Алай районунда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош обласындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бөлүм башчысы Айбек Исаев, Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким Таалайбек Сарыбашов, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбековдор катышты.
Алар куттуктоо сөздөрүн айтышып, кесип ээлеринин мыктыларына облустук жана райондук Ардак гармоталарды тапшырды. Майрамдык салтанат чыгармачыл мугалимдердин концерттик программасы менен уланды.