Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Wed05232018

жаңыланды12:48:31 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel
Back Кабарлар Кабарлар

Кабарлар

Алай районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

Алай районунда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Ош обласындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бөлүм башчысы Айбек Исаев, Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким Таалайбек Сарыбашов, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбековдор катышты.

 

Алар куттуктоо сөздөрүн айтышып, кесип ээлеринин мыктыларына облустук жана райондук Ардак гармоталарды тапшырды. Майрамдык салтанат чыгармачыл мугалимдердин концерттик программасы менен уланды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Алай районунда иш сапар менен болду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында 19-октябрь күнү Алай районунун эли  менен жолугушту.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Элмурат Обдунов («Республика»), Абдыманап Кутушев (КСДП), Айнуру Алтыбаева («Ар-Намыс»), Бахтияр Кадыров (КСДП), Акылбек Эшимов («Республика»), Нургазы Айдаров («Ата Журт»), Майрамкан Кадырбекова («Ата Журт»), саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурдин Абдылдаев, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору Жумаш Сооданбаев, КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары Эсен Жусуматов катышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда социалдык маселелерге, атап айтканда, калкты таза суу менен камсыз кылуу, медициналык жана билим берүү мекемелерин куруу, ички жолдорду оңдоо, жеке турак жай куруу үчүн жер участкаларын бөлүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, бийик тоолуу шартта жашоо коэффициенттерин төлөп берүү механизмдерин кайра карап чыгуу маселеси да козголду.

 

Мамлекеттик тил күнү

23-сеньтябрь -Мамлекеттик тил күнүнө карата  саат 10-00 Алай райондук борборлоштурулган китепканада  Парманас, Адышев орто мектептеринин 9-классынын окуучуларынын ортосунда таймаш болуп өттү. Тил тарыхын баяндап, тилдин баалуулугун, улуулугун даңкташты. Макал-лакаптар, көркөм окууларды окушуп, кыргыздын салттуу көрүнүштөрүнөн  көрсөтүп, манас айтышты.

Т.Отунчиев атындагы мектеп гимназиясында «Эне тилим- ыйыгым» аттуу салтанат кече өткөрүлдү. Салтанатка Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.Зикиров катышып куттуктоо сөз сүйлөдү.  Майрамдын жүрүшүндө Эне тилди- кыргыз тилин өнүктүрүүгө арналган чакырыктар илинип, дубал газеталар чыгарылды.

Япон мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси ТАКАЮКИ КОИКЭ Алай районуна келди

Бүгүн, 2013-жылдын  18-сентябрында   Алай районунун борбору Гүлчө айылында, Райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы-аким Таалайбек Насирбекович Сарыбашов, Япон  мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси ТАКАЮКИ КОИКЭ жана Япон мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы элчилигинин атташеси  ЭЦУКО  ТАНАКА менен  жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алай районунда Япон  мамлекетинин элчилиги  көрсөтүп жаткан колдоолору, мындан аркы кызматташуулар  маселелери талкууланды.

«Кыргыз Республикасынын  бийик тоолуу, чек арада  жайгашкан  Алай  районуна «Чөптүн тамырлары жана адам зат  коопсуздугу» долбоорунун алкагында    Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Таш,   Ы.Монуев атындагы орто мектептерин  жана Сары-Таш айылында жайгашкан  балдар бакчасын 57 миң 639 АКШ долларлык эмеректер менен камсыз кылганыңыздар,   Сиздердин Алай элине болгон зор  колдооңуздар деп түшүнобүз.  Районубуздун келечеги болгон жаштарыбызга татыктуу тарбия жана терең билим  алуусуна  сиздер тараптан көрсөтүлгөн колдоолор жаштарга өзүнчө  дем берип, билимге болгон умтулуусун арттырат деген ойдомун. Бул көрүлүп жаткан колдоолор  Кыргыз Республикасы менен Япония мамлекетинин ортосундагы достуктун өнүгүп жаткандыгынын   белгиси экендиги талашсыз. Кыргызстандын жаштары Сиздер тараптан көрүлүп жаткан камкордуктарга ыраазы болуу менен бирге  Япония мамлекетинен билим алууга кызыгышкан жаштарыбыздын саны күндөн күнгө өсүүдө. Алай райондук мамлекеттик администрациясы  мындан ары да Япон мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги менен тыгыз байланышта иш алып барат  жана өз ара  достуктун чыңалышына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракеттерди көрө бермекчи»,- Алай районунун акими.

 

Өз кезегинде Япон  мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси ТАКАЮКИ КОИКЭ Таалайбек  Сарыбашовго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да ар түрдүү долбоорлордун алкагында  кызматташууну өркүндөтүү керектигин белгиледи.

Алымбек Датканын эстелигинин пайдубалына капсула койулду

Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө, тарыхий инсан Алымбек датканын айкелинин пайдубалына капсула коюу аземине катышты. С.Жээнбеков Кыргызстандын тарыхында абдан чоң саясий орду бар, кыргыз элинин чыгаан уулу «Алымбек датканын» айкелинин келечек муундар үчүн тарбиялык мазмуну зор экендигин кошумчалап, Алымбек датканын арбагына багышталып куран окулуп, пайдубалына капсула коюлду.

Аталган айкел Алай районунун Гүлчө айылында курулуп, бийиктиги 4 метр 80 см.ди түзөт. Аталган айкелди тургузуу үчүн райондук администрациядан 1 млн сом бөлүнүп, жергиликтүү тургундар тарабынан 900 миң сом акча каражаты чогултулуп ушул жылы бүткөрүү пландаштырылууда.

Эгерде аталган айкел курулуп бүткөрүлсө, анда Алымбек датканын Кыргызстандагы эң бийик айкели болмокчу


Алайда 400 орундуу Кызыл-Алай орто мектеби пайдаланууга берилди

12-сентябрь күнү  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков Алай районунун Үч-Дөбө айыл өкмөтүндө 400 окуучуга ылайыкташтырылган «Кызыл-Алай» орто мектебинин ачылыш аземине катышты.

Мектептин салтанаттуу ачылыш аземине ЖК депутаттары Абдыманап Кутушев, Абдырахман Маматалиев, район акими Таалай Сарыбашов жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундарды жаңы окуу имараттуу болушу менен куттуктап, компьютер белек кылды.

«Акыркы учурларда бир эле Алай районунда эмес, Ош облусунун бүт аймактарында соцалдык обьектилер курулуп жаткандыгын маалымдап, эгерде элибизде биримдик жана тынчтык болсо биз мындан да жогорку жетишкендиктерге жетебиз», – дейт ал.

«Кызыл-Алай» орто мектебин куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 60 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.