Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Wed08152018

жаңыланды12:34:26 PM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel
Back Кабарлар

Кабарлар

Экинчи Эл-аралык турнир Гүлчөдө болуп өттү.

Алай районунун Гүлчө айылында Ош шаардык кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевичтин  2-эл аралык  грек-рим күрөшү боюнча байгеси болуп өттү. Мелдешке Республиканын бардык областарынан  жалпы 13 категориядан  24-74 салмакка чейин 336 балбан катышты. Мелдештин  ачылышында Кыргыз Республикасынын кадеттер аралык грек-рим күрөшү боюнча чемпиону Ташполот уулу Нуржигитке    демөөрчү тарабынан  акчалай сыйлык жана муздаткыч тапшырылды ошондой эле Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Т.Н.Сарыбашов тарабынан 10000 сом берилди. Ташполот уулу Нуржигитке июль айында Монголияда өтүүчү Азия чемпионатында алдыңкы орун алуусун каалашты. Мелдештин жыйынтыгында ар бир салмактын жеңүүчүлөрү акчалай жана балуу сыйлыктар   муздаткычтар, телевизор, ж.б.  менен сыйланышты. Жалпы байге  фонду 300 миң сомду түздү.


Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 68 жылдыгы

Алай  районунун борбору Гулчө айылында  Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 68 жылдыгына арналган майрамдык салтанат  болуп өттү.

Майрамдык  салтанат алгач «Жеңиш» аянтында  башталып,   согуштун ардагерлери, райондук мамлекеттин администрация башчысы-аким Т.Н.Сарыбашов, райондук мекеме-жетекчилери,  райондук аскердик бөлүктүн жоокерлери, менен  гүлчамбар коюшту. Салтанатты  Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Таиров ачып, согуштун ардагерлерин куттуктады.   Район акими Таалайбек Сарыбашов өз  сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 68 жылдыгы менен куттуктап, ардагерлердин  эрдигине,  кайталангыс баатырдыгына терең таазим этеерин билдирди. Акырында  асманга ок атылып, согуштан кайтпай курман болгон жоокерлерге багышталып куран түшүрүлүп, эстеликке ардагерлер менен сүрөткө түшүштү.

Андан кийин  иш-чара борбордук стадиондо уланды. Алай району боюнча 22 согуш ардагерлери жана оруктун эмгекчилери майрамга катышышты. Райондо  биринчи жолу офицерлер, аскерлер жана  оор техникалардын кашышуусунда  парад болуп өттү. Парад мектептердин окуучулары тарабынан уюштурулган оюн-зоок менен улантылды.  Майрамдык  салтанаттан   соң согуштун ардагерлерине «Ак-Бата» ресторанында сый-тамак уюштурулуп, белектер, акчалай жардамдар берилди


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн спорттун волейбол түрү боюнча Кубогу өткөрүлдү.

2013-жылдын 4-майында Ош облусунун аймагында спорттун волейбол түрүн кеңири жайылтуу жана өркүндөтүү, мамлекеттик кызматкерлердин ортосундагы достукту чыңдоо, мамлекеттик  кызматкерлерди сергек жашоого үндөө, массалык дене-тарбиялык, ден соолук чындоочу иштерди өнүктүрүү, мелдеш системаларын жана программаларын  өркүндөтүү жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогу” мелдешин салтка айландыруу максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын буйругу чыгып,  Ош шаарында мелдеш болуп өттү.

Мелдештин жыйынтыгында Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын командасы 1-орун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн командасы 2-орун, Алай районунун мамлекеттик администрациясынын командасы 3-орунду ээлешип акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.


Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү.

7-апрель Бүткүл  дүйнөлүк ден-соолук күнүнө  карата Гүлчө айылында  үй-бүлөөлүк дарыгерлер борбору тарабынан  спорттук иш-чара өткөрүлүп, мектеп окуучулары, мекеме-жетекчилери жана кызматкерлер катышты. Иш-чараны райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Н.Сарыбашов ачып катышуучуларга ден-соолук, ийгилик каалап, ар дайым ушундай спортко үндөгөн иш-чараларды колдой тургандыгын белгиледи. Ден-соолук  ар бир адамдын аракетинен көз каранды  экендигигин айтып, сергек жашоого,  ден-соолукта болууга чакырды. Окуучулар, аялдар, эркектер арасында 500-1000 метрге чуркоо болду. Район акими Таалайбек Сарыбашов өзү да кошулуп  чуркады. Жыйынтыгында алдыңкы орунду ээлеген катышуучуларга акчалай сыйлыктар берилди.

Нооруз майрамы жогорку деңгеелде уюштурулду.

Алай районунун борбору Гүлчө айылында Нооруз майрамы жогорку деңгеелде уюштурулду. Гүлчө айылындагы борбордук стадиондо театрлаштырылган оюн-зоок, спорт оюндары, маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

Нооруз майрамынын   жүрүшүндө улуттук тамактардын жана кол-өнөрчүлүк  көргөзмөсү уюштурулуп, мыкты деп тандалган айыл өкмөттөр, мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов   көргөзмө менен таанышып чыгып, Алай элин Улуу Нооруз майрамы менен куттуктады.

Райондук маданият бөлүмүнүн жана  райондогу айыл өкмөттөрдүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик  программалары райондун калкына майрамдык маанай тартуулады.

 

 

Райондо көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча 2 айлык жарыяланды.

Райондун калктуу конуштарын   көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча 2 айлык жарыяланды.

Алай райондук   мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 20-мартындагы  № 56 буйругунун негизинде, Райондун аймагындагы калктуу конуштардын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында,  2013-жылдын 20-мартынан 20-майына чейин калктуу конуштардын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча 2 айлык жарыяланды.

 

Кыргыз Хостинг

Веб дизайн - сапаттуу жана арзан

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН

0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.