Алай районунун борбору Гүлчө айылында 31-август – Эгемендүүлүктүн 22 жылдык майрамы «Алай» борбордукстадионунда белгиленип, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси Камчыбек Салиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Айбек Исаев, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Сарыбашов жана башка коноктор катышты.
Майрамдык салтанатты Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Таиров ачып, каалоо тилегин билдирди. Райондун акими Таалайбек Сарыбашов кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, райондо болуп жаткан өзгөрүүлөр, өнүгүүлөргө токтолду.
Мамлекеттин 22 жылдык майрамына карата боз үйлөр тигилип, райондун маданият кызматкерлери, мектеп окуучулары театралдаштырылган оюн-зоок тартуулашты. Спорттук оюндар боюнча финалдык беттешүүлөр болуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Андан сырткары кечинде майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү уланып, райондук борбордук стадиондо кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала концерт болуп өтүп, райондун элине жагымдуу маанай тартуулады.