Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Wed05232018

жаңыланды12:48:31 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel
Back Кабарлар Алай районунун жетишкендиктери.

Алай районунун жетишкендиктери.

17-июнь күнү  Ош облусуна караштуу Алай районунун борбору Гүлчө шаарында «Өнүгүү жолу – аракет менен эмгекте» деген аталышта семинар уюштурулду. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.

Аталган семинар өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен уюштурулуп, ага облус аймагындагы бардык райондордун акимдери, шаар мэрлери жана айыл өкмөт башчылары катышышты.

«Өнүгүү жолу – аракет менен эмгекте» аттуу семинарды уюштуруунун башкы максаты – ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, райондук борборду кантип өнүктүрүү керектигин жана элге кандай шарттарды түзүү керектигин, Гүлчөдөгү бардык жетишкендиктерди башка райондордун борборлоруна, шаарларга жайылтуу болуп эсептелет», - дейт С.Жээнбеков.

С.Жээнбеков башында турган топ район борборундагы жетишкедиктер менен таанышууну алгач Гүлчө айылындагы Ак-Ниет балдар бакчасынан башташты. Андан соң райадминистрация имаратында, Алымбек Датка эс алуу багында, №67 кесиптик лицейинде, Гүлчө тазалык Алай стадионунда, Аймактык ооруканада, Жеңиш эс алуу багында Курманжан Датка аллеясында жана Курманжан Датка музейинде болушту. Алар аталган объекттердеги оңдоп-түзөө иштери, түнкү жарыктандыруу менен таанышып чыгышты. Мындан сырткары, башка район акимдери, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары жарандарга шарт түзүп берүү боюнча өз ара пикир алмашышты.

Көчмө семинар учурунда район акими Таалай Сарыбашов билдиргендей, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилеринин аракети менен район борборуна 350 даана таштанды салынуучу урна орнотулду. Ал эми гранттардын жана жеке демөөрчүлөрдүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен түнкү жарыктандыруу да колго алынып, учурда Гүлчө айылынын бардык аймагына түнкү чырактар орнотулган.

 

С.Жээнбеков жетекчилерди жетишкендиктер менен тааныштыруу, аны башка аймактарга жайылтуу боюнча семинар эми башка райондордо өткөрүлө тургандыгын билдирди.

 

 

Кыргыз Хостинг

Веб дизайн - сапаттуу жана арзан

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН

0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.