Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Fri11162018

жаңыланды10:35:41 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel
Back Кабарлар

Кабарлар

Гулчo айылында окуучулардын жана жаштардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен ата-энелердин чогулушу болду.

 

2012-жылдын 15-сентябрында болгон жыйынга Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондун ички иштер болумун кызматкерлери жана бардык мекеме жетекчилери, Гулчө айылындагы бардык мектеп окуучуларынын ата-энелери катышышты.Чогулушту райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Жеенбеков ачып томөнкүлөргө токтолду: Урматтуу ата-энелер! Коомчулук! өзуңүздөргө белгилуу өткөн окуу жылында мектеп окуучуларынын арасында укук бузууларды болтурбоо учун бир топ иштер аткарылды. Мисалы: 25-май, Валентин күнү, Жаны -жыл, 8-март,23-февраль жана башка даталуу кундөргө карата райондук билим берүү бөлүмү тарабынан буйруктар чыгарылып,мектептерге жеткирилди. Мектептердеги ата-энелер комитети, администрация тарбынан атайын иш-чаралар тузулуп, тынымсыз текшеруулөр болуп турду. Ар бир мектепте ИДН кабинеттери июштурулуп, кылмыштуулукту алдын-алуу боюнча иш пландар бекитилди. Ошондой эле ата-энелердин мектеп менен болгон байланышын кучөтүү керектигин баса белгилеп өттү.

«Кут-билим» газетасынын № 34 7-сентябрынын санында жарык керген «ээнбаштык менен кылмыштулук кирбесин» аттуу Кыргыз республикасьшын билим беруу,ички иштер министрлигинин жана ишке орноштуруу министрлигин биргелешкен иш чаралары жарык көргөн.Ошонун негизинде ap бир мектептерде иш-чаралар тузулуп, иш алып барууларын мектеп директорлоруна дайындады.

Андан соң создү Райондук ички иштер белумунун башчысынын орун басары К.Осмонов алып төмөндөгүлөрдү билдирди: Жыл ичинде 63 кылмыш иши катталып, анын ичинен 7 кылмыш иши мектеп окуучуларын арасында болгон. Кылмыштын көпчүлүгү уурулук болуп чыкты, өз убагында суралып,тиешелуу чараларды алышты.Ошондой эле 4 окуучу үй-булөлүк чыр-чатактын негизинде өзун-өзү асып алышкан. ИДН дин билдируусу боюнча 24 окуучу учетто катталган. Райондук мечитке 60 бала барышат. Аларды өз убагында ИДН дин балдары кезөмөлдөп башка диний агымдарга аралашпоосун тушун- дуруп турушат. ИДН кааналары мектептерде ачьшкан.

Кийинки сөздү райондун прокурору С.Сатыбалдиев алып жалпы чогулуштун катышуучуларын ата-энелерди, мекеме ишкана жетекчилерин ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы. Биздин балдарды көруп башка балдардын тартипке тушөөрүн белгиледи.

Мектептердеги кымбат баалуу соткаларды, кийимдерди кийүүгө тыюу

салуу керектигин айтты. Ошондой эле ата-эне менен мектептин байланышын чыңдап мектептерге тез-тез келип кабар алып туруусун өтунду.

Жыйынтык сөздү:  Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Н.Сарыбашев алып,кылмыштуулукту алдын-алуу боюнча бир топ омоктуу ойлорун айтып өттү. Ар бир окуучу 18.00 дон кийин уйдө болушу шарт. Саат 20.00ден кийинки мезгилде кечөдө жургөн балага , баланын ата-энесине жазана салынат.

Туулган кундөрду ресторан,кафелерде өткөрүүгө жол бербөөбүз керек ,өткөрсүн ата-энеси ,туугандары менен. Классташтарын топтоп алып туулган кун өткөрүүгө болбойт.Ошол топтолгон балдардын арасынан кылмыштуулук башталып жатпайбы.  Тарбиясы оор учетто турган балдарды ар бир директорлор өзунуздөр көзөмөлгө алыңыздар.

Ушул окуу жылынан баштап ар бир мекеме ишканага бирден мектеп щефке белүнүп берилди. Мектептин ар кандай маселелерин чечүүгө жакындан жардам беришет. Урматтуу ата-энелер! Бугунку жыйындын катышуучулары бугунку айтылып жаткан сөздөр эч кандай жерде калбайт. Аны аткарууга баарыбыз биргеликте иш алып баруубуз зарыл. Келечектин балдарын ар тараптан интеллектуалдуу болууга тарбиялоодо, кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей алдын алып иш жургузуубуз керек- деп сөзүн аяктады.

Жогорудагылардын негизинде чогулуш төмөнкү жыйынтыкка келди:

1. Райондун   жалпы билим беруучу мекемелеринин окуучуларынын жана жаштардын арасында укук бузуулардын алдын-алуу боюнча иш-чаралары тузулуп, бекитилсин;

2.Райондун ички иштер бөлуму, жаштар иштери боюнча, билим беруу, саламаттыкты сактоо бөлумдөрунун биргелешип иш алып баруусу уюштурулсун.

3.Мектептерде коомдук алдын алуу борборунун өкүлдөрүнөн, ата-энелерден, жогорку класстын ата-энелер комитетинин мучөлөрунөн турган алдын -алуу кенеши тузулсун.

4.0куучулардын сабактан сыткары мезгилдерде укук бузуулардын жоопкерчилиги ата-энелерге жуктөлсүн.Укук бузууга кириптер болгон балдардын ата-энелерине жазана салуу жагы ички иштер болумдөрүндө каралсын.

Ушул  иш чаранын  аткарылышы, көзөмөлдөө жагы райондук билим беруу жана ички иштер бөлүмүнө милдеттендирилди.

 

Эгемендүүлүк майрамы.

Алайда Эгемендүүлүк майрамы

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 21 жылдык мааракеси бүткүл Кыргыз эли менен биргеликте тоолуу Алай районунда да зор салтанат менен белгиленди.Ага карата Алай райондук администрациянын акими Таалай Сарыбашовдун башчылыгы менен райондун аймагындагы ар бир мекеме ишкана, айыл өкмөтү андагы жамааттар жана айыл тургундары кызуу даярдыктарды көрүштү жана Примов Улан, Эрмаматов Дамир, Жаанбаев Курстанбек, № 67 кесипчилик лицейи демөөрчүлүк көрсөтүштү.

Салтанатка Областтык мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары К.Тезекбаев мааракеге келип катышып, Алай элин куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо каалоо менен алайлыктардын өзгөчө эл экендигин белгилеп өттү.

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Сарыбашов өз сөзүндө Эгемендүүлүк жылдарында ачуу да, таттуу да күндөрдү баштан кечирдик, аталар баскан ыйык жолдон адашпай, асыл наркыбызды сактайлы, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштарды колдойлу деп чакырып жана өлкөбүздүн өнүгүп кетүүсүнө Алай эли да жигердүү эмгеги менен өз салымын кошооруна ишеним билдирип кетти.

Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүлүк жылына карата уюштурулган «Ыр кесе биздин достугубуз» аттуу кароо сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды жана алардын концерти болуп өттү.

Айыл өкмөттөрүндө өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын жана улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмө жарманкеси уюштурулуп, сыйлыктар берилди.

Райондук жаштар Кеңешинин демилгеси менен түзүлгөн жаштардын «Мобилдүү тазалык тобу» тазалыкты жана коопсуздукту камсыз кылышты.

Майрам алдында өткөрүлгөн улуттук жана спорт оюндары боюнча мелдеште финалдык таймаштын жеңүүчүлөрү сыйланышты.

Ага Хан коомдук фонду тарабынан райондогу жүргүзүлүп жаткан иштерин жарнамалоо максатында өткөрүлгөн жарманке –көргөзмө уюштурулду.

Майрам эртеден кечке улантылып, кечинде райондордон келген акимдер куттуктоо сөздөрүн айтышса, Кыргызстанга белгилүү эстрада жылдыздары Салима Балтаева, Алекс, Өсөр Козуев, Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев, Айпери Кулуева, Сонунбүбү Кадырова жана башка ырчылар Гүлчө айылындагы борбордук стадиондо алайлыктарга жана келген конокторго майрамдык маанай тартуулашты.

Райондогу иптарлык

Бир жылда бир келуучу орозо айы журөгубузду тазартып, адеп ахлабызды жакшыртып, жоопкерчилик сезими бизди ойготуп, жаман нерселерден жамандык кылуудан коргойт.

Мына ушул орозо кундөрундө, 13 август куну , 14 айыл өкмөттун тургундары, аксакалдарына, жаштарына райондун ардагерлери, мекеме жетекчилерине, Алай райондук администрациясы менен райондук кеңеш ооз ачырды. Ооз ачарга Ош областынын губернатору С.Жээнбеков жана орун басары Т.Зикиров катышышты.

Алай районунун акими селден жабыркаган үй-бүлөлөргө өз жанынан акчалай жардам берди

Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов Үч-Дөбө айыл округунун Ак-Босого айылынын тургундары Алимкан Диярова менен Айнура Жумабаевага өз жанынан 5 миң сомдон 10 миң сом акча каражатын тапшырды. Бул туурасында Алай райондук “Алай таңы” газетасынын башкы редактору Жибек Жороева билдирди.

Бул айымдардын жашаган турак үйлөрү селден улап бузулган.

“2008-жылдагы катуу жер титирөөдөн улам үйдөн жарака кеткен. Бирок анда үйдү капиталдык ремонттон өткөрүүгө Өкмөт тарабынан кайтарымсыз 10 миң сом гана бөлүнгөн. Ошондо кеткен жаракалар күн өткөн сайын чоңоюп, өмүргө коркунуч туулууда. Учурда сел кирген үйлөр сыз жыттанып жатат, жашоого мүмкүнчүлүк болбой калды”, - деп айтышты алар.

Райондун жетекчиси бул ишке көмөк көрсөтүүнү, үйлөрдүн ал-абалынан кабар алып, жыйынтык чыгарууну ӨКМдин райондогу бөлүмүнө тапшырды.

Мындай жылуу мамилеге, анан калса кыйынчылык тартып турганда район жетекчисинин күтүлбөгөн жардамы аларды өтө кубантты. Аталган эки үй-бүлө тең райондогу турмушу оор, жакыр үй-бүлөлөрдүн катарына кирет.

«Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин окутуу» аттуу райондук семинар болуп өтту

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнь күнү Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын демилгеси менен Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү» жана «Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин окутуу» аттуу райондук семинар болуп өтүп, ага райондук структурадагы мекеме-ишканалардын, айрыкча иш-кагаздарын расмий тилде жүргүзгөн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын иш-кагаздары менен иштеген 50 адистери катышты. Семинарды Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун директору А.Тилекманова алып барып, кыргыз тилин туура жазуу боюнча кеңири маалымат берип, айрым түшүнүксүз терминдер боюнча баяндама жасоо менен аттоолордун орусча-кыргызча сөздүгү, кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иш-кагаздарын жана каттары жүргүзүү боюнча колдонмолорду таркаткан. Ошондой эле учурда Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын табигый кырсыктарды тококелдигин башкаруу програмасынын алкагында 28-июндан 31-июлга чейин Алай районунун Сары-Могол, К.Белекбаев атындагы Алай, Будалык жана Жошолу айылдарында тренингдерди өткөрүү пландаштырылып, бүгүнкү күндө Аскалы айылында, Будалык айыл өкмөтүндө 2-3-4-5 июнь күндөрү аталган тренинг жогорку деңгээлде болуп өтүп, ага бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана айыл тургундары катышып, табигый кырсыктар учурунда сактануунун жолдору мене ыкмаларын толук өздөштүрүүгө жетишкен. 2012-жылдын 4-июль күнү Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчыс-аким Сарыбашов Таалайбек Насирбекович Алай районунун аймагында өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан 12 коммерциялык банктардын жана чакан кредиттик бирикмелердин жетекчилери менен жолугушу өткөрдү. Анда негизги маселе катары райондун элин жакырчылыктан чыгарууда биргелешип иштөө, кардарларды тейлөөнүн сапаты жана учурда берилип жаткан кредиттердин шарттар, алардын артыкчылыктары каралып, мыкты ийгликтерди жаратып жаткан банк тармактарына ыразычылыктар айтылды. Мындан сырткары аталган ишканалардын райондук коомдук иштерге а

ктивдүү катышуу сунуштары айтылып, жолугушуу эркин баарлашуу иретинде болуп, банк тармактарынын өкүлдөрү өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимге айтып, аталган сунуштардын үстүндө биргелешип иш алып бара турган болушту.

Алай канышасынын мааракесине даярдыктар күчөтүлөт

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев иш сапары менен тоолуу Алай районунда болгондо Алай канышасынын мааракесине даярдыктар күчөтүлө тургандыгын билдирди. Мында райондук аймактык ооруканага жүрүш жасады. Район борборундагы эски типтеги оорукананын бөлүмдөрү кайра жанылоого муктаж. Дарыгерлер оорукана комплексин куруп берүүнү сурашты. Оорукананын долбоору даяр. Өкмөттөн каржылык колдоо гана керек.Атамбаев Өкмөт тарабынанколдоо көрсөтѳрүн белгиледи.

Ошондой эле көпчүлүгүн аялдар түзгөн оорукана дарыгерлери жана санитарлары менен баарлашып, даңктуу Курманжан Даткадан өрнөк алууга чакырды.Датканын 200 жылдыгына карата Гүлчө айылындагы мындан 20 жыл мурда курулган Алай канышасынын тарых музейинин ичи-сырты кайра жаңыланууда. Ал үчүн 5 миллион сом ажыратылган. Оңдоп-түзөө иштери 40 пайызга бүткөрүлгөн. Музейдин айланасы жарыктандырылып, жашылдандырылып, эми жаңы көрүнүшкө ээ болорун белгиледи «Курманжан датка» тарых музейинин директору Базаргүл Абдразакова.

Кыргыз Хостинг

Веб дизайн - сапаттуу жана арзан

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН

0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.