1-августа Алай районунда райондук суу чарба башкармалыгынын демилгеси жана ЮСАИД эл аралык уюмунун каржылоосу менен Үч-Чат каналынын 19 чакырым аралыгы тазаланды.
Маалыматка ылайык, мындай иш-аракеттен улам 20 жылдан бери суу жеткирилбей келген Жошолу айылынын Жаңы-Турмуш аймагына чейин суу жеткирилди. Эми бул аймактагы элдердин 348 гектар аянтты камтыган эгиндери, өсүмдүктөрүнө суу жетикрилип, айрым жарандар курулуш иштерине да бул суудан пайдаланышууда.
Учурда «Айтөр» ЖЧКсы каналдын айланасындагы сел кете турган жерлерди бекемдөө иштерин аткарып жатат.
Иштин жүрүшүн менен Алай районунун акими Таалай Сарыбашов таанышып чыкты.