Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында 19-октябрь күнү Алай районунун эли менен жолугушту.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Элмурат Обдунов («Республика»), Абдыманап Кутушев (КСДП), Айнуру Алтыбаева («Ар-Намыс»), Бахтияр Кадыров (КСДП), Акылбек Эшимов («Республика»), Нургазы Айдаров («Ата Журт»), Майрамкан Кадырбекова («Ата Журт»), саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурдин Абдылдаев, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору Жумаш Сооданбаев, КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары Эсен Жусуматов катышты.
Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда социалдык маселелерге, атап айтканда, калкты таза суу менен камсыз кылуу, медициналык жана билим берүү мекемелерин куруу, ички жолдорду оңдоо, жеке турак жай куруу үчүн жер участкаларын бөлүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, бийик тоолуу шартта жашоо коэффициенттерин төлөп берүү механизмдерин кайра карап чыгуу маселеси да козголду.