Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Wed08152018

жаңыланды12:34:26 PM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel
Back Кабарлар

Кабарлар

Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын 1 чакырылышынын II заседаниеси

2013-жылдын 10-сентябрында Алай районунда Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын 1 чакырылышынын IIзаседаниеси болуп өттү.

Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын 1 чакырылышынын II  заседаниесине жалпы 218 депутаттын ичинен 196 депутат катышты.

Күн тартибинде Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча  Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маселе каралып,  Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Насирбекович Сарыбашов райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча  отчет берди.

 

Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын депутаттары берилген  маалыматты талкуулап эң жакшы деген баа беришип, жыйындын акырында аким Таалайбек Насирбекович Сарыбашовдун отчету жактырылсын деген токтом кабыл алып, бир добуштан колдошту.

31-август – Эгемендүүлүктүн 22 жылдык майрамы

Алай районунун борбору Гүлчө айылында  31-август – Эгемендүүлүктүн  22 жылдык майрамы «Алай» борбордукстадионунда белгиленип,  ага  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси  Камчыбек Салиев, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Айбек Исаев, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Сарыбашов жана башка коноктор катышты.

Майрамдык салтанатты Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Таиров ачып, каалоо тилегин билдирди. Райондун акими Таалайбек Сарыбашов кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, райондо болуп жаткан  өзгөрүүлөр, өнүгүүлөргө токтолду.

Мамлекеттин 22 жылдык майрамына карата боз үйлөр тигилип, райондун маданият кызматкерлери, мектеп окуучулары  театралдаштырылган оюн-зоок  тартуулашты. Спорттук оюндар боюнча финалдык беттешүүлөр болуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Андан сырткары кечинде майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү уланып, райондук борбордук стадиондо  кыргыз эстрада жылдыздарынын  катышуусунда  гала концерт болуп өтүп, райондун элине жагымдуу  маанай тартуулады.


20 жылдан бери суу тартыш болгон Жошолу, Жаңы-Турмуш аймагына суу жеткирилди

1-августа  Алай районунда райондук суу чарба башкармалыгынын демилгеси жана ЮСАИД эл аралык уюмунун каржылоосу менен Үч-Чат каналынын 19 чакырым аралыгы тазаланды.

Маалыматка ылайык, мындай иш-аракеттен улам 20 жылдан бери суу жеткирилбей келген Жошолу айылынын Жаңы-Турмуш аймагына чейин суу жеткирилди. Эми бул аймактагы элдердин 348 гектар аянтты камтыган эгиндери, өсүмдүктөрүнө суу жетикрилип, айрым жарандар курулуш иштерине да бул суудан пайдаланышууда.

Учурда «Айтөр» ЖЧКсы каналдын айланасындагы сел кете турган жерлерди бекемдөө иштерин аткарып жатат.

 

Иштин жүрүшүн менен Алай районунун акими Таалай Сарыбашов таанышып чыкты.

Алай районундагы чек арачыга арналып тургузулган эстелик калыбына келтирилди


16-июлда Ош облусунун Алай районунун Чыйырчык айылында чек арачыга эстеликтин кайра калыбына келтирилгенден кийинки ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.
Калыбына келтирилген эстеликтин ачылыш аземине Ош жана Жаалал-Абад облустары боюнча аймактык чек ара башкармалыгын өздүк курамы, Ош чек ара отрядынын аскер адамдары, ардагер-чек арачылар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жанан коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Чек арачыга эстелик айкелчи Хеидзе Давид Владимирович тарабынан түзүлгөн.
Калыбына келтирилген эстеликти ачууда өз сөзүндө, МЧКнын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев, чек арачылар дайыма кайраттуулукту, эрдикти жана баатырдыкты элестетип келерин белгиледи.
«Эстеликте чагылдырылган чек араны кайтаруучунун образы өсүп келе жаткан муун үчүн каармандыктын үлгүсү болушу керек», - деди ал.
Белгилей кетсек, сүрөтчүлөрдүн Союзунан жана Фонддун архивинен алынган документтерге ылайык, чек арачыга эстелик алгач 1972-жылы Катта-Талдык айылына орнотулуп, эки жылдан кийин 1974-жылы Ош облусунун Чыйырчык айылына көчүрүлгөн. Советтер союзу кезинде дал ушул эстелик орнотулган жерден чек ара зонасы башталган.

 


Алай районунун жетишкендиктери.

17-июнь күнү  Ош облусуна караштуу Алай районунун борбору Гүлчө шаарында «Өнүгүү жолу – аракет менен эмгекте» деген аталышта семинар уюштурулду. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.

Аталган семинар өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен уюштурулуп, ага облус аймагындагы бардык райондордун акимдери, шаар мэрлери жана айыл өкмөт башчылары катышышты.

«Өнүгүү жолу – аракет менен эмгекте» аттуу семинарды уюштуруунун башкы максаты – ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, райондук борборду кантип өнүктүрүү керектигин жана элге кандай шарттарды түзүү керектигин, Гүлчөдөгү бардык жетишкендиктерди башка райондордун борборлоруна, шаарларга жайылтуу болуп эсептелет», - дейт С.Жээнбеков.

С.Жээнбеков башында турган топ район борборундагы жетишкедиктер менен таанышууну алгач Гүлчө айылындагы Ак-Ниет балдар бакчасынан башташты. Андан соң райадминистрация имаратында, Алымбек Датка эс алуу багында, №67 кесиптик лицейинде, Гүлчө тазалык Алай стадионунда, Аймактык ооруканада, Жеңиш эс алуу багында Курманжан Датка аллеясында жана Курманжан Датка музейинде болушту. Алар аталган объекттердеги оңдоп-түзөө иштери, түнкү жарыктандыруу менен таанышып чыгышты. Мындан сырткары, башка район акимдери, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары жарандарга шарт түзүп берүү боюнча өз ара пикир алмашышты.

Көчмө семинар учурунда район акими Таалай Сарыбашов билдиргендей, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилеринин аракети менен район борборуна 350 даана таштанды салынуучу урна орнотулду. Ал эми гранттардын жана жеке демөөрчүлөрдүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен түнкү жарыктандыруу да колго алынып, учурда Гүлчө айылынын бардык аймагына түнкү чырактар орнотулган.

 

С.Жээнбеков жетекчилерди жетишкендиктер менен тааныштыруу, аны башка аймактарга жайылтуу боюнча семинар эми башка райондордо өткөрүлө тургандыгын билдирди.

 

 

1-Июнь балдардын Эл аралык коргоо күнү.

Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы борбордук аянтта көрнөк жарнак, желекчелер менен кооздолуп, майрамдык салтанат белгиленди.“Биз тынчтык үчүн” аттуу асфалтька сүрөт тартуу жана балдардын колу менен жасалган сувенирлер, тартылган сүрөттөрдүн кароо сынагы уюштурулду.Мектеп окуучулары, балдардын чыгармачылык борбору, бала бакчалардын тарбиялануучуларынын концерттик программалары майрамды өзгөчө шаңга бөлөдү. Жаш бөбөктөрдү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Т.Н.Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин депутаты У.Б.Примов, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Э.Таировдор куттукташты.У.Б.Примов тарабынан бөбөктөргө баалуу белектер, балмуздактар таратылды. Майрамдык кеченин экинчи бөлүгү балдар үчүн Гүлчө айылындагы маданият үйүндө улантылып, балдарга арналган акысыз мультфильм көрсөтүлдү.


 

Кыргыз Хостинг

Веб дизайн - сапаттуу жана арзан

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН

0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.