Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Wed05232018

жаңыланды12:48:31 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel
Back Кабарлар

Кабарлар

8-март Аялдардын эл аралык майрамы уюштурулду (фото)

Алай районунун борбору Гүлчө айылында. 8-март Аялдардын эл аралык майрамы  уюштурулду.

Райондогу  баатыр энелер,   айылдык  кеңештин депутаттары жана  райондун 14 айыл өкмөтүнөн келген аялдар,  жалпы 400дөн ашуун аял катышты.

Кечени  Алай райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы-аким Таалайбек Сарыбашов ачып, алдыңкы ийгиликтерге жетишкен аялдарга ардак грамоталарды тапшырды.   Райондук  маданият үйүнүн     өздүк көркөм чыгармачыл тобу тарабынан энелерге майрамдык концерт тартууланды. Андан соң  «Ак-Бата» ресторанында сый тамак уюштурулду.

 

АЛАЙ ЭЛИНЕ КАЙРЫЛУУ!(фото)

2013-жылдын 13-февраль   күнү    «Райондун аймагында каада-салт, ырым-жырымдарды, тойлорду,юбилейлерди өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды  кыскартуу боюнча»  жыйын болду .

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн биринчи орун басары – Юсупов Байыш Юсупович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дин иштери боюнча кеңешчиси -Жапаров Токтосун Жапарович, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк регионалдык бөлүмүнүн башчысы -Узаков Курбаналы Узакович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн байкоочу кеңешинин төрагасы -Нурунбетов Балтагул Аттокурович, Ош областынын казысы-Гапуров Султаналы ажы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы –Зулпукарова Мархабо Исаковналар катышышты.Ошондой эле райондогу Айыл өкмөт башчылары,Жергиликтүү Кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы,Райондун имамы,Мекеме-ишканалардын жетекчилери,Айылдык кеңештин төрагалары,Айылдардагы мечиттердин имамдары,,Айыл Аксакалдары,Айыл башчылар,Айыл өкмөттөрдөгү аялдар кеңешинин төрайымдары,Айыл өкмөттөрдөгү жаштар кеңешинин төрагалары,Айыл өкмөттөрдөгү каада-салт боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү,Айыл өкмөттөрдөгү мектеп директорлору,Айыл өкмөттөрдөгү бала-бакчалардын башчылары,Айыл өкмөттөрдөгү ФАПтын жетекчилери,Айыл өкмөттөрдөгү маданият үйүнүн жетекчилери,Айыл өкмөттөрдөгү китепкана башчылары,Айыл өкмөттөрдөгү почта бөлүм башчылары, Жамаат башчылары катышып акырында кайрылуу кабыл алынды.

АЛАЙ ЭЛИНЕ КАЙРЫЛУУ!

2013-жыл Алай районунда «Ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү» жылы деп кабыл алынды. Ошондуктан биздин негизги максатыбыз районубуздун калкынын жашоо турмушундагы ашыкча чыгымдарды жоюуу менен жалпы элдин социалдык-экономикалык деңгээлин көтөрүү, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, жарандардын турмушунун экономикалык пайдубалын бекемдөө жана коомдук тартипти сактоо болуп эсептелет.

Ыксыз чыгымдарды кыскартуу, каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым, тойлорду, юбилейлерди белгилөөлөрдү тартипке келтирүү жалпы районубуздун калкынын, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана жарандардын социалдык абалына, улутуна, туткан динине карабастан бирдей жайылтылат.

I.Маркумду акыркы сапарга узатууда:

Ø Жылкы жана бодо мал союуга тыюу салынсын;

Ø Аза күтүп жаткан үйдө сый дасторкон салып конок күтүүгө бөгөт койулсун;

Ø Сөөк коюу жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди ичүүгө, мас абалында келүүгө тыюу салынсын;

Ø Аза күтүп жаткан үй бүлөө мүчөлөрү тарабынан жыртыш жыртуу, сандык ачуу сыяктуу ырым-жырымдарды жөнгө салынсын;

Ø Үчтүк, бейшембилик, кырктык деген маркумду эскерүү ырым-жырымдары маркумдун жакын туугандары менен гана өткөрүлсүн;

Ø Тажияда дасторкондон нан алуу, пакет көтөрүп кетүү токтотулсун;

Ø Маркумдун жылдыгын белгилөөдө себет, чай ичирүү үчүн союш алып келүүнү токтотууга чаралар көрүлсүн;

Ø Элдик каада-салтта маркумдун мүрзө жайын бекитүүдө цементтеп, бышкан кыш менен тосууга жана айкелин ,мраморго жана башка таштарга сүрөтү чегилген эстеликтерди коюу күнөө, ысыраптуу амал катары тыюу салынгандыктан, маркумдун мүрзөсүн жыгачтан жасалган тосмолор менен бекитүү жайылтылсын.

II.Тойлорду, юбилейлерди өткөрүүдө:

v Тойлорду жана юбилейлерди өткөрүүдө ашыкча шаан-шөөкөттөргө жол берилбесин;

v Үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүүдө кудалардын бири-биринин туугандарына сый кийимдерди берүүсүз, кыз-жигиттин ата-энелерине гана сый кийим берүү менен чектелсин;

v ЗАГСка чыгууда жеңил автомашиналардын саны азайтылып, ашыкча шаан-шөөкөтсүз өткөрүлсүн;

v Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык кыз ала качууга тыюу салынат.

III.Мектептерде жана мектеп окуучулары  арасында ашыкча чыгымдарды кыскартууда:

  • Мектептерде алиппе майрамы, акыркы коңгуроо ж.б. майрамдык салтанаттарда мугалимдерге белек-бечкектерди берүүгө тыюу салынсын;

Мектеп окуучулары арасында туулган күндөрдү ресторан-кафелерде өткөрүүгө тыюу салынсын

 

Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйыны болуп, төрагасы шайланды

9-февраль күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун борбору Гүлчө айылында райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы болуп өттү.

Маалыматка ылайык, кошмо жыйналышка 218 депутаттын ичинен 201и катышты. Анда жыйналыштын президиуму, катчылыгы, эсептөө комиссиясын жана төрагасын шайлоо болуп өттү.

Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы болуп Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы Жапаңов Шерикбай Жеңишбекович шайланды.

Айыл өкмөттөр шайланды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө № 3 токтомунун» негизинде 2013-жылдын 28-29- январында Алай районунун Сары-Могол жана Үч-Дөбө, К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөттөрүндө шайлоо болуп өттү.

Шайлоого Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Н. Сарыбашов жана Алай аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Калдыбаев катышышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сары-Могол айыл өкмөтүнө Курмушуев Аттокур Тойгонбаевич 7 добуш менен, Үч-Дөбө айыл өкмөтүнө Кутушева Ибарат Орозбаевна 17 добуш менен, К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө Кайыров Нурпазыл Малабаевич 13 добуш менен айыл өкмөт башчылары болуп шайланышты.

Алгачкы аппараттык жыйын болуп өттү.

2013-жылдын 15-январында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында алгачкы аппараттык жыйын болуп өттү. Аппараттык жыйынга райондогу мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты. Жыйында Кыргызстандагы энергетикалык кризиске байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча райондук электр тармактар ишканасы жана айыл өкмөттөрдө жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча,райондун айыл өкмөттөрүндө айыл чарба малдарын жана үй канаттууларынын санын аныктоо боюнча аткарылган иштер жана райондогу мекеме ишканаларда эмгек тартибинин сакталышы боюнча меселелелер каралып, Алай районунда «2013-жыл- Каада салт, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жана ашыкча чыгымдарды азайтуу жылы» деп жарыяланды

Жаны-жылдык салтанат.(фото)

2012-жылдын 29-31-декабрында чейин Алай районундагы жаңы жылга арналган майрамдык салтанатта айыл өкмөттөрүнүн айылдарынан келген, райондогу мекеме-ишканалардан келген өнөр ышкыбоздору өз өнөрлөрүн тартуулашып, райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган байгелүү орундары жеңип алышты.(фото)

Кыргыз Хостинг

Веб дизайн - сапаттуу жана арзан

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН

0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.