Алай Районунун Расмий Интернет Баракчасы

fullbanner ads slot

Mon06252018

жаңыланды12:48:31 AM GMT

Profile

Layout

Direction

Menu Style

Cpanel
Back Кабарлар Гулчo айылында окуучулардын жана жаштардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен ата-энелердин чогулушу болду.

Гулчo айылында окуучулардын жана жаштардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен ата-энелердин чогулушу болду.

 

2012-жылдын 15-сентябрында болгон жыйынга Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондун ички иштер болумун кызматкерлери жана бардык мекеме жетекчилери, Гулчө айылындагы бардык мектеп окуучуларынын ата-энелери катышышты.Чогулушту райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Жеенбеков ачып томөнкүлөргө токтолду: Урматтуу ата-энелер! Коомчулук! өзуңүздөргө белгилуу өткөн окуу жылында мектеп окуучуларынын арасында укук бузууларды болтурбоо учун бир топ иштер аткарылды. Мисалы: 25-май, Валентин күнү, Жаны -жыл, 8-март,23-февраль жана башка даталуу кундөргө карата райондук билим берүү бөлүмү тарабынан буйруктар чыгарылып,мектептерге жеткирилди. Мектептердеги ата-энелер комитети, администрация тарбынан атайын иш-чаралар тузулуп, тынымсыз текшеруулөр болуп турду. Ар бир мектепте ИДН кабинеттери июштурулуп, кылмыштуулукту алдын-алуу боюнча иш пландар бекитилди. Ошондой эле ата-энелердин мектеп менен болгон байланышын кучөтүү керектигин баса белгилеп өттү.

«Кут-билим» газетасынын № 34 7-сентябрынын санында жарык керген «ээнбаштык менен кылмыштулук кирбесин» аттуу Кыргыз республикасьшын билим беруу,ички иштер министрлигинин жана ишке орноштуруу министрлигин биргелешкен иш чаралары жарык көргөн.Ошонун негизинде ap бир мектептерде иш-чаралар тузулуп, иш алып барууларын мектеп директорлоруна дайындады.

Андан соң создү Райондук ички иштер белумунун башчысынын орун басары К.Осмонов алып төмөндөгүлөрдү билдирди: Жыл ичинде 63 кылмыш иши катталып, анын ичинен 7 кылмыш иши мектеп окуучуларын арасында болгон. Кылмыштын көпчүлүгү уурулук болуп чыкты, өз убагында суралып,тиешелуу чараларды алышты.Ошондой эле 4 окуучу үй-булөлүк чыр-чатактын негизинде өзун-өзү асып алышкан. ИДН дин билдируусу боюнча 24 окуучу учетто катталган. Райондук мечитке 60 бала барышат. Аларды өз убагында ИДН дин балдары кезөмөлдөп башка диний агымдарга аралашпоосун тушун- дуруп турушат. ИДН кааналары мектептерде ачьшкан.

Кийинки сөздү райондун прокурору С.Сатыбалдиев алып жалпы чогулуштун катышуучуларын ата-энелерди, мекеме ишкана жетекчилерин ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы. Биздин балдарды көруп башка балдардын тартипке тушөөрүн белгиледи.

Мектептердеги кымбат баалуу соткаларды, кийимдерди кийүүгө тыюу

салуу керектигин айтты. Ошондой эле ата-эне менен мектептин байланышын чыңдап мектептерге тез-тез келип кабар алып туруусун өтунду.

Жыйынтык сөздү:  Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Н.Сарыбашев алып,кылмыштуулукту алдын-алуу боюнча бир топ омоктуу ойлорун айтып өттү. Ар бир окуучу 18.00 дон кийин уйдө болушу шарт. Саат 20.00ден кийинки мезгилде кечөдө жургөн балага , баланын ата-энесине жазана салынат.

Туулган кундөрду ресторан,кафелерде өткөрүүгө жол бербөөбүз керек ,өткөрсүн ата-энеси ,туугандары менен. Классташтарын топтоп алып туулган кун өткөрүүгө болбойт.Ошол топтолгон балдардын арасынан кылмыштуулук башталып жатпайбы.  Тарбиясы оор учетто турган балдарды ар бир директорлор өзунуздөр көзөмөлгө алыңыздар.

Ушул окуу жылынан баштап ар бир мекеме ишканага бирден мектеп щефке белүнүп берилди. Мектептин ар кандай маселелерин чечүүгө жакындан жардам беришет. Урматтуу ата-энелер! Бугунку жыйындын катышуучулары бугунку айтылып жаткан сөздөр эч кандай жерде калбайт. Аны аткарууга баарыбыз биргеликте иш алып баруубуз зарыл. Келечектин балдарын ар тараптан интеллектуалдуу болууга тарбиялоодо, кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей алдын алып иш жургузуубуз керек- деп сөзүн аяктады.

Жогорудагылардын негизинде чогулуш төмөнкү жыйынтыкка келди:

1. Райондун   жалпы билим беруучу мекемелеринин окуучуларынын жана жаштардын арасында укук бузуулардын алдын-алуу боюнча иш-чаралары тузулуп, бекитилсин;

2.Райондун ички иштер бөлуму, жаштар иштери боюнча, билим беруу, саламаттыкты сактоо бөлумдөрунун биргелешип иш алып баруусу уюштурулсун.

3.Мектептерде коомдук алдын алуу борборунун өкүлдөрүнөн, ата-энелерден, жогорку класстын ата-энелер комитетинин мучөлөрунөн турган алдын -алуу кенеши тузулсун.

4.0куучулардын сабактан сыткары мезгилдерде укук бузуулардын жоопкерчилиги ата-энелерге жуктөлсүн.Укук бузууга кириптер болгон балдардын ата-энелерине жазана салуу жагы ички иштер болумдөрүндө каралсын.

Ушул  иш чаранын  аткарылышы, көзөмөлдөө жагы райондук билим беруу жана ички иштер бөлүмүнө милдеттендирилди.

 

Кыргыз Хостинг

Веб дизайн - сапаттуу жана арзан

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН

0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.

Реклама?

РЕКЛАМА ҮЧҮН
0773-030012, 0551-030012
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ.