016-жылындагы КыргызРеспубликасынын 337 жана 339-беренесинде көрсөтүлгөнайылчарбажерлеринпайдалангандыгыүчүнжерсалыгынын, калктууконуштардынжерлеринжанаайылчарбабагытындаболбогонжерлердинпайдалангандыгыүчүнжерсалыгынынбазалыкставкасын 3 эсегекөбөйтүүүчүнК.БелекбаеватындагыАлайайылөкмөтүнүнотурумундакаралсын.

2. Алайрайондуксалыкбашкармалыгынын № 28 10.02.2016-жылындагы КыргызРеспубликасынын 337 жана 339-беренесинде көрсөтүлгөнайылчарбажерлеринпайдалангандыгыүчүнжерсалыгынын, калктууконуштардынжерлеринжанаайылчарбабагытындаболбогонжерлердинпайдалангандыгыүчүнжерсалыгынынбазалыкставкасын 3 эсегекөбөйтүүүчүнК.БелекбаеватындагыАлайайылдыккеңешининчечимининнегизинде

Сугатайдоо - 0,5 эсе

Кайракайдоо - 2эсе

Чөпчабынды - 2 эсе

Жайыт  -   2 эсекөбөйгөндүгүбелгиленсин.

З.Бул токтомдун аткарылыщын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн салык инспектору  У.Токторбаевагамилдеттендирилсин.

 

К.Белекбаеватындагы  Алай Айылдык кеңешинин төрайымы:                           Ч.Канкиева

 



 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кенешинин V чакырьшынын XXIII  кезектеги  отурумунун

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон айылы                                   №23/6                                    19-февраль 2016-жыл

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн  26-январь  2004жылдагы №34-токтомун бекитүү  жөнүндөгү

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырьшынын XXIII  кезектеги  отурумун

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. «Кызгалдак-Көктөмү » балдар-бакчасына тиешелүү  3344,0 чарчы метр жер аянты  Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгы тарабынан,музыкалык мектепке таандык деп туура эмес катталып калган. Туура эмес катталган токтомго  оңдоо киргизүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү тарабынан чыгарылган  26-январь  2004-жылдагы №34- токтому бекитилсин .
  2. . Ушул токтомдун негизинде тиешелүү  расмий документтерди даярдап берүү  жагы Алай райондук кыймылсыз мүлктү  каттоо мекемесинен суралсын .
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык туракжай адиси Б.Машаевке, «Кызгалда-Көктөмү » балдар-бакчасьшысынын башчысы Ч.Абдраевагамилдеттиндирлсин.

К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык     Кеңешинин  төрайымы :-                                                                                  Ч.Канкиева

 

 



 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кенешинин V чакырьшынын XXIII  кезектеги  отурумунун

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон айылы                                   №23/7                                    19-февраль 2016-жыл

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы айылындагы  мечитке ат коюу жөнүндөгү жамааттын жана элдик жыйындын 23.01.2016-жылдагы №1 токтомун бекитүү жөнүндө.

 

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы айылындагы  мечитке ат коюу жөнүндөгү жамааттын жана элдик жыйындын  23.01.2016-жылдагы № 1 токтомдун  мазмунун толук окуп чыгып жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү 18-июль,2014-жылдагы № 144- мыйзамынын 1-7-беренелерине ылайык

К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү 18-июль,2014-жылдагы № 144- мыйзамынын 1-7-беренелерине ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы айылындагы  жамааттын жана   элдик жыйынынын  23.01.2016-жылдагы№ 1 токтому бекитилсин

2. Ушул токтомдун 1-пунктунун негизинде 23.01.2016-жылдан баштап Аскалы айынын  мечити «Сагынбаев Азимбек ажы» мечити деп аталсын жана иш кагаздары ушул токтомго ылайык даярдалсын.

3. Ушул токтомду областтык юстиция бөлүмүнөн каттоодон өткөрүүгө, иш кагаздарын даярдоо К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Абдрамановага жана Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катто бөлүмүнөн каттоодон өткөрүү жагы айыл кеңешинин депутаты К.Сагынбаевге тапшырылсын.

 

К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык    Кеңешинин  төрайымы :-                                                                                  Ч.Канкиева

 

 



 

 

К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон  айылы                                          № 23/8             19-февраль 2016-жыл

К.Белекбаев  атындагы  Алай айыл  өкмөтүнүн  жашоочуларынын арызын  канааттандыруу  максатында

К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  кеңешинин  V  чакырылышынын XXIII  кезектеги отуруму

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

1.К.Белекбаев атындагы  Алай   айыл өкмөтүнүн  жашоочуларынын  арызын  канаатандыруу  максатында  өздүк  кирешенин эсебинен  малдын  саны  көйбөйүп 1  ветеринардык  кызматкер  жетише  албай  жаткандыгына  байланыштуу,  Кыргыз  Республикасынын  №383, №384 28.06.2013-жылдагы  токтомуна  ылайык  шататтык түзүмүнүн  негизинде  1  штат  бекитилип берилсин .

2.К.Белекбаев атындагы  Алай айыл  өкмөтүнө  6  айлык  мөөнөт  менен  келишимдин  негизинде  Беделов  Алайбек  ветеринардык  адис  болуп жумушка  кабыл алынсын .

3.Айлык маянасы  жергиликтүү  бюджеттин эсебинен  төлөнүп  берилсин .

4.  Ушул  токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү  айыл өкмөтүнүн  башчысы  Н.Кайыровго  милдеттендирилсин .

 

К.Белекбаев атындагы  Алай айылдык  Кеңешинин  төрайымы :-                                                                          К.Канкиева

 

 




К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылынын ХХIII                             кезектеги отурумунун

 

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон  айылы                       23/9                    19-февраль 2016-жыл

К.Белекбаев  атындагы  Алай  өкмөтүнүн  жайыт  комитетинин  айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал -жандыктар үчүн жайыт акысын белгилөө жөнүндө

 

К.Белекбаев  атындагы  Алай  өкмөтүнүн  жайыт  комитетинин  айыл өкмөтүнүнаймагындагы мал- жандыктары үчүн жайыт акысын белгилөө  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы № 386-токтому менен бекитилген,жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө жобонун 3-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылынын ХХIII                             кезектеги отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы № 386-токтому менен бекитилген,жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө жобонун 3-бөлүмүнүн 1-пунктунун ылайык төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

2.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы   ар бир  бодо  малга  50  сом,  майда  жандыкка  10  сомдон  болсун, ал эми башка  айыл өкмөттүн аймагынан   келген  бодо  малга  150  сом  майда  жандыкка  30  белгиленсин.

2.Жайыт  комитетинин   бюджеттин  аткарылышын   жана  салыктардын  чогулушу  боюнча  айыл чарба жана  агрардык комиссиясы  көзөмөлдөсүн .

3.Жайыт акысын   чогултууга  жайыт комитетинин төрагасы С.Жупуев , жалпы  айыл   өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери   жана  айыл-айылдардагы  жергиликтүү кеңештин депутаттары  көмөк көрсөтүшсүн .

4.  Ушул   токтомдун  аткарылшын  көзөмөлдөө  жагын  өзүмө   калтырамын .

К.Белекбаев  атындагы  Алай айылдык   Кеңешинин төрайымы :-                                                                           Ч.Канкиева

 



К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин XXIII чакырылышынын  кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон айылы            №23/10                                19-февраль 2016-жыл

 

К.Белекбаев атындагы   Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы              КААБ    дын уставын бекитүү жөнүндө

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин XXIII чакырылышынын  кезектеги отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБ дын уставы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 27.10.2015-жылындагы  №747 токтомуна  ылайык түзүлгөн уставы бекитилсин .(тиркеме тиркелет)

2.КААБ дын башчысы К.Эшмаматов аксакалдар сотунун ишин ушул уставдыннегизинде алып барсын .

З.Токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө  аксакалдар сотунун катчысы М .Атабаевкежүктөлсүн .

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык  Кеңешинин терайымы :-                                                                            Ч.Канкиева

 



 

Тиркеме КР Ѳкмѳтγнγн  2015-жылдын 27-октябры № 747   токтому менен  бекитилген

Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы

1. Жалпы жоболор

1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КАБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын  тиешелүү аймактарында  укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.

2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борбору коомдук бирикмеси

- расмий тилде:“Общественное объединение “Общественно-профилактический центр” Алайский айылный окмоту имени К.Белекбаева

Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:

-         мамлекеттик тилде: “КАБ” КБ”.

- расмий тилде: “ОО “ОПЦ”.

3. КАБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.

4. КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.

5. КАБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат,  мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.

6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги:  723012 Сопу-Коргон айылы,Алай району,Ош облусу .

7. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органынын - Кеңешинин юридикалык дареги

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү,Сопу-Коргон айылы ,Алай району Ош облусу .

2.КАБдын максаттары  жана милдеттери

8. КАБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин  мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.

9. КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда  мыйзам бузууларга жол бербөө);

- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);

- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы  мамилесинин фактыларына жол бербөө);

- эрте алдын алуу  (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).

10. КАБдын милдеттери  өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды  жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;

- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;

- мыйзам бузуулардын  алдын алууга багытталган алдын алуучу    чараларды көрүү;

- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;

- укуктук билимдерди пропагандалоо;

- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;

- тиешелүү шаардын, айылдык аймактын жана тиешелүү шаардын, айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;

- мыйзам  бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого,  тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;

- мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча   сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;

-                өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу  (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.

11. КАБдын  иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам  бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан  алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.

3. КАБдын  укуктары жана милдеттери

12. КАБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- өзүнүн иши жөнүндө  маалыматтарды эркин жайылтууга;

- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КАБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;

- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө;

- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;

- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;

- зарыл болгон учурда  өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;

- тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;

- мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;

- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте  Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка  трансферттерди, анын ичинде  чет өлкөлүк уюмдардан жана  мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу  маселелери боюнча программалардын  ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.

13. КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана  ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;

- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө  отчет берүүгө;

- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары - ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;

- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча  КАБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;

- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;

- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;

- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КАБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;

- КАБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.

4. КАБдын мүчөлөрүнүн укуктары  жана милдеттери

14. КАБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.

15.Ошол шаарда, айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген,
18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери,  аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин,  кондоминиумдардын төрагалары  жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КАБдын мүчөлөрү боло алышат.

16. КАБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.

17. КАБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди  аткарышат.

18. КАБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

-     жалпы чогулуштарга катышууга;

-     КАБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;

-     КАБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча    сунуштарды киргизүүгө;

-     КАБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;

-     КАБ тарабынан  өткөрүлүүчү  иш-чараларга катышууга.

19. КАБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- КАБдын Уставын сактоого;

- КАБдын ишине катышууга;

- КАБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;

-    КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.

20. КАБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:

- жеке арызынын негизинде;

- КАБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын  мүчөлүгүнөн чыгаруу;

- КАБдын мүчөсү каза болгондо;

- КАБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;

- КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

21. КАБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

- ушул Уставдын талаптарын бузганда;

- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;

-  КАБдын  ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.

5. КАБдын  жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер

22. КАБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.

23. Жалпы чогулуш  эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дөн ашуун мүчөсү болгон учурда  - 25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.

24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:

- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

- КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;

- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);

- башкаруу органдарын түзүү тартиби;

- иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;

- башка юридикалык жактардын ишине  катышуу;

- кайра уюштуруу жана жоюу;

- башка маселелер.

25. КАБ жалпы чогулуштун жыйындарын  өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.

26. КАБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден  кем эмес жолу чогулат.

27. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КАБдын Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) саналат, ал КАБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.

28. Кеңештин курамы ЖӨБдүн аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.

29. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КАБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.

30. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

31. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр  кирет:

- төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;

- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;

- Кеңештин пландарын  жана иш-чараларын бекитүү;

- ЖӨБОнун жана КАБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;

- КАБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;

- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин  жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.

32. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.

33. КАБдын Кеңешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:

- КАБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;

- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;

- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;

- банктарда эсептерди ачуу жана КАБдын каражаттарын тескөө;

- КАБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.

34. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.

35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.

36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.

37. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда  Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.

38. Кеңештин жыйыны эгерде,  ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу  деп саналат.

39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы же болбосо  жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт .

40. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.

6.  КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү тартиби

41. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  КАБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.

42. КАБды кайра уюштуруу жана  жоюу, ошондой эле анын Уставына   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КАБдын мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.

43. КАБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.

44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып  КАБ өз ишин токтотту деп саналат.

7. Мыйзамдарды бузгандыгы  үчүн жоопкерчилик

45. Мыйзамдарды бузган учурда КАБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

8. Ревизиялык-контролдоочу органы

46. КАБдын финансылык жана чарбалык ишин КАБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.

47. КАБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.

48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.

49. КАБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

9. КАБдын финансылык, чарбалык иши  жана мүлкү 50. КАБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат:

- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;

- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;

- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;

- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.

51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же  булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КААБга өткөрүп  берүүгө укуктуу.

52. Мыйзам  бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.

53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин  жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КАБды материалдык  жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.

54. КАБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КАБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

 

 



 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин XXIII чакырылышынын  кезектеги  отурумунун

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон айылы                        №23/11     19-февраль 2016-жыл

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылөкмөтүнө караштуу Сопу-                           Коргон айылынын тургуну Койчиев Уланбектин арызын кароо жөнүндө

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылөкмөтүнүн жер адиси Б.Машаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап ,  Сопу-Коргон айылынын тургуну Койчиев Уланбектин арызын канааттандыруу максатында  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 1-пунктунун негизинде

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн тургун Койчиев Уланбекке Ош-Эркечтам жолунун оң жак тарабынан  айыл чарбасына жараксыз бош жаткан жерден көрктөндүрүү,  өздөштүрүү үчүн  0,25 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2. Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы  Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катто бөлүмүнөн, Алай райондук шаар куруу жана архитекетура башкармалыгынан суралсын.

3. Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу, көрсөтүү, мыйзам чегинде аткаруу жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Машаевге жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

К.Белекбаев атындагы  Алай айылдык Кеңешинин терайымы:                                       Ч.Канкиева

 

 



 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин XXIII чакырылышынын кезектеги  отурумунун

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон айылы                                   №23/12                        19-февраль            2016-жыл

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери  жана этностор аралык мамилелер боюнча  мамлекеттик агенттигинин 19.01.2016-эылдагы  № 01-32/28 сандуукатындакөрсөтүлгөнталаптар  боюнчамуниципалдыккызматкөрсөтүүлөрдүн  айылөкмөттөгүреестринбекитүү жөнүндө

 

КыргызРеспубликасынынӨкмөтүнөкараштууЖергиликтүүөзалдынчабашкарууиштерижанаэтностораралыкмамилелербоюнчамамлекеттикагенттигинин 19.01.2016-эылдагы № 01-32/28 сандуукатындакөрсөтүлгөнталаптарбоюнчамуниципалдыккызматкөрсөтүүлөрдүнайылөкмөттөгүреестринбекитүүмаксатында

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-январь 2015-жылдагы №6 токтомунда бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин түзүү боюнча көрсөтүлгөн долбоор жетекчиликке алынсын.(тиркеме тиркелет)

2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө КБФнүн жерлерин ижарага берүү боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер жана  коммуналдык турак жай адиси Б.Машаевге жүктөлсүн.

К.Белекбаев атындагы  Алай айылдык Кеңешинин терайымы:                                                                        Ч.Канкиева

 



 

 

2015-жылдын                                                                         14-январы                                                            № 6

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин  бекитүү     жөнүндө

Жеке жанаюридикалыкжактаргамуниципалдыккызматкөрсөтүүтутумуноптималдаштыруу, алардынсапатынжанажеткиликтүүлүгүн  жогорулатуумаксатында, “Мамлекеттикжанамуниципалдыккызматкөрсөтүүлөржөнүндө” КыргызРеспубликасынын Мыйзамына, “КыргызРеспубликасынынӨкмөтүжөнүндө” КыргызРеспубликасынын конституциялыкМыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайыкКыргызРеспубликасынынӨкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Тиркемегеылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (мындан ары – Муниципалдыккызматкөрсөтүүлөрдүнбазалыкреестри) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери жана этностор аралы кмамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргы Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин:

-  Муниципалдыккызматтардынбазалыкреестринекиргизилгенмуниципалдыккызматкөрсөтүүлөрдүнстандарттарынындолбоору;

- Муниципалдыккызматтардыкөрсөтүүнүнтиптүүадминистративдикрегламентининдолбоору.

3. Жергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарыушултоктомдун 1-пунктунда бекитилген Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  тарабынан   көрсөтүлүүчү   муниципалдык   кызматтардын   базалык    реестрин 2015-жылдын 1-июлунан тартыпжетекчиликке   алышсын.

4. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салу мамлекеттик агенттиги муниципалдык кызматкөрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги бекитилгенге чейин учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  тарабынан  акы  төлөп көрсөтүлүүчү кызматтардын  тарифтерин  макулдашсын.

5. УшултоктомдунаткарылышынконтролдооКыргызРеспубликасынынӨкмөтүнүнАппаратынынмамлекеттикбашкаруужанакадрдыкиштербөлүмүнөжүктөлсүн.

6. Ушултоктомрасмийжарыяланганкүндөн он күнөткөндөнкийинкүчүнөкирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасыны нжергиликтүү өзалдынча  башкаруу   органдарытарабынан    көрсөтүлүүчү   муниципалдык    кызматтардын

Базалык     реестри

 

Муниципалдык

кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Муниципал-дык кызмат көрсөтүүнү стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган

Кызматтарды көрсөтүүчү  муниципалдык мекемелер

Муниципал-дык кызматты көрсөтүүнүн шарттары

(акы төлөнүүчү/

акысыз)

1.            Административдик кызмат көрсөтүүлөр

1

Юридикалык жана жеке жактардын сунушу боюнча калктуу пункттагы географиялык объектилердин аталышы, аталышын өзгөртүү

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдары

Акысыз

2.    Муниципалдык менчик объектилерине укуктарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр

2

Турак жай  шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын эсебин алуу

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн аткаруучу органдары

Акысыз

3

Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды жеке менчикке берүү

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн аткаруучу органдары

Акысыз

4

Жеке жана юридикалык жактарга  муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн аткаруучуоргандары

Акысыз

5

Жарандарды жеке турак жай курулушу үчүн жер участогуна муктаж  катары кезекке коюу

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн аткаруучу органдары

Акысыз

6

Жеке турак жай курулушу үчүн жер участогун берүү

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн аткаруучу органдары

Акысыз

7

Жарандарга жанаша жайгашкан жер участогуна пайдалануу же менчик укугун берүү

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн аткаруучуоргандары

Акысыз

8

Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун  ижарага же менчикке берүү

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн аткаруучу органдары

Акысыз

9

Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган  турак жайга кирбеген жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин менчиктештирүү жолу менен менчикке берүү

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн аткаруучу органдары

Акысыз

10

Юридикалык жана жеке жактардын суроо-талабы боюнча муниципалдык менчикте турган  турак жайга кирбеген жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин  пайдаланууга же ижарага берүү

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн аткаруучуоргандары

Акы төлөнүүчү

11

Көрүстөндөрдөн сөөк коюу үчүн орун берүү

Этностор агенттиги

ЖӨБдүн аткаруучуоргандары

Акысыз

3.    Социалдык-маданий кызмат көрсөтүүлөр

12

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган китепканалар-дын фонддорунда турган басылмаларды жана документтерди убактылуу колдонууга берүү

ММТМ

ЖӨБдүн аткаруучу органдары

Акысыз

 

отурумунун

 

ТОКТОМУ

Сопу-Коргон  айылы                         № 22 /1  19.01.2016-жыл

 

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтүү жөнүндө.

Каралган маселени карап жана талкуулап К.Белекбаев  атындагы   Алай  айылдык  Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 19 - беренесинин 7 - пунктуна ылайык жана жалпы элдик жыйындын токтомун эске алып аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөндөгү атуулдун талапкерлиги  бекитилсин:

1. Маташов Назарбек

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

К.Белекбаев  атындагы  Алай  айылдык  Кеңешинин төрайымы:                                     Ч.Канкиева