Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Fri11162018

жаңыланды10:35:41 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel
Back Кабарлар

Кабарлар

Гүлчө айылында узундугу 15 метр жаңы жылдык балаты орнотулду. (фото)

Алай районунун борбору Гүлчө айылында быйылкы 2013-жаңы жылды тосуп алуу өзгөчө белгиленүүдө. Алай районунун акими Т. Сарыбашовдун демилгеси менен 27-декабрдан баштап Алай элинде чон майрамдык салтанаттар уюштурулууда.

Ошондой эле борбордук аянтка жылдагыдан айырмаланып узундугу 15 метр жаңы жылдык балаты орнотулду. Мындан сырткары жаны жылдык балаты түнкүсүн ар кандай жарык чыгаруучу кооздуктар менен кооздолуп, жергиликтүү жашоочулардын жаңы жылдык майрамдык маанайын көтөрүүдө.

« Акимдин балатысы» аттуу бал-маскарад болуп өттү(фото).

28-декабрь күнү саат 13:00дө Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сарыбашов Таалайбек Насирбековичтин жетекчилиги астында Гүлчө айылындагы «Ак-Бата» ресторанында жаңы жылга карата « Акимдин балатысы» майрамдык бал-маскарад болуп өттү. Балаты майрамына райондун 53 мектебинен эң жакшы жетишкендиктерге жетишкен 160 окуучу чакырылып, сый-тамак уюштурулуп, жаңы жылдык белекер тапшырылды. Андан соң чоң концерттик программа менен коштолуп, райондук «балдардын чыгармачылык борбору» тарабынан даярдалган театралдаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, мектеп окуучуларына жагымдуу маанай тартууланды. Мындай жаңы жылдык « Акимдин балатысы» аттуу бал-маскарад Алай районунда биринчи жолу уютурулуп жатат.

bal.jpg - 40.40 Kb

 

Интернаттагы жаны-жыл.

Бүгүн 27-декабрь күнү саат 14:00дө Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сарыбашов Таалайбек Насирбековичтин жеке демилгеси менен Гүлчө айылындагы Кадырмамат уулу Абдразак атындагы жатак мектеп-интернатында билим алып жатышкан социалдык жактан колдоого муктаж ата-энесинин камкордугунан ажырап калган тоголок, жарым жетим окуучулар жана калктын аялуу катмары болгон аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары үчүн жаңы жылдык балаты өткөрүлүп, салтанат Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сарыбашов Таалайбек Насирбековичтин окуучуларды куттуктоосу менен башталып, жаңы жылдык белек-бечкектер тапшырылып, андан соң чоң концерттик программа менен коштолуп, мектеп окуучуларынын өз күчү менен даярдалган оюн-зоок уюштурулуп, мектеп окуучуларына жагымдуу маанай тартууланды.

Министр К.Боронов Алай районуна курулган көпүрөнүн тасмасын кести (фото)

18-ноябрь күнү КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун катышуусунда Алай районунун Жошолу айылындагы Жошолу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы Жошолу дарыясынын ташкыны алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүү жана коргоочу дамбаны куруу иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча аймактык департаментинин авариялык калыбына келтирүү иш чараларынын 2012-жылдагы мерчемине киргизилип, ушул жылдын март айында башталып, ноябрь айында курулуп бүткөрүлдү.

Көпүрөнүн жалпы узундугу 12 метрди, туурасы 6 метр 30 см түзүп, 4 млн 378 миң сом акча каражаты сарпталды.

Ошондой эле көпүрөнү жана турак жайларды коргоочу жалпы суммасы 1 млн 800 миң сомду түзгөн 140 метр дамба курулуп, ишке берилди.

Аталган көпүрө Кең-Жылга айылындагы 65 үй-бүлөнүн, башкача айтканда, 184 адамды жана жалпы Жошолу айыл округунун айыл тургундарын 250 га чөп жайыт жери менен байланыштырат.

Көпүрөнүн ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн айыл тургундары буга чейин суу кирген мезгилдерде бир нече жолу аталган дарыядагы эски көпүрө менен кошо атчан жана жөө адамдарды сел агызып кеткен учурлар болгон.

Өз кезегинде сөз алган Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков ӨКМ үчүн өткөн жыл жана быйылкы жылдын жаз-жай мезгилдери оңойго турбаганын баса белгиледи. Ошого карабай Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ушул жылы Алай районунун бир эле Жошолу айылдык округуна атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын 2012 жылдагы мерчеминин негизинде аткарылган төмөндөгү жумуштарга токтолду:

Үч-Чат айылындагы Кызыл-Булак сел өтүүчү сайынын 328 метр аралыгы;

Гердегей айылындагы Талды-Булак сел өтүүчү сайынын 668 метр аралыгы;

Аюу-Тапан айылын коргоо үчүн Жошолу дарыясынын 888 метр аралыгы тазаланып,

Гердегей айылынын Гептеш участкасындагы ички чарбалык жолдун 616 метри калыбына келтирилип,

Аюу-Тапан айылындагы Жошолу дарыясына 133 метр,

Миязды каналын коргоо үчүн 183 метр коргоочу дамбанын телосу тургузулган.

Кызыл-Булак айылына ПРООН эл алалык уюму менен айыл өкмөтү биргеликте 160 метр коргоочу дамба курулган.

Жалпысынан ӨКМ тарабынан 2012-жылы Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнө 885 даана габиондук торчо, 307 литр күйүүчү май бөлүнүп берилген.

Мындан сырткары ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу аймактык департаментинин авариялык калыбына келтирүү иш-чараларынын 2012-жылдагы мерчеминин негизинде Миязды жылгасындагы сел өтүүчү сайдын нугун тазалоо жана Гүлчө-Жошолу унаа жолунун 14 км ачык сел өткөөлүн куруу иштери жүргүзүлүп, 1 млн 280 миң сомдук жумуш аткарылган.

Андыктан аталган министрликтин мындан аркы жумуштарына ийгиликтерди каалайбыз, республикабыздагы калкка жакындан колдоо көрсөтүп жаткан министрлик деп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин ачык эле айтканга татыктуу деп губернатор сөзүн жыйынтыктады.

DSC09152

DSC09155

DSC09158

DSC09160

DSC09166

 

 

 

 

 

 

Элдик жыйын Алай айыл окмотундо.

 

Алай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан  2012-жылды ийгиликтуу аяктоо боюнча иш чаранын негизинде райондогу айыл окмоттордо элдик жыйын откоруу башталды. 2012-жылдын 18-октябрында Алай айыл окмотундо Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Т. Сарыбашов иш сапарында болду. Сопу- Коргон, Аскалы айылдарында эл менен жолугушуп элдин суроо талабын укту.

Элдин жана социалдык обьектилердин кышка карата даярдыгы боюнча бала-бакча,мектептерге жалпы 180тонна комур тушконуно кубо болуп бир топ койгойлуу маселелерди жеринде чечип кайтты.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.Ш.Жээнбековдун Алай районуна болгон жумушчу сапары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.Ш.Жээнбековдун Алай районуна болгон жумушчу сапары Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Таш-Короо айылындагы Адишев орто мектебинин фундаментинин курулушуна  катышуу менен башталды. Адишев орто мектебинин курулушуна ийгилик каалады.

Гүлчө айылындагы №5 «Ак-Ниет» балдар бакчасынын имараты менен таанышуу жана ачылыш аземине келди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.Ш.Жээнбеков №5 «Ак-Ниет» балдар бакчасын  ачуу менен бирге бакчанын азыркы абалы менен толук таанышып чыкты. №5 «Ак-Ниет» балдар бакчасына кабыл алынган жаш өспүрүмдөрдү, өспүрүм балдардын  ата-энелерин жана балдар бакчасынын эмгек жамаатын куттуктап, жаш өспүрүмдөрдүн чакан концерттик программасын көрүүгө катышты. Ачылыш аземинде Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Сарыбашов Т.Н сөз сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду: Гүлчө айыл өкмөтүндөгү №5 балдар бакчасы 1986-жылы атайын типтүү балдар бакчасы болуп 160 балага ылайыкташтырылып курулган. Балдар бакчасы бардык шарттары менен учур талабына ылайык  иштеп турган. Бирок, союз урагандан кийин акча каражатынын тартыштыгынан №5 балдар бакчасы 1991-жылы толук жабылган. 2011-жылдын февраль айында Гүлчө айылында өткөн элдик жыйында 400дөн ашуун ата-энелерден арыз түшүп, аны аткарууда Гүлчө айыл өкмөтү тиешелүү документтерин  тактап Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан ушул имаратты бошотуп, балдар бакчасын калыбына келтирүү  демилгелери көтөрүлүп, ал демилге күн сайын күчөп отуруп, жыл аягында имаратты бошотуу ишке ашкан. Баары болуп №5 балдар бакчасын ачууга 3792,3 миң сом акча каражаты сарпталып азыркы сиздер коруп турган абалга келип отурат, бакчаны ачууда жалпы эмгек жамаатынын зор саламы бар экендигин баса белгилеп  бакчанын эмгек жамаатына ыраазылык кат тапшырды.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Гүлчө айылындагы Курманжан-Датка музейинин алдындагы аянтчага курулуп жаткан галереянын курулушу менен таанышып, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы  №18 балдар бакчасынын ачылыш аземине жана  Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү  Кара-Шоро айылындагы ФАПтын имаратынын ачылыш аземине катышып  жаш өспүрүмдөрдү жана Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн калкын куттуктап сөз сүйлөдү.

Ошондой эле райондун аймагындагы курулуп жаткан Савай каналынын баш кампасынын курулушу менен таанышып иш сапарын аяктады.

 

Кыргыз Хостинг

Веб дизайн - сапаттуу жана арзан

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН

0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.